Среда, 15 января, 2025
2.1 C
Бишкек

Жан дүйнөнү козгогон жаңы спектаклдер

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры быйылкы 34-театралдык сезонун ачты. Театр сахнасында “Журт”, “Эрте келген турналар”, “Келиндер козголоңу”, “Шайтандын соту”, “Кара чапан”, “Чокчолой баатыр”, “Жолугушчу жолдор бар”, “Алыкул” ж.б. спектаклдер коюлуп жатат.

Театрдын директору Жумакадыр Курмангалиев: “Театрыбыздын 34-сезонун өзүбүздүн имаратыбызда ачканыбызга абдан кубанып турган чагыбыз. Азыркы тапта 8-9 спектакль жүрүп жатат. Алардын арасында Абибилла Пазыловдун “Журт” деген спектакли бар. Бул чыгарманы репертуарыбызга кошконубуздун себеби, көтөргөн темалары абдан актуалдуу. Мисалы, анда миграция маселеси козголгон. Жумуш издеп сыртка чыгып кеткен адамдардын ички абалы, ошондой эле өз мекенинде калган жарандардын жашоо-турмушу, алардын бири-бирине болгон мамилеси, ички сезимдери сүрөттөлөт. Андан сырткары, криминалитет темасы камтылган. Кыскасын айтканда, көтөргөн жүгү салмактуу. Ошондуктан, көрүүчүлөрдүн бардыгына сунуштайбыз”, – дейт.

Абибилла Пазыловдун “Журт” пьесасы 2012-жылы “Ажыраш аяк” деген аталыш менен жазылган. 2019-жылы Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын сахнасында биринчи жолу коюлган.

“Журттун” жазылышы, анын негизги окуясы – Миң-Куш, Кажы-Сай, Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Сүлүктү сыяктуу кен чыгарган ири заводдору бар шаарларынын кийинки кейиштүү абалына байланыштуу болду. Себеби, ошол шаарлардагы өнөр жайлар жок болуп кетти, адамдар ишсиз калды. Ички жана тышкы миграция күчөп, эл ата конушун таштап көчө качкан. Журт ээн калган…

Айрым адамдар ошондо: “Биздин шаар дүйнөлүк саясий картадан өчөт” деген пессимисттик ойдо болушкан. Кээ бирлери журтун таштап кетүүгө мажбур болушкан. Ал эми кай бирлери өз журтунда калып: “Шанхай менен Парижди бириктирген темир жол түшөт. Биздин экономикабыз гүлдөп-өсөт, шахталарыбыз мурдагыдай иштейт”, – деп ишенишкен. Кыскасы, бүгүн биздин мамлекетибиз ойлоп жаткан, элибиз кыялданып жаткан нерселер каармандардын образдары аркылуу чагылдырылат”, – деди театрдын адабият бөлүмүнүн башчысы, драматург Абибилла Пазылов.

Театрдын көркөм кеңеши Султан Раевдин “Илек-Илек” чыгармасы боюнча спектакль даярдалып жатканын жана жакынкы аралыкта коюларын билдирди. Ошондой эле, театрлардагы оңдоп түзөө иштеринен кийин, көрүүчүлөрдүн, күйөрмандардын катары күн сайын толукталып жатканын кошумчалашты.

Быйыл 2025-жылы Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын 35 жылдыгы белгиленмекчи.

Театрдын мааракеси эл купулуна толгон, көрүүчүлөрү арбын, эстетикалык деңгээли бийик спектаклдер менен белгиленүүгө тийиш.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар