Марлен Маматалиев абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштырууга жарым жыл берилгенин айтып, ага чейин рейд жүргүзүп, айып короого токтотууну кое туруу зарыл экенин белгиледи.
“Абхаз, армян номерлүү унаалар боюнча мыйзамдарды дагы өзгөртүү зарыл. Ошондуктан мыйзам жаздык, ага өкмөт оң корутунду берсе жакшы болот. Маморгандар мыйзамдын кереги жок дегендей мамиле кылып жатышыптыр. Мыйзамдын зыяны тийбейт. Ошондой эле айрымдар “жакында легалдаштырылат экен” деп жанталашып сырттан киргизип жатышыптыр. Буйрук карапайым элдин унааларын легалдаштырууга багытталган”, — деди эл өкүлү.