whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЧикагодо Кыргызстандын желеги көтөрүлдү

Чикагодо Кыргызстандын желеги көтөрүлдү

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Чикаго шаарында биринчи жолу Башкы консулдук тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Иш-чара жергиликтүү бийлик органдары менен болгон келишимдин алкагында уюштурулган.

Салтанатка АКШнын мамлекеттик органдарынын, дипломатиялык корпусунун, кыргыз диаспорасынын жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү катышып, башкы консул Болотбек Борбиев бул тарыхый окуянын кыргыз эли үчүн маанисине токтолуп, биримдиктин, каада-салттын, маданий мурастын маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин Тышкы миссиялар кеңсесинин аймактык директору Линдси Фэйр жана Кук округунун казыначысы Мария Паппас кыргыз диаспорасынын Чикагонун маданий көп түрдүүлүгүнө кошкон зор салымын белгилешип, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого үмүтүн билдиришти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар