Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоӊ райондук прокуратурасынын жаңыдан курулган административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Ачылыш аземине башкы прокурору Максат Асаналиев катышты.
Иш-чарада башкы прокурор Асаналиев прокуратура кызматкерлерине мамлекеттин укуктук тутумун чыңдоо, элдин ишенимин бекемдөө, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, мындан ары да кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого өзгөчө көңүл бурулаарын белгилеп өттү.