Кабарчыбызга Рыспай тууралуу берген маегинен кийин Келдибек Ниязов агабызды сыртка узатып чыкканда, сөздөн сөз уланып отуруп, ал Шекербек Шеркуловдун Тууганбай Абдиевди чиркөөгө алып барып башын жазганы тууралуу айтып берди.
Келдибек аганын айтымында, Тууганбай Абдиев Шекербек Шеркулов экөөнүн ушу жоруктарын эстегенде өзү да боору катканча күлүп алчу экен.
Тууганбай бир ирет Шекербектин “арактын анты болот, башың ооруп калса мага кел, жазып берем” деген сөзүн эстеп, анын үйүнө барыптыр. Үйү азыркы орус чиркөөсүнүн тегерегинде экен дейт. Шекербек “ырас келипсиң” деп ээрчитип чиркөөгө алып барып, “эми мен кандай жасасам, ошону эле кайталап отурасың”, – дептир. Шекең орус чиркөөсүнүн маңдайына барып чокунгандай кыймыл жасайт. Тууганбай туурайт. Андан өтүп чиркөөнүн ичине киришет. Дагы ошондой жасашат. Анан эле ар жактагы күйгөн шамдын алдында бир стакандан арак куюлуп турат дейт. Зөкүскөгө наны да болсо керек. Экөө улам бир стакандан алып отуруп, баш жазмак турсун, чоң кызуу болуп
чыгышат.
Сыртка чыкканда Тууганбай: – Бул эмне болгон жер, минтип-минтип коюп эле, кирип арак иче берген, -– десе, Шекербек: – Орустун чиркөөсү. Башың ооруп калса келип, жанагы мен көрсөткөндөй ырымын кылып коюп, кирип арагын иче бер. Эми көрүп алдың менсиз деле келип ушинтип иче берсең болот, – деп коюп кетип калыптыр.
“Мен ошондо чиркөө эмне экенин деле билчү эмес экемин. Кийин тактап сурап, анан билип жатпаймынбы. Шекеңдин ырымы дегени чокунганы турбайбы. Кайран Шекем мени ошентип жайлап кеткен экен”, – дечү экен күлкүсүн басалбай.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”