28-январда Президент Садыр Жапаровдун кызматка киришкенине туура 4 жыл болот. Бул жылдар аралыгында кандай өзгөрүүлөр болду? Бул боюнча жарандардын пикирин угуп көрдүк.
Санжар ЭННАЗАРОВ, ишкер:
“Курулуш тармагында жылыштар бар”
“Садыр Жапаров бийликке келгенде парламенттик башкаруудан баш тартты. Бул система эч ким жооп бербеген система экени белгилүү болчу”, – деп баштады сөзүн ишкер Санжар Эрназаров.
“Менин оюмча президенттик башкарууга өткөнүбүз бул туура чечим болду. Президентибиз депутат убагында “Кумтөрдү” мамлекетке кайтарыш керек деп айтып келген. Мына ошол иштерин аягына чыгарып, алтын кенибизди мамлекеттин балансына өткөрдү.
Жарандарга арзандатылган ипотекалык үйлөрдү берүү башталды. Бул дагы чоң жетишкендик деп эсептейм. Мектеп, бала бакча, ооруканалар, парктар салынууда. Андан сырткары ири долбоорлор ишке ашырылууда. Мунун артында Президентибиздин демилгеси жана чечкиндүү аракети турат.
Көп жылдан бери жарандарды кыйнап келген чек ара маселеси дагы чечилип калды. Аскер тармагындагыларга дагы чоң каражат бөлүнүп жатат. Мекен сакчыларыбыз учурда эң көп маяна алган мамлекеттик кызматтардын катарына кирет. Андан сырткары Коргоо министрлигине техникаларды сатып алышууда. Бул армиябыздын күчтүү болушун шарттайт.
Ички каттамдарды жакшыртуу үчүн ар бир облустагы аэропорттор оңдоодон өткөрүлдү. Бул ички туризмдин өнүгүүсүн шарттайт”.
Адилет ТЕМИРЛАНОВ, спорт комментатору:
“Дене тарбия жана жаштар саясаты министрлиги түзүлсө”
Спорт комментатору бул тармакта өзгөрүүлөр бар экенин, мамлекет тарабынан спортчуларга колдоо жакшы болуп жатканын айтты. Ал ошону менен кошо кемчиликтер дагы жок эместигин, спорт департаменти деп Маданият министрлигинин алдында кылбай, өзүнчө министрлик түзүүнү сунуштады.
“Садыр Жапаров бийликке келгенден бери спортко жакшы көңүл бурулуп жатат. Буга далил катары өткөн жылы Парижде өткөн олимпиаданы айтсак болот. Лицензия жеңген спортчуларга, машыктыруучуларга керектүү деңгээлде шарттар түзүлүп берилди. Өлкөнү дүйнөгө таанытуучу бул маданият менен спорт эмеспи. Спорт жаатында өзгөчө олимпиадалык спорттун түрлөрүнө жакшы көңүл бурулду.
Командалык спорт жаатында дагы бир топ жетишкендиктер болуп жатат. Мисал катары футболду айтсак болот. 2024-жылы өлкө боюнча жалпы курулган жана реконструкциядан өткөн стадиондордун саны сегизди түздү. Быйылкы жылы Баткен жана Нарын облустарына бирден жаңы стадион салынуусу күтүлүүдө. Бул кыргыз спорту үчүн өзгөчө маанилүү. Аймактардагы стадиондор көп функционалдуу болуп эсептелет. Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз футболун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкты.
Олимпиадага катышып келген спортчуларыбызга мамлекет тарабынан материалдык жактан колдоо жакшы болду. Ошону менен кошо олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнө жакшы көңүл бурулбай жатканы өкүнтөт. Дене тарбия жана спорт департаменти деп Маданият министрлигинин алдында түзүп койгону туура эмес деп ойлойм. Спорт бул чоң тармак болгондон кийин өзүнчө министрлик болуп, анын курамына жаштар саясатын кошуш керек.
Спортто кыздарыбыз дагы ийгилик жаратып жатканын баса белгилеп кетишибиз абзел. Хоккейден, күрөштөн, воллейболдон ийгилик жараткан кыздар командалары дагы бар. Киберспорттун түрлөрүнөн дагы кыргызстандыктар дүйнөлүк турнирлерге катышып келишүүдө.
Дагы бир айта кетчү жагдай, ММА спортуна тыюу салбаш керек. Анткени спорттун бул түрү менен жүздөгөн балдар машыгып, ондогон машыктыруучулар иштеп жатышат. Жалпы жонунан алганда кыргыз спортуна бийликтин колдоосу жакшы”.
Саламат АЛАМАНОВ, коомдук ишмер:
“Чек ара маселесин чечүүдө Садыр Жапаровдун командасынын эмгеги зор”
География илимдеринин кандидаты, Улуттук илимдер академиясынын География бөлүмүнүн башчысы, чек араны тактоо боюнча Кыргызстандын делегациясынын мурдагы башчысы Саламат Аламанов чек араны тактоо иштеринде азыркы бийлик эбегейсиз чоң мээнет кылганын айтты.
“Кыргызстан эгемендүүлүктү алганда чек араны тактоо иштери жеңил эле бүтөт деп ойлогонбуз. Бирок, бул өтө татаал иш экен, 1997-жылы Тажикстандын делегациясын биринчи жолу Ошто кабыл алганбыз. Андан кийин 1998-жылы Казакстандын делегациясы менен, ал эми 2000-жылы Өзбекстандын делегациясы менен, чек ара маселеси боюнча алгачкы жолугушуулар өткөн. Ошондон бери далай ирет чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
2024-жылы өтө талаал сүйлөшүүлөрдөн кийин Тажикстан менен чек араны тактоону бүттүк деп жарыя кылып жатабыз. Чек араны тактоо өзү оор жумуш, мында бардык тараптар эл аралык нормаларды сактоого тийиш.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин эң биринчи Кытай мамлекети менен чек арасын тактаган. Андан кийин Казакстан менен чек араны тактап, делимитация жана демаркация иштери жүргөн. Андан кийин Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек ара маселеси татаалдыгы менен айырмаланып, бүтпөй келген.
Өзбекстан менен чек араны чечүүдө Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишин туура деп эсептейм. Анткени, башка чечилбей жаткан жагдайларды эске алып, аларды анализдеп көрө турган болсок, бул чек араны тактоодогу туура кадам болду.
Чек ара маселесин чечип жаткан адамдар башкалардай эле эли-жерин сүйгөн патриот адамдар болушат. Бирок, алардын мойнундагы жоопкерчилик бир топ жогору. Ар бир чек ара сызыгы боюнча документтерге кол коюп жатканда бардык жоопкерчиликти өзүнө алып туруп ушундай кадамга барышат. Аны түшүнбөгөн айрым адамдар сындай беришет.
Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек араны чечүүдө Садыр Жапаровдун командасынын эмгеги зор болду. Өлкө башчылары кайсы жерде жолугушпасын эң маанилүү маселе катары чек ара маселеси талкууланып жатты. Чек арабыздын чечилип калганы биз үчүн, өзгөчө чек арага жакын жашаган жарандарыбыз үчүн чоң жеңиш деп эсептейм”.
Искендер ШАРШЕЕВ, экономист:
“ЕАЭБдин баалоосу боюнча 2024-жылы 9,4 пайыз өсүш болду”
Экономист Искендер Шаршеев экономикада өсүш бар экенин, ошону менен кошо инфляция дагы жүрүп жатканын билдирди.
“Садыр Жапаровдун экономиканы өнүктүрүү боюнча иши 2021-жылы башталды. Ал жылы ички дүң продукциянын өсүүсү 6,2 пайыз болсо, 2022-жылы 7 пайыз, кийинки жылы 6,3 пайыз болсо, 2024-жылы ЕАЭБдин баалоосу боюнча эң жогорку өсүш болуп, 9,4 пайыз болду.
Мамлекет тарабынан көмүскө экономиканы жоюу боюнча алгылыктуу иштер жүрдү. Мурда Дүйнөлүк банк Кыргызстандын көмүскө экономикасы 40 пайызды түзөт деп айтса, ал 20 пайызга азайтылды. Көмүскө экономиканы жоюу бюджетке пайдасын тийгизди, 2023-жылы бюджетти жыйноо 577 миллиард сомго жетсе, 2024-жылы болжолдуу 650 миллиардга жетүүсү күтүлүүдө.
Туруктуу 60ка жакын өнөр жай ишканасы ачылды. 200дөн ашуун курулуштар башталды. Мурда официалдуу түрдө жумушсуз деп каттоодо тургандардын саны 100 миңге чейин жетчү. Акыркы жылдары алардын саны 60 миңге чейин кыскарды.
Айрым серепчилердин баамында, экономикага 50 млрд. сомго чейин салынды. Дүйнөлүк жана ички инфляцияны кошкондо орточо инфляция 7 пайызга чейин жетти. Инфляциянын болуусун бийликтен көрө берүү туура эмес, бул дүйнөлүк инфляцияга байланыштуу болот. Дүйнө жүзүндө, өзгөчө ЕАЭБ өлкөлөрүндө кымбатчылык болууда. Согуштар, ар кандай санкциялардын айынан кымбатчылык болуп жатат”.
Токон МАМЫТОВ, коомдук ишмер:
“Коррупциянын колу-бутун сындырды”
Саясий илимдердин доктору Токон Мамытов Садыр Жапаровдун командасы коррупцияга, уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөш жүргүзүп жатканын айтты.
“Садыр Жапаровдун командасы коррупцияны толугу менен жое албаса дагы, карапайым тил менен айтканда, буту-колун сындырып койду. Андан сырткары айрым учурларда бийлик менен биригип, өзүнчө өзүнүн мыйзамын кыргыз коомчулугуна жайылтып жүргөн УКТ менен күрөш жакшы жүрдү. Билим берүү, айыл чарбасын өнүктүрүү багытында жакшы иштер аткарылууда. Мындай иштер мурда деле аткарылчу, бирок, алар расмий түрдө аягына чыкпай калат болчу. Себеби, саясий стабилдүүлүктүн жоктугу, тийиштүү органдардын пиар менен алек болуп алышы себеп болду. Мамлекеттик чек араны тактоодо өзгөчө чоң иштер жүрүп, мына жакында эле тактоо иштери бүткөнү айтылды. Коопсуздук маселеси чечилгенден кийин социалдык, экономикалык маселелер ийгиликтүү, эффективдүү жүрөт. Анан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуп калса, экономикага чоң пайдасы тиет”.
Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”