Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевге II даражадагы “Достук” ордени ыйгарылды.
Сыйлыкты Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында Төрага Нурланбек Шакиевге салтанаттуу түрдө тапшырды.
Төрага Н.Шакиев ыйгарылган сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип: “Достук” ордени мага берилгени менен мен жетектеген жалпы Жогорку Кеңеш үчүн чоң сыймык. Биз калыптанган кызматташтыкты арттырып, мындан ары да боордош элдин достугун чыңдоо багытында иш алып бара беребиз”, – деди.
Төрагалардын жолугушуусу алгач тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда уланды. Тараптар эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулап, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу ой бөлүштү.
– Биз тарыхый байланышы терең, тили, дини, каада-салт, үрп-адаты окшош, эзелтен канатташ жашаган боордош элбиз. Айрыкча мен кыргыз менен казакты эки мамлекетке ээлик кылган бир эл деп баса белгилеп келем. Андыктан бүгүнкү жолугушуу эки элдин эзелтен келе жаткан кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин. Биз
боордош казак эли менен калыптанган алакаларды кеңейтип, өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”,– деди Н.Шакиев.
Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун быйыл Казакстанга жасаган расмий сапары ийгиликтүү болгонун эске салып: “Анда жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелери боюнча макулдашууларга жетишилди”, – деп белгиледи.
Муну менен катар алакаларды арттыруу жаатындагы сунуштарын айтуу менен соода-логистикалык маселелерди чечүү жаатындагы пикирин да
билдирди.
Өз кезегинде Е.Кошанов расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылыгын айтып, Бишкекке келип алгач эле өлкөдөгү көп жакшы өзгөрүүлөрдү жана жаңыланууларды байкаганын
белгиледи.
Ошондой эле парламенттер аралык байланышты кеңейтүү жаатындагы пикирлери менен бөлүшүп, айтылган ар бир сунушту колдой тургандыгын да кошумчалады.
Атап айтканда, Кыргызстан Казакстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин эске салып: “Өлкө жетекчилери тарабынан жетишилген келишимдерди ар дайым колдоого алып, байланыштарды арттыруу багытында жигердүү кызматташуубуз зарыл”, – деп чек аралардагы айрым маселелерге токтолду.
“Калыптанган байланышты өнүктүрүп, парламенттеги тармактык комитеттердин деңгээлиндеги кызматташтыкты кеңейтишибиз керек. Мындай тажрыйба мамлекеттер аралык айрым маселелерди чечүүгө көмөкчү болот”, – деди ал.
Белгилей кетсек, Казакстан Рес-публикасынын Ардак грамотасы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевге берилди.