Өткөн жума күнү борбордук аянтта “AgroTechExpo-2024” көргөзмөсүнүн алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жаңы атайын техникалар тапшырылды. Атайын техникалар министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнө жиберилет.
Бул аталган министрликке мамлекет тарабынан берилип жаткан атайын техникалардын алгачкысы эмес.
Акыркы 3 жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да 100дөн ашуун инженердик атайын техникалар менен камсыз болуп, сел жана суу ташкындарынан коргоо жумуштарын тез жана сапаттуу бүткөрүлүүсүнө шарт түзүлдү.
Буга чейин тармактык министрликтер атайын техникалардын жетишсиздигин, эскилигин, дегеле жоктугун айтып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана капиталдык курулуштарды, ирригациялык каналдарды курууга колу кыскалык кылып келсе, атайын техникалардын келиши менен колу узарды. Эми министрликтерде нааразы болууга эч кандай негиз жок. Болгону билекти түрүнүп иштеп, калк кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарыш керек.
Дагы бир жаңылык, мурда суу ташкындарын алдын алуу үчүн дарыялардын жээктерин тосмологон габион торчолору кол менен токулуп же сырттан сатылып келинсе, өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар миниистрлигинин алдында габион зымдарын автоматтык түрдө өндүргөн чакан цехтер Ош шаарында жана Чүй облусунун Беловодск айылында ачылган. Мунун өзү сел жана суу ташкындары жүрүшү мүмкүн болгон дарыя жээктерин, арыктарды бекемдөө иштерин тез жана сапаттуу бүткөрүүгө өбөлгө түзгөн. Натыйжада, алдын ала аткарылган иштерден улам республика боюнча 10 264 турак жай, 4317 гектар айдоо аянты, 42 социалдык мекеме, 21 көпүрө, 10831 метр ички чарбалык жол, 5 ЛЭП, 1 таза суу кампасы, 1 базар сел каптоо коркунучунан коргоого алынганы белгилүү болду.
Өкмөт бардык министрликтерге бирдей көңүл бөлүп, бирдей камкордуктарды көрүп, бирин да көңүл сыртында калтырган жок.
Ушул күндөрү Россияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп жаткан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2025-жылга карата 9 млрд. 100 млн. сом каралган. Азыр бюджет долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатат. Айтымда, мындан тышкары да кошумча 1 млрд. 600 млн. сомдон 2 млрд. 600 млн. сомго чейин каражат бөлүү да каралат.
Эске салсак, 2021-жылы аталган министрликтин бюджети болгону 3 млрд. 380 млн. сом гана болгон. Быйылкы бюджети 6 млрд. 312 млн. сомду түзүп, мындан тышкары өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн атайы техникаларды сатып алууга 5 млн. кошумча каражат бөлүнүп, жалпысынан быйылкы бюджет 7,5 млрд. сомду түзгөн.
Коомчулук байкап жатса керек, кийинки жылдарда бөлүнгөн каражаттардын бир бөлүгү Маданият министрлигине караштуу театралдык-оюн зоок мекемелери үчүн атайын үн күчөткүч техникаларды жана музыкалык аспаптарды сатып алууга жана бул маданият жайларын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жумшалып жатат. Көрсө, акыркы 30 жыл эмес, соңку жарым кылымда музыкалык аспаптарыбыз жаңыланбай, эскилерин эле колдонуп келген экенбиз. Ал эми үн күчөткүч аппараттар заманбап техникалар менен жаңыланбай, эски бойдон кала бериптир.
Же бир кезде шаардын көркүнө көрк кошкон маданий жайлардын имаратын алалы. Борбор калаанын тургундары жана меймандары Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры акыркы жылдарда кандай абалга келип калганын жакшы билишет. “Эшигин көрүп төрүнө өт” болуп, таптакыр көөнөрүп, шыбактары кетип, кунары качып калган. Быйыл мында капиталдык ремонт иштери жүрүп, кадыресе театр кебетесине келип келатат.
Маданияттагы дагы бир жаңылык – Мураталы Күрөңкеев атындагы улуттук музыкалык окуу жайынын эски имараты бузулуп, анын ордуна ушул эле формат, ушул эле форма, стандарттагы заманбап музыкалык окуу жай курулганы жатат. Маданият министрлигинин маалыматына таянсак, бузулуп кайра салынуучу маданият жайларынын тизмесинде бир топ авариялык абалдагы имараттар бар. Алардын дээрлик баары өз учурунда жер пайы жок курулуп калгандыктан, азыркы учурда ным тартып, коюлган кыштары, шыбактары ыбырап, канча ремонт кылган менен кайра эле ремонт талап кылып, кедери кетип жаткандыктан, аларды бузуп, ордуна кайра эле ошондой форматтагы имарат салган арзаныраак да, сапаттуурак да болору айтпасак да түшүнүктүү чыгаар.
Жаңыланган жайлар көзгө жагымдуу көрүнүп, элди өзүнө тартат эмеспи. Мурда музейлерге киши кирбей, аңгырап, анда-санда бир киши келсе, кийинки мезгилде музейлерибизге келген көрүүчүлөр көбөйдү. 2024-жылдын 9 айында 500 киши музейлерге келип-кетишкен. Бул убактын ичинде музей фонддору 1458 экспонат менен толукталып, 153 экспонат реставрацияланып, 79 көргөзмө уюштурулган.
Жыйынтыктап айтканда, кийинки жылдары өлкөбүз өнүгүү жолуна түшкөнү анык. Ал коомдук турмуштун бардык чөйрөсүнөн, анын ичинде жогоруда айтып өткөндөй айыл чарбасынан да, маданият тармагынан да көрүнөт. Не дейбиз, ийгиликтерибиз кут болсун.
Болотбек Таштаналиев, «Кыргыз Туусу»