Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухамед БОКОШОВ менен маек.
Санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү, калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана аймактын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан аткарылып жаткан иштерди окурмандарга сунуштайбыз.
Мундуз айылындагы “Үмүт” социалдык шаарчасында 2500,0 миң сомго тигүү цехи ачылып, 30 жумуш оруну түзүлдү. “Ассанабилл” коомдук кайрымдуулук фонду менен үч тараптуу келишимдин негизинде (долбоор № 11318, 10486, 10327 01.12.2024-ж. Жалал-Абад областы, Сузак району, Кызыл-Туу айыл өкмөтү) 26 колдоого муктаж кожолук үчүн Ак-Баш айылынын А.Кыдыралиев көчөсүндө 13 корпустан турган турак үйлөр, 120 орундуу мектеп, ФАП, мечит, даараткана жана балдар бакчасы курулуп, 3-майда “Бахрейн-2” социалдык шаарчасынын ачылышы болду. Ошондой эле Талаа-Булак айылында 3650,0 миң сомдук 50 орундуу балдар бакчасы курулуп, ишке берилди. Жалпысынан 9 ай ичинде 152500,0 миң сомдук сырткы инвестиция тартылды.
Көк-Арт дарыясынын жээгиндеги шагыл карьеринде иштеп жаткан 5 ишканага көзөмөл жүргүзүлүп, суунун көлөмү көбөйгөн учурларда жетекчилерине эскертүү берилип турат. Көк-Арт дарыясынын Кызыл-Сеңир айылынын жогору жагына таштанды таштоо фактысы катталып, коңшу айылдын 2 жаранына май айында айып пул салынды.
Аймактык-административдик реформанын негизинде Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө иштеген жалпы 42 жарандан 17 жаран 1-апрелден тартып кайрадан жумушка дайындалышты, анын ичинен 5 кенже тейлөө кызматкер, 1 орун басар-жооптуу катчы, 1 бөлүм башчы, 4 башкы адис, 3 жетектөөчү адис жана 3 адис. 24 жаран жумуштарынан бошотулуп кыскарды. Жергиликтүү бюджеттин потенциалын жогорулатуу багытында мобилдик байланыштардын антенналарын коюуда, мамлекеттин менчигиндеги жерлердин ижарасынан жана муниципалдык техникалардын кошумча ижара акылары түшүп турат.
Айыл аймагында “Мүрөк-Суу” СПА сууга болгон төлөмдөрү өткөн жыл үчүн Сузак райондук суу чарба башкармасынын жана башка тийиштүү мекемелерден карыздар толук 100% жабылып, учурда “Кызыл-Туу кызмат” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилди.
Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү, айыл чарба продукциясы, чийки зат жана азык-түлүк рыногун жөнгө салуу, агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын жогорулатуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи катары агрардык сектордун тармактарына дем берүү максатында Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондудагы жалпы 92,0 га айыл чарбасынын кайракы жери 4 фермердик чарбага иштетүүгө берилди.
Кызыл-Туу айыл өкмөтү боюнча бүгүнкү күндө 584 га буудай, 375 га арпа, 614 га жүгөрү, 131,34 га шалы, ошондой эле жашылчалар 10,62 га, эспарцет 21,4 га, көп жылдык беде 278,5 га, пахта 32 га эгилген. Ошону менен бирге 1,69 га жерде күнөсканалар иштетилет. Ушул убакытка чейин күнөсканалардан 25 т бадыраң, 10 т помидор, 8 т болгар калемпири өндүрүлдү.
Айыл өкмөтүнүн аймагында жаш өспүрүмдөр арасында суициддин учуру катталган жок. Ар бир айылда жергиликтүү тургундар менен чогулуш өткөрүлүп, аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, айылдык комитеттер жана айыл башчылары ата-энелерге, жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чогулуштарды өткөрүп турушат.
«Санарип аймак» электрондук базага жарандарды, кожолуктарды каттоо үзгүлтүксүз жүрүүдө. Азыркы күндө катталгандардын саны 28770 же 90,5% пайызды түзөт.
“E-kyzmat” боюнча атайын иш кагаздарын жүргүзүүчү адис иш алып барат. Жаңы ваканттык орундар, кадрлар боюнча иштер жаңыланып, киргизилип турат. «InfoDocs» тутумунда иштөө бардык кызматкерлерге функционалдык милдет катары жүктөлгөн. Жарандардан келген арыз, кайрылуулар да тутум аркылуу катталат. Каттарды өз мөөнөтүндө аткарбай жаткан кызматкерлерге тартиптик чара колдонуп, эскертүүлөр берилет.
КР Министрлер Кабинетинин 31.05. 2022-жылдагы №291 токтому менен бекитилген жобого ылайык, турак жайларды мыйзамдаштырууда азыркы күндө 59 жарандын турак жайга документтери бүткөрүлдү. Мыйзамдаштыруу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.
Айыл өкмөтүнүн аймагында жеке ишкерлер тарабынан соода-дүкөндөрү ачылып, 15 жумуш оруну түзүлдү. Айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу үчүн дыйкандар, фермерлер, демөөрчүлөр менен биргеликте окуулар өтүлүп тажрыйба алмашуулар болду. Натыйжада дыйкандар мол түшүм алууга жетишти. Өндүрүлгөн продуктыларды кайра иштетүү үчүн долбоорлор даярдалып, демөөрчүлөргө сунушталууда.
Россия Федерациясынан алынган үрөндөрдү дыйкандарга жеткирүү, уюштуруу максатында айыл башчылары аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Айыл өкмөтүнүн аймагында бүгүнкү күнгө чейин эпизотиялык абал туруктуу сакталууда.
Ошондой эле туруктуу сакталышына ветеринардык адистер тарабынан такай көзөмөл жүргүзүлүп турат. Кутурма, сибирь жарасы, бруцеллез илдеттерине эмдөө план боюнча аткарылды.
Мүмкүн болуучу табигый жана техногендик мүнөздөгү кырдаалдардан коргоо боюнча жарандык коргонуу боюнча иш алып барган адистер иш-чараларды өткөрүп, атайын окутууларды мектептерде уюштурушат.
Калктын энергияга болгон карыздарын кыскартууда РЭТинин кызматкерлери ар бир бөлүнгөн кожолуктарды кыдыруу менен иштеп жатышат. Азыркы учурда электрондук «Мой свет» тиркеме аркылуу төлөнө тургандыгы жөнүндө калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалар жеткирилген лимиттердин чегинде пайдаланып, иштеп жатат.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы башкы планы жок айылдарга башкы план алуу үчүн айылдык кеңешке сарпталуучу акча каражатын бөлүп берүү үчүн кайрылуу жолдонгон. Бирок бюджеттин тартыштыгынан колдоо тапкан жок. Мыйзамсыз курулуштарга жол бербөөдө айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адистер жана айыл башчылар жеринде карап, иш жүргүзүшүүдө. Азыркы күндө айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаалдар коркунучу бар 3 жаран коопсуз жайга көчүрүлдү.
Өрт кырсыктарынын алдын алууда өрткө каршы чараларды күчөтүүдө аймактагы бардык мекеме-ишканаларда коопсуздук чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилген. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча калк арасында айыл башчылары аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы тургундарга турак-жайларды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүүдө. 2024-жылдын башынан тартып 142 турак-жай камсыздандырылды. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук жайларда, көчөлөрдө, билим берүү мекемелеринде жана мекеме-ишканаларда адептүүлүккө, тазалыкка үндөгөн көрнөк-жарнактар илинүүсү боюнча тапшырмалар берилди.
Башка өлкөлөрдө, шаарларда эмгектенип жүргөн мигранттардын айылдарда калган балдарына туугандарынын мамилесине, тарбиясына жана окуусуна көңүл буруу максатында атайын комиссия түзүлүп, соцкызматкер, айыл башчылары менен биргеликте жеринде көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Жаштар жана өспүрүмдөр арасында социалдык тармактарды максаттуу пайдаланууга үндөө менен туура эмес тарбияга багытталган кинофильмдерди жана ар түрдүү мазмундагы окуяларды көрүүнүн терс таасирин түшүндүрүү боюнча иш алып баруу мектеп жана бала бакча жетекчилерине тапшырылды.
Жарандардын ден соолугун чыңдоо, ар кандай оорулардын алдын алуу, өзгөчө жаштарды ар кандай жат диний агымдардан, кылмыштардан сактоо максатында айыл өкмөтүнүн аймагында өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларда спорттук оюндар уюштурулууда. Ошондой эле спорттук комплекс, спорт мектеби ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Жарандардын ден соолугун чыңдоо, ар кандай жат диний агымдардан, кылмыштардан сактоо максатында спорттун түрлөрү боюнча турнирлер
өткөрүлүүдө.
Айыл өкмөтүнүн аймагында жол транспорт кырсыктарынын алдын алууда жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп Мундуз айылынын борбордук кесилишине светофор орнотулду.
Айыл өкмөтүнүн аймагында жер-жерлерде коомдук коопсуздукту камсыз кылууда айыл башчылар тынымсыз иш жүргүзүшүп, ар кандай чыр-чатак маселелерди айылдык аксакалдар менен биргеликте чечүү каралган.
Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”