Среда, 15 января, 2025
-7.9 C
Бишкек

Мамкызматкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүнө талаптарды белгилөө сунушталууда

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билүү боюнча талаптарды белгилөө тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Токтом долбооруна ылайык жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар мамлекеттик тилди 2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес, 2027-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес билүүсү каралууда.

Жогоруда аталган кызматчылар категориясына кирбеген мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары жана кызматкерлери, анын ичинде билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана илимий кызматкерлери жана саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери үчүн 2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (В1) кем эмес, 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В2) кем эмес билүү талабы белгиленүүдө.

Ошону менен бирге эле жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлердин ичинен Кыргызстанда туруктуу жашаган, кыргыз жараны болуп саналган этностук азчылыктын өкүлдөрү үчүн 2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) кем эмес, 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес мамлекеттик тилди билүү талабы каралууда.

Ошондой эле 2025-жыл өткөөл мезгил катары каралып, бул жылдын ичинде кызматкерлерде ушул токтом менен талап кылынган деңгээлде мамлекеттик тилди билүү боюнча сертификаттын жоктугу алардын ээлеген кызматтарга шайкеш келбегени тууралуу сунуштарды иштеп чыгууга негиз болуп саналбастыгы айтылууда.

Белгилей кетсек, документ бүгүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылды. Токтом долбоору 1 ай бою коомдук талкууда болот.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар