Среда, 15 января, 2025
-7.9 C
Бишкек

Журналисттер жана блогерлер арасында сынак жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору журналисттер жана блогерлер арасында “Кыргызстандагы блогерлердин ишмердүүлүгү” деген темада сынак жарыялады.

Сынактын максаты Кыргызстандагы блогерлердин ишмердүүлүгү боюнча изилдөө жүргүзүү:

— Блогерлердин коомдук пикирге таасир бериши;

— Блогерлердин укугу жана жоопкерчилиги;

— Блогерлик жана салттуу журналистика (салыштыруу);

— Кыргызстандагы блогерлердин кирешеси;

— Реклама рыногу (блогерлер менен ММК);

Сынактын шарттары:

Сынакка ТВда, басылмаларда иштеген журналистер жана блогерлер катыша алат. Жөнөтүлгөн материалдарда тема толук ачылып, изилдөөлөр, аналитикалык маалыматтар, блогерлердин пикирлери камтылышы керек.

Сынакка жөнөтүлгөн материалдар журналист иштеген медианын жана блогерлердин каналдарына, социалдык баракчаларына жүктөлүшү керек. Конкурска келип түшкөн материалдар Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун расмий сайтына жайгаштырылат.

Катышуучулардын эмгектерин медиа эксперттер, илимий чөйрөнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу баалайт. Журналисттер менен блогерлердин материалдары бирдей бааланат, ал эми видео менен жазуу түрүндөгү эмгектер өзүнчө каралат.

Сынакка материалдар 2025-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынат. Шилтемелерди жана катышуучу тууралуу маалыматты cier@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот. Сынактын жыйынтыгы материалдарды кабыл алуу аяктагандан кийин 2 жуманын ичинде жарыяланат.

Байгелер:

Видеоматериалдар үчүн:

1-орун: Айфон 16;

2-орун: Айпад Apple;

3-орун: Планшет.

Жазуу түрүндөгү эмгектер үчүн:

1-орун: Айпад Apple;

2-орун: Планшет;

3-орун: Планшет.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар