Депутат Гуля Кожокулова Мамкурулуштун Ысык-Көлдүн жээгиндеги пирстерге мончо (парной) куруу токтом долбоорун сынга алды. Ал Орунтаевди ЖКга чакырып, отчетун угууну сунуштады.
“Мамкурулуштун жетекчиси Орунтаевга эмне болуп жатат? Что-то его очень штормит. Бир туруп мыйзамдарды президенттин жарлыгын так аткарып, Ысык-Көлдүн жээгиндеги мончолорду (парной) жаап салды. Эми болсо пирстерде мончо (парной) ачуу мыйзамын коомдук талкууга чыгарыптыр. Эмне болуп жатканын түшүнбөй жатам. Ал эмнеге 180 градуска өзгөрүп жатат?» — деди Кожокулова.
Эске салсак, Мамкурулуш Ысык-Көлдөгү пирстерге буу мончо куруу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Ведомство ошондой эле жээктен 100 метр аралыкта пирс, мончо (парной) жана коомдук ажатканаларды гана курууну сунуштоодо.