Среда, 15 января, 2025
-1.9 C
Бишкек

Рыспайдын эки ыр белекти өзгөчө жактырганы

Редакциябызга айтылуу куудул, бир кезде чогуу иштешкен, бул дүйнөдөн көзү өткөн залкар өнөр адамдарынын сөздөрүн, жоруктарын тузун кемитпей элге жеткирип жүргөн, аны өзүнүн адамдык парзы катары сезген, Кыргыз эл артисти Келдибек Ниязов агабыз келип, Рыспай Абдыкадыров тууралуу төмөнкү эскерүүсүн баяндап берди. 

Рыспай талашка түшкөндө…  

Рыспай филармонияга келип иштеп, кайра 1967-жылы өзүнүн бир себептери менен чыгып кеткен. 1969-жылы мен филармонияга келип калдым. Иштеп жүргөндө Эстебес, Ашыраалы, Токтосун, Асанкул, Тууганбай, Гүлжан Сейиткулова, жаштардан Замирбек Үсөнбаев, мен болуп 19 киши Ошко гастролго бардык. Артисттер чечинчү бөлмөдө отурсак эле Рыспай кирип келди. Гүлжан Сейиткулова деген ырчы эжекебиз бар эле: – Ай, Рыспай, сени эмне филармониядан биз кетирдикпи? Канча жолу келип атабыз, эмнеге келбейсиң?, – деп эле кирди.  Десе эле Рыспай күнөөлүүдөй болуп, унчукпай отурат. Токтосун Тыныбеков аны тыйып: – Ай, Гүлжан токтот, сен эмне Рыс-пайды тилдегени келдиң беле? Эй, Рыспай, болду эркелегениң жетишет. Эртеңден баштап сени алып кетебиз, биз менен болосуң, – деди.

Аны коштоп баары эле “ооба, ооба” деп калышты.

Рыспай туруп: “Акелер, Гүлжан эжеке, койгула эми. Менин көп иштерим бар. Ошолорду бүтүрүп аркаңардан барып калайын”, – деди. Бирок келген жок.

Концерт коюп бүтүп, мейманканага барсак, Асанкул Шаршенов мени чакырып: – Ай, Келдибек, эртең бир чайканага 5 кишиге аш бастырып кой. Рыспайды чакырып койдум, – деди.

Ошентип, чайканадан жолугуштук. Экөө аябай азилдешип сүйлөшүшөт экен. Анан Рыспай айтып калды “концертиңер укмуш өттү”, – деп. Анан “атың ким”, – деди. “Келдибек”, – десем, Шаршенов айтып калды “муну биз Келдиш деп эркелетебиз”, – деп. “Анда Келдиш, экөөбүз ака-үка болуп жүрөлү. Сен тимеле бөлөкчө артист турбайсыңбы. Мен ыраазы болдум”, – дейт Рыспай.

Асанкул Шаршенов бир да кишини атынан айтчу эмес. Улуу болобу, кичүү болобу эркелетип айтчу. Ал Рыспайды Раш дейт экен. Рыспай аны Асаш дейт экен. Ошол жерден айтып атышпайбы Рыспайды Маданият министри атайын Оштон алдыртып келгенде филармонияда “менин бригадама алам, менин бригадама алам дешип” талашып эле жатып калган экен.

Ал кезде филармонияда ар түрдүү бригадалар көп болчу. Эстебестин өзүнчө бригадасы, Токтосундун өзүнчө бригадасы. Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, жадагалса бий ансамблинин жетекчиси Нурдин Түгөлөв мен алам деп, катуу талаш болуптур. Анан филармониянын директору Арген Эсенгулов  адилеттик болсун деп “чүчү кулак” карматса, Асанкул Шаршеновдун бригадасына туш келиптир. Экөөнүн жакындыгы ошондон экен.

Нарында болгон сөз

Матен Сыдыков деген Нарын обкомунун биринчи катчысы Эстебес, Токтосундар менен жакшы мамиледе болчу. “Шаарыңарга жата бербей келбейсиңерби, иш илгери учуру, согумдун убагы, аппак кар”, – деп айткан экен, кыш күрөөдө барып калдык. Обончу Аксуубай Атабаев келинчеги экөө бизде иштеп калган. Анан баягы концерттен кийин тойдо көңүлдүү ар кайсыны айтып отурсак Аксуубай мактанып калды да. Мен “Тоолорду” чыгарганда райком келип үйдөн алып кетчү, жайлоолорду кыдыртып ырдатчу”, – деп.

Сатар Боронбаев деген шофер бар эле. Мен ошондой таза, ошондой чынчыл кишини көрө элекмин. Баарыбыз Сатар аба деп турчубуз. Анан ал киши да угуп отурат.

– Ай, Аксуубай, – деди, – сен менин инимсиң. Сен Ак-Суудан, мен Жети-Өгүздөн. Тимеле асмандап мактанасың да. Рыспайдын бир эле окуясын айтып берейин, – деди.

Ал киши Рыспайды филармонияга келгенде гастролго автобус менен алып чыккан экен. Ошондо Рыспай аяк жагында төрттү ырдайт, тер укмуш кетет дейт. Ортосунда дагы кайра чыгып беш же алтыны ырдайт дейт. Ырдап чыгары менен ар жакта күтүп турган ГАЗ-21 деген “Волга” машинеси менен  Рыспайды алып кетишчү экен. Эртеси концерт болорго жарым саат калганда Рыспайды кайра алып келишчү экен.

Ошол кезди элестетсем, ошол кездеги мода эми келген экен бизге. Азыр кара костюм шым, ак көйнөк, лакталган туфли кийип чыгып жатышпайбы биздин артисттер.

«Рыспайды күндө жаңы костюм шым, ак көйнөк, лакталган туфли менен алып келишет. Кээ бирөө жаңы аккордеон сатып берген болот. Ошентип 2 ай жүрдүк, 2 ай Рыспай күндө жаңы кийим менен жүрдү. Ошону эле айтайын, анан ким кыйын экенин ушундан сезгиле”, – деген эле Сатар Боронбаев. Ошондо Аксуубай унчукпай калган.

Анан биз тамашалап сурап атпайбызбы “бир ай жүрсөңөр 30 күндө 30 костюм шым, 30 көйнөк, 30 туфли кийсе, аларды эмне кылчу элең?” – десек, кыткылыктап күлүп, Рыспайдын колу март, аябай берешен болчу дейт. Анын айтымында Рыспай баягы кийимдерди досторуна, артист балдарга, чак келеби деп эле бере берчү дейт. Жаңы аккордеонун деле кармата салчу дейт.

Рыспай өзүнө арналган концертке келбейм дегенде

Акун Токтосартов деген коомдук ишмер болгон. Бир күнү эле айтып калды “Рыспайдын кечесин өткөзөбүз, баарын уюштурам, Спорт сарайында болот, жалаң Рыспайдын ырларын ырдашат. Эстрадалык, симфониялык оркестр, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, комуз, кыяк менен ырдагандар катышат”, – деп.

Ошентип программа түзүлүп, алып баруучусу мен болдум. Анан эле Спорт сарайында концертин даярдап жатсак Акун Токтосартов ары-бери басып, “атаңдын оозун урайын, ушундай кежир, ой бир сөздү түшүнбөйт, акмак”, – деп эле өзүнчө сүйлөнүп атат. Көрсө, Рыспай байке Оштон чалып, “барбайм, кереги жок, концертсиз эле жашайм”, – дептир. Тиги киши да ачуусу келип, “келбесең кой, биз өзүбүз эле өткөзө беребиз”, – дейт. “Өзүнүн концертине өзү келбейм деп атпайбы”, – деп күйүп атат.

Анткен менен түштө учуп келип калыптыр. Анан концерт башталды. Эл жыкжыйма. Рыспай улам бир капталдан келип угат, кайра айланып экинчи капталдан угат. Бирөөлөр саламдашса, кайдыгер саламдашып коет, бир орунга турбайт. Колун ээгине коюп ойлонуп туруп калат. Ушинтип эле жүрөт да.

Концерт бүтүп, чайы бар эле, ошого чогулдук. Акун Токтосартов айтты: – Эй Рыспай, келбейм дебедиң беле, эмнеге келдиң. Мен сенин борборго отчеттук чоң концертиңди жасайын деп аракет кылдым. Карачы, кимдер катышты. Сен ошолорду сыйлабай, келбейм дейсиң. Кана эми, чайдын үстүндө өзүң биринчи сүйлө, – деди.

Рыспай микрофонду алып, баарыбызды карап эле жашып ыйлап ийди. Өзү жашык киши болчу.

– Айланайындар, Акун, рахмат, мен ушул кезде бөлөкчө болуп жүрдүм эле. Өзүмчө туталанып, мен эмне штамповка кылып, биринин артынан бирин эле чыгарып атамбы, ырларымды эл укпай калган мезгилге келдимби деп. Эми мындан кийин обончулукту да токтотоюн, баарын токтотоюн, мугалим болоюн деген ойдо жүргөм. Себеби, ырларымдын баары окшош болуп, ырдалбагандай болуп жаман болуп жүргөндө эле сен концертти баштап жатпайсыңбы. Ошон үчүн келбейм дедим. Бүгүн ушул концертти көрүп алып, мен кайра ойлонуп, ойгондум. Анткени мен бөлөк-бөлөк эле обон чыгарып жүрүптүрмүн, мына симфониянын коштоосунда, эстрадада ж.б. ырдалды, тимеле бөлөк угулат экен кулагыма. Мен баарыңарга рахматымды айтам, – деп, ийилип таазим кылды.

Анан мен сурап калдым:

– Рыспай байке, өзгөчө кайсы номер жакты?

Ойлонуп туруп, аскердик оркестр, – деди. Алар Рыспайдын ырларынан попурри ойногон.

Экинчиси, Рыспайдын концертине катышабыз деп “Мерке” элдик театрынан үчөө келиптир. Эки казак жигит, бир казак кыз. Аларды да кошуп койгонбуз. Алар домбра менен укмуш ырдашкан. Элдин суранганын айтпа. Ушул казактардын номери менен, аскердик оркестрдин белеги аябай жакты, – деди.

Уулжан БЕЙШЕНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар