whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкектиктер жылуулук үчүн айына 28 миң сомго чейин төлөп жатышат

Бишкектиктер жылуулук үчүн айына 28 миң сомго чейин төлөп жатышат

Депутат Бакытбек Марипов бүгүн парламентте бишкектиктер жылуулук үчүн айына 28 миң сомго чейин төлөп жатышканын айтып чыкты. Ал шаар тургундары жылуулуктун тарифин карап чыгууну суранып жатканын айтты.

“100 чарчы метрден ашкан үйлөргө учурда жылуулук акысы 10-20 миң сомго чыгып жатыптыр. 80 чарчы метрден ашкан үйлөргө жылуулук 6 миң сомдук тариф менен эсептелип жатат дейт. Айрым көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына декабрда жылуулукка 28 миң сом келген. Бул эмне деген нерсе? Алмаз Акунжанович, ушуга чара көрөлү”, — деди депутат.

Дастан Бекешев да кесиптешин колдоду.

«Бишкектиктер кайрылууда, ноябрь, декабрь айларына «Тазалык» менен «Бишкек суу каналы» жок эле сумманы кошуп койгонун айтууда. Эми пенсионерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер барып такташып жатат, баса албагандары да бар. Бул алешемдик кимден кеткенин билбейм, бирок элге ыңгайсыздык жараткан адамды жазалаш керек. Бардык шаардыктарды эсебин карап чыгууга кайрылат элем, муниципалдык кызматтар мүмкүн силерди алдап жаткандыр, текшергиле», — деди Бекешев.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар