whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабиятСултан Раев Мехмет Доган атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болду

Султан Раев Мехмет Доган атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болду

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев 2024-жылы Мехмет Доган атындагы Түрк дүйнөсү адабият сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу Түркия Жазуучулар союзу билдирди.

Сыйлык жыл сайын жазуучуларга, интеллигенция өкүлдөрүнө жана искусство ишмерлерине берилет. Сыйлык түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жазуучулар чогулган аянтча болуп саналат.

Бирикменин жетекчиси Муса Казим Арыжан Султан Раевдин эмгектери түрк элдерин байланыштырган көпүрө экенин белгиледи. Бул абройлуу сыйлыктын лауреаттарынын арасында Түркиянын белгилүү маданият жана искусство ишмерлери, жазуучулары, кинорежиссерлору, философтору, сүрөтчүлөрү бар. Султан Раев бул сыйлыкка ээ болгон биринчи чет элдик жазуучу болуп калды.

«Күн Кармаган бала» , «Чаң жол», «Топон» жана башка китептердин автору. Султан Раевдин чыгармалары боюнча коюлган спектаклдер Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да көрүүчүлөргө чоң ийгилик жаратты. Чыгармалары орус, украин, өзбек, казак, фарси, түрк, кытай жана англис тилдерине которулган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар