Среда, 15 января, 2025
2.1 C
Бишкек

Күрөштүн жаңы этабы

“Криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт. Инвестор келбейт. Башка мамлекеттер ишенбейт. Ири долбоорлорго катышпайт. Кыскасы, криминал башкарган коррупциялык өлкөлөр эч качан өнүкпөйт жана келечеги жок өлкөлөрдүн катарында болушат” деген эле өлкө жетекчиси Садыр Жапаров былтыр жыл соңунда дагы бир ирет.

Дүйнөлүк тажрыйба Президенттин тезисин эбак тастыктаган. Далили го далил, а өткөн доордо биздин өлкө криминалга уттура турган абалга кептелгенибиз жашыруун эмес. Туура, буга чейинки бийлик башындагылардын тушунда кылмыштуу топтор жана коррупция менен күрөш жүрүмүш болгон. Коомчулуктун эсинде болсо керек, мурдагы Президент А.Акаев коррупция Ак үйдүн 7-кабатына чыкты деп ачуусу келгенин. Андан бери нечен убакыт өттү, коррупция 7-кабаттан түшмөк тургай, бекем орун алып, бийлик менен уюшкан кылмыштуу топ, кримтөбөлдөр менен элита аталган аткаминерлер бекем чырмалышып, уюшкан криминал саясатка, экономикага олуттуу таасир эте баштаган. Ошентип, элдин ишеничи кайтып, криминалдык чөйрөнүн түшүнүктөрү төргө чыгып, алардын жүрүм-туруму, жашоо образы жаштар үчүн идеалга айлана баштаган эле, кашайып.

Президент Садыр Жапаров кылмышкерлердин уюшма топторуна жана жемкорлукка каршы аеосуз күрөш азыркы бийликтин эң негизги багыты экенин бийликке келери менен жарыялаганда көпчүлүк анча ишенген эмес. Бирок мамлекет башчысынын сөзү куру эместигин турмуш далилдей баштады.

Фактыга таяналы. Биринчиден, уурдалган же башка кылмыштуу жол менен тонолгон, мамлекеттин казынасын буйтап, кимдир бирөөлөрдүн кирешесине айланган мүлктөр жана акчалар ачыкталып, кол тийбес деген үлкөндөр жазаланып, мыйзамсыз топтолгон байлыктары мамлекетке кайтарыла баштады. Мисалы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жылдын соңунда берген маалыматына ылайык, 2020-жылдын октябрь айынан тартып 2024-жылдын аягына чейинки убакытта 209 млрд. сом (2 млрд 400 млн доллар) мамлекетке кайтарылган. Бул сумманын аз же көп экенин ар кандай формулага салып эсептесе болот, а биз республикалык бюджетке салыштырып көрөлү.

2024-жылга бекитилген бюджеттин киреше бөлүгү 378, 4 млрд. сомду түзөт. Демек 4 жыл ичинде коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды ашкерелөөнүн натыйжасында кайтарылган акча өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнүн 55% барабар.

Экинчиден, криминал топторго, асыресе алардын башчыларына катуу сокку урулду. “Мыйзамдагы ууру”, “кримавторитет”, “смотрящий”, “положенец” аталган чоң кылмышкерлер менен жакшы мамиле түзүү саясатчылардын, ишкерлердин ийгилигинин ачкычына айланганын эл билип эле турчу. Депутат Жанар Акаев айткандай, кримтөбөлдөр менен учурашып коюуга, алардын көңүлүн эптеп болсо да алып коюуга умтулган саясатчылардын, кызматкерлердин, ишкерлердин тобу, жок, адамдардын бүтүндөй катмары да калыптанып калган эле. Ири даражалуу мамлекеттик ишмерлер, кызмат адамдары, саясатчылар кримавторитеттердин мааракесине барып, батасын алган күндөр да жок эмес.

Ушундай шартта алар менен күрөш катуу каршылыкка тушукту. Адам укугуна шылтап, кылмыштуу топтордун мүлкүн мамлекетке кайтарууга жан тарткандар да болду. Саясий эрк керек экен мындай шартта, ансыз сөз жерде кала турган. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев менен бери болгондо саясий каръерасын, ары болгондо жанын тобокелге салды. Акыры уюшкан кылмыштуу структуралардын саясий таянычы кыйратылды. Арийне алардын экономикалык, идеологиялык базасын талкалоо дагы бир топ убакытты алат, машакаты көп. Анткени алар татаал финансылык схемаларды, учу-кыйыры дайынсыз, кимге барып такалаары белгисиз виртуал чырмоокторду түзүп алышкан. Алар да мыкты адистерди жалдап иштеткен. Баягыдай “алып кел, жулуп кел”, “байлап-матап кел” менен чектелбей, заманбап технологияларды колдонгону анык.

Кылмышкерлердин ыкмалары өнүктү – бул аларды кубаттандырды. Базар экономикасынын эрежелери кире баштады, коом алдыга жылууга аракеттенди, бирок биздин коомдо 90-жылдардагы көрүнүштөр көпкө сакталып, кечээ жакындагы күндөргө чейин колун тизгинден чыгарбай келди. Мисалы, эки бизнесмен өз ара мүлк талаш маселесин чече албай, кримавторитетке кайрылып чечип калган эле. Адамдар маселесин сот аркылуу чечпей, “разборка” аркылуу чечип калган. Карызын өндүрөт, дооматын артат. Айтор, бийлик башкара албай тышта калып, кылмышкерлер үстөмдүк кылып келди. Эми кылмышкерлер пир туткан жана алар коомго таңуулаган түшүнүктөр жок кылынууга тийиш. Лагердик тартипте эмес, камералык режимде кармалганы оң.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жаңырган жылдын алгачкы мүнөттөрүндө маанилүү билдирүү жасады. Ал кылмыштуу топту баш көтөртпөй, биротоло жок кылууга катуу багыт алганын бекем айтты.

Экстремизм жана кылмыш

Баарыдан дагы бүтүндөй мамлекеттерди кыйратып, алеки заматта жок кылган экстремисттик топтор менен кылмыштуу топтор коюн-колтук алышканына көп болду.  Мисал керек, факт керек деп жер тепкилесе айлананы карасын. Алардын баарынын максаты бир, каржы булагы бир. Лекин, андай эмес десе “Кыргыз Туусу” гезити ар бири менен соттошууга даяр.

Фидель МЕДЕРОВ,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар