Среда, 15 января, 2025
-7.9 C
Бишкек

Тарыхый өзгөрүүлөрдүн мезгили

Соңку 4 жылда өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушунда жана экономикасында кескин бурулуштар болуп жатканы көз көрүнөө. Оболу мамлекетибиздин Баш мыйзамы жаңы редакцияда кабыл алынып, Президенттин ыйгарым укуктары бекемделип, мамлекет башчы аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин өз мойнуна алды.

Президенттин администрациясы менен өкмөттүн аппаратынын биригиши башкаруу ишин жакшыртуунун зарыл өбөлгөсү болуп калганын мезгил тастыктагандай. Мурда аткаруу бийлиги президенттен обочолонуп, мамлекет ичиндеги мамлекеттей таасир калтырар эле.

Конституциянын жаңы редакциясында жазылгандай, Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны гана кыскарбастан, парламенттин мамлекеттин турмушундагы ролу кескин жогорулады, кадыр-баркы өстү.

Конституциялык реформа өз кезегинде мамлекеттик башкаруу системасындагы жана административдик-территориялык реформаларды шарттады. Натыйжада айрым министрликтер, агенттиктер, комитеттер жоюлду. Эң башкысы, мамлекеттик мекемелердин саны кыскарганында эмес, иши натыйжалуу болуп, сапаты артканын белгилеп коюубуз абзел.

Соңку 30 жыл аралыгында өлкөнүн аймактарынын административдик-территориялык бөлүнүшү боюнча ар кандай сунуш, пикирлер айтылып, демилгелер көтөрүлүп келген. Бирок буга чейинки бийлик кескин реформаларга барууга саясий эрктери жеткен эмес. Ушул өңүттөн алганда, өткөн жылдары ишке ашырылган административдик-территориялык реформаларды кош колдоп колдосок болот. Балким, бирөөлөргө бул бюджеттик чыгашаларды азайтуунун бир жолу, амалы катары гана көрүнүшү мүмкүн. Арийне, ал натура ой жорум. Мамлекет тескерисинче бюджетте иштегендердин айлык маянасын эки эсе көтөрдү. Шаарларды өнүктүрүүгө миллиондорду эмес, миллиарддарды бөлүп жатат. Кыргызстандын соңку тарыхында мындай орошон окуялар болгон эмес. Аймактар борбордон миллиард алмак турсун, бала бакча, мектептин, оорукананын курулушу үчүн деп 20-30 миллион сом сурап ала алчу эмес. Демек, административдик-территориялык реформа бюджеттик чыгашалар менен байланышы жок. Бул ири алды аймактар бири-бирин сүрөсүн, колдосун деген ниетте жасалып жатат. Айталы, мурда Таласта Жерүй алтын кени жайгашкан аймакта Бекмолдо айыл өкмөтү бар болуп, кенди иштеткен компаниядан айыл өкмөттүн эсебине ири суммадагы акча түшүп, бир айылдын муктаждыгына гана жумшалчу. Реформадан кийин Бекмолдо айыл өкмөтүнүн айлана-тегерегиндеги айылдар бириктирилип, азыр Шумкар-Уя айыл өкмөтү болуп калды. Азыр компания берген акчадан берки бириккен айылдарды өнүктүрүүгө да бөлүнүп жатат. Бул, Кыргызстандын кендери бир эле айылдын энчисине айланбай, жалпы элдин энчисине айланды деген сөз эмеспи.

Жаңы редакциядагы Конституцияга ылайык, Элдик Курултай институту киргизилип, былтыр декабрь айында 3-Элдик Курултай өттү. Бир кезде партиялык шайлоо системасын киргизгенде, кандай болоор экен деген күдүк ойлор болгон. Саясий партиялар институтунун алгылыктуу жактары менен кошо кээ бир кемчиликтерин мезгил өзү тастыктап, партияга мүчө болуп кирген депутаттыкка кандидаттардын тизмеси кандай даярдалып, кантип шайланып жатканын көрүп, көп учурда сындар айтылып келет. Бирок, кандай кемчиликтер болбосун, жүрө-жүрө баары өз ордуна келет, мезгил баарын өз ордуна коет эмеспи. Анын сыңарындай, Элдик Курултай институту да жылдан жылга өзгөрүү жолунда. Айталы, 1-2-Элдик Курултайга караганда, 3-курултайда сүйлөнгөн сөздөр, көтөрүлгөн маселелер мазмуну боюнча кыйла айырмаланды. Мунун өзү дагы бир эки-үч жылда Элдик Курултайда чарбалык маселелер айтылбай, улуттук, мамлекеттик деңгээлдеги, жалпы адамзаттык маселелер айтылат деген ишеним бар. Мезгилди шаштырып кереги жок.

Кыйынчылыктар болсо, чогуу тартып, жетишкендиктер болсо, чогуу бөлүшкөнгө не жетсин?! Биздин бир эле мекенибиз бар. Ал – Кыргызстан. Биз, кыргызстандыктар, 2021-жылдагы референдумда өлкөбүздүн саясий системасынын өзгөрүшүн шарттай турган президенттик башкарууну тандап алганбыз. Анын негизинде Жогорку Кеңеш шайланды, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болуп өттү. Буюрса, Кыргызстан жаңылануу багытында баратат.

Белгилеп коюу керек, саясий сис­темадагы өзгөрүүлөр өз кезегинде экономикалык өнүгүүнү да тездетти. Кумтөрдүн улутташтырылышы бул өзүнчө чоң маселе. Бир мезгилде Кыргызстандагы бул эң ири алтын кенди иштетүүдөн түшкөн киреше сыртка чыгып, миллиардерлерди байытып жаткан болсо, бүгүн ал элибиздин жыргалчылыгы, мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн иштеп жатат. Бүгүнкү экономикалык өнүгүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү бир эле Кумтөр эмес. Мурда салыктан, бажы тармагынан түшкөн кирешелер саналуу адамдарды гана байытып келген болсо, азыр ал акчалардын баары бюджетке түшүүдө. Натыйжада, мектептерди, бала бакчаларды, жолдорду, ооруканаларды куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Мурда айда-жылда бир мектеп ачылса, ошого сүйүнүп, кол чапсак, бүгүн бир күндө эле бир нече мектептин, бала бакчанын ачылышына күбө болуп жатабыз.

Мугалимдердин, врачтардын айлык маяналары көбөйдү. Бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлыктары жогорулады. Пенсия, пособие көбөйүп жатат.

2020-жылы мамлекеттин консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сом эле, 2023-жылы 577,2 миллиард сомдон ашып, жаңылбасам, 2024-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 686,9 млрд. сомго жетти.

Мунун баары ырааттуу жүргүзүлүп жаткан саясий-экономикалык реформалардын натыйжасы экендиги талаш жаратпайт. Акыркы жылдарда өлкөнүн тышкы саясатында да жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Мурдагы президенттердин тушунда жакынкы кошуналар менен мамилебиз сууп кеткен болсо, 2020-жылдан кийин мамилелерибиз жакшырып, 30 жылдап чечилбей келаткан чек ара маселелерин чечкенге жетиштик. Чек аралардын ийгиликтүү чечилиши өлкөлөр ортосундагы достук, экономикалык мамилелердин жакшырышына алып келди. Мурда улуу державалар алдында корунуп мамиле кылып, алар эмне деп айтса, алардын айткан-дегенин эреже катары, бизге карата айтылган буйрук катары кабыл алсак, кийинки жылдарда аларга дипломатиялык тилде каш кайтарганга жетише алдык. Түшүнгөн адамга бул чоң жеңиш. Мен биерде “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Президент С.Жапаровго жазган катын эске алып жатам. Президент С.Жапаров АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына берген жообунда: “Сиздин катыңыздын мазмунунда биздин мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экендигин белгилейм” деп белгилөө менен Кыргызстан эгемен мамлекет экенин, анын ички ишине сырттан эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок экенин сылык эскертти. Буга чейин кошуна-колоңдордон деле ыдык сөз угуп, укмаксан болуп келбедик беле.

Соңку төрт жылда кыргыз коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурган окуя мамлекеттик деңгээлдеги коррупция жана криминалга каршы жарыяланган күрөш болууда. Мунун масштабы канчалык болгонун өзүбүз көрүп жатабыз. Буга чейин коррупция 7-кабатка чейин чыгып кеткени тууралуу айтылып келген. Бирок, эч кандай күрөш болгон эмес. Азыр коррупцияга каршы күрөш ырааттуу жүрүү менен бирге, коррупция боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирип, жазалар катаалдады. Бул сөзсүз түрдө өз натыйжасын бере тургандыгында шек жок.

10 жыл мурда парламентке ат салышкан айрым саясий партиялар Жогорку Кеңешке келсе эле, жарым жылда криминалды жоготорун убада кылышкандыктары да эсибизде. Тилекке каршы, алар парламентке келгенде алардын катарында мурда-кийин криминалдык чөйрөгө тиешеси бар адамдар жүргөнүн көрчүбүз. Бүгүн анын баары артта калды. Азыр криминалдык топтордун тамырын кыркып, түп орду менен жок кылуу аракеттери жүрүүдө. Коррупциялык көрүнүштөр да кескин азайып баратат.

Президенттин тапшырмасы менен Юстиция министрлиги тарабынан Мыйзам актылар толугу менен инвентаризациядан өттү. Укуктук мамлекет курабыз деген соң, бул өтө маанилүү иш-чара болчу. Бизде кандай болгон?! Мыйзамдар “Ураа, ураа” менен пачкалап кабыл алына берген. Бирок көбү иштеген эмес. Иштегендеринин өзүндө бири-бирине карама-каршылыктар өтө эле көп болгон.

Акыркы жылдарда илим тармагына көп көңүл бурулууда. Чындыгында, илимий-техникалык прогресстин кылымында илимди өнүктүрбөй көп алыс бара албайбыз. Азыр илимде да өзгөрүүлөр болуп жатат, анын жыйынтыктарын жакынкы эле жылдарда көрүп калабыз. КР УИАнын башкы имаратынын оңдоого бюджеттен 500 млн. сом бөлүнүп,  окумуштуулардын отурган орду – илим храмы деп айтаарлык абалга айланып калды десек болот.

Дагы бир тарыхый документ катары «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун (доктринасын) айтаар элем. Анда элибиз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүүгүнө карт тарыхтын далай катаал сыноолорунан өтүп келип, ынтымактын жана биримдиктин күчү менен жеткени белгиленген. Чындыгында да, эгемендүүлүк элибиздин байлыгы жана сыймыгы. Былтыр биз белгилеген Кара кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы – азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаркын барактарынын бири катары тарыхка кирет.

Демек, биз соңку төрт жылдагы саясий жана экономикалык жетишкендиктерибизди бекемдеп, ынтымак жана биримдик менен алга жыла беришибиз абзел. Буга Уңгужол компас болуп берет деген ишенимибиз арта берсин!

Чолпонкул АРАБАЕВ,
КР УИА Вице-президенти, академик

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар