2021-жылдын 31-мартында Кыргызстанда Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо» долбоору ишке киришкен.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, долбоор Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жана кризистик кырдаалга жооп кайтарууда чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында башталган.
Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо багытында 2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала башташкан. Долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
Натыйжада, ишке кирген күндөн бүгүнкү күнгө чейин тагыраагы 2025-жылдын 1-январына карата пайысыз насыялардын суммасы 8 млрд. 451 млн. 301 миң сомду түздү. Аны 11 миң 269 ишкер алган.
- 1-категория боюнча (1 млн. сомго чейин) 9 миң 520 ишкерге 5 млрд. 635 млн. 425 миң 918 сомду;
- 2-категория боюнча (3 млн. сомго чейин) 1 миң 749 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд. 814 млн. 875 миң 100 сомду түзгөн.
Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:
- 1-категория – КР салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер;
- 2-категория – КР салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.
Айыл чарбасы каржыланбайт жана каражат пайызсыз негизде сом менен берилет:
- финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин;
- жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин.
Каржылык жардамдын суммасы:
- 1-категория үчүн – 1 млн. сомго чейин;
- 2-категория үчүн – 3 млн. сомго чейин.
Белгиленгендей, керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.