«Чакан ГЭС» ААКнын 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата бекиттилген план боюнча жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө белгиленген иш-чаралардын 97 пайызга аткарылды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Компания боюнча 318 иш-чара пландалып, алардын 308 пункту аткарылды. Даярдык көрүү алкагында төмөнкү иштер аяктады:
- Техникалардын баары техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, кышка даярдалды (жазгы дөңгөлөктөр кышкысына алмаштырылып, жылыткычтар оңдолду).
- Керектүү жабдуулардын, материалдардын жана запастык тетиктердин авариялык запасы топтолду.
- Бардык станциялар жана ачык бөлүштүрүүчү тутумдар толук оңдоо жана алдын алуу иштеринен өттү.
- Күз-кыш мезгилине карата пландалган оңдоо жана даярдык иштери толук аяктады. Быстровка ГЭСинин №3 жана МАГЭСтин №2 гидроагрегаттарынын капиталдык оңдоолору аяктады. Лебединовка ГЭСинин №1 гидроагрегатынын капиталдык оңдоосу акыркы стадияда.
- Компаниянын бардык кызматкерлери атайын кийимдер менен 100% камсыздалды.
«Чакан ГЭС» ААКнын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы бекитилген план боюнча улантылууда, бул төмөнкү температура шартында станциялардын туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн камсыздоого өбөлгө түзөт.