Бал кыргыз брендине айлана алабы? Кийинки мезгилде бул суроо бизди көбүрөөк ойлонтчу болду. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары да ошого түрткү берип жатат. Кыргызстан өткөн жылдын январь-май айларында дүйнөнүн 14 өлкөсүнө жалпы суммасы 68 млн. 405 миң сомдук 114,4 тонна бал экспорттогон экен.
Балдын көбүрөөк көлөмүн 32,1 тоннасын Кувейтке экспорттоппуз. Кыргыз мигранттары жылдан жылга көбөйүп жатпайбы, 27,8 тонна кыргыз балы АКШга кетиптир. Кошуна Кытайга 26,7 тонна жөнөтүлүптүр. Бириккен Араб Эмираттары 25,7 тонна кыргыз балын сатып алыптыр.
Казакстан 8 тонна, Япония 6,5 тонна, Малайзия 5,8 тонна, Катар 3,2 тонна жана Түштүк Корея 2,9 тонна кыргыз балынан ооз тийиптир. Элге берген энчиден – кыргыз балынан Бахрейн, Индия, Иордания, Сауд Аравия жана Улуу Британия да куру калбаптыр.
Бул жарым жылдагы эле көрсөткүч. Кийинки жылдарда кыргыз балынын экспортунун көлөмү артып баратканы баарыбызга белгилүү. Маселен, Кыргызстан 2022-жылы 258,4 тонна бал экспорттогон болсо, 2023-жылы 439 тонна бал экспорттогон. Бир жылда эле балды экспорттоо 180,6 тоннага өскөн.
Кыргыз балчылары: “Кыргызстандын жагымдуу климаты, географиялык жактан жайгашкан орду, таза абасы, дарылык касиети күчтүү тоо чөптөрү дүйнөдөгү эң керемет балды алууга мүмкүндүк берет. Кыргыз балы анын даамында, шириндигинде гана эмес, анын кайталангыс дарылык касиетинде. Кыргыз балын таткан адам чарчаганын унутат, жашарат, күчүнө күч кошулат. Биздин балдын касиети, өзгөчөлүгү мына ушунда. Ошондуктан, биз дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттерине кыргыз балын сыймыктануу сезими менен жөнөтөбүз” дешет.
Кыргыз балынын экспорт көлөмү көбөйүү менен катар, балдын баасы өсүп баратканы да ошондон улам болсо керек. 2023-жылы балдын баасы 230-250 сом болгон болсо, 2024-жылы жыл башында 350-400 сомго, жыл аягында 600 сомго чейин көтөрүлгөн.
Бал баасынын минтип кымбаттаганына карабастан, өткөн жылдын жети айында, январь-июлда АКШга балдын экспорту кескин көбөйүп, 39,8 тоннага жеткен. Бул бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 85,1%га көбүрөөк дегендик.
Ошентсе да, ойго салган сандар да бар. 2023-жылы кыргыз балынын экспорту 439 тоннага жетти дегенибиз менен, балды андан да көп экспорттогон жылдар болгон. Алсак, 2019-жылы 2 млн. 29 миң долларга 503,9 тонна бал экспорттогон экенбиз. 2020-жылы пандемия учурунда 1 млн. 737 миң долларга 488,7 тонна, 2021-жылы 1 млн. 698 миң долларга 395,3 тонна экспорттолуптур.
Демек, ойлончу маселе бар. Себеби, 2022-жылы балдын экспорту кескин азайып, 258,4 тоннаны түзүп жатпайбы. Ушундан улам, сыртка экспорттогон балды да жөн жөнөтпөй, кумшекерин көбүрөөк кошуп ийип, аны таткан чет өлкөлүктөр кыргыз балын экинчи алгыс да, таткыс да болуп жаткан жокпу деген ой кетет.
Дагы бир маселе, балдын баасы. Өткөн жылы Түштүк Кореяга 8 миң долларга 1,722 кило бал экспорттогон экенбиз. Бир килонун баасын эсептесек, 401 сомдун тегерегинде болуп чыгып жатат.
Кыргызстанда азыр 400 сомго бал таппайсың. Ярмаркаларда бир кило бал үчүн 600-700 сомдон кем сурашпайт. Кымбатына да кайыл болуп алып, үйгө барып татып көрсөң, кашайып кумшекер даамданат. Ушундан улам, бал экспортуна чектөө киргизип, жарымы бал, жарымын кумшекер кылып саткан “балчыларды” административдик жоопкерчиликке тартуу керекпи деп ойлойсуң.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”