Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Нурзат Нуржанованы кабыл алды.
34 жаштагы Нурзат Нуржанова буга чейин УКМК төрагасынан жардам сурап кайрылган. Өзү буга чейин тигүүчү болуп иштеп, кийин бутуна операция жасатып, жакшы баса албай калганын айткан.
Жолдошунун да ден соолугунда көйгөйү бар экени, учурда тамак-аш жеткирип иштээри айтылды. Жубайлардын 13 жашка чейинки 6 баласы бар.
Буга чейин батирде жашап келген үй-бүлөгө УКМК төрагасы 3 бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырган.