Четверг, 16 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Дүйнө суктанган музейлердин сыры жана чыры

Лондондогу Британ музейи дүйнөдөгү эң чоң тарыхый музейлердин сап башында турат. Музей 1753-жылы уюштурулган. Дүйнөнүн бир дагы музейинде Британия музейиндегидей сырдуу жана баа жеткис экспонаттар жок. Алардын көпчүлүгүн Улуубритания ааламдын булуң-бурчунан жыйнаган. Атагы таш жарган музейлердин колу жетпеген баалуу экспонаттар – бул жерде кылдаттык менен сакталат жана калыбына келтирилип турат (музейдин штатында 50 реставратор бар). Аныгында Британ музейи башка өлкөлөрдөгү жеке коллекционерлердин, мамлекеттердин маданий баалуулуктарын менчиктеп алуусу менен да өзгөчөлөнүп келет.

Башкалар талашкан баа жеткис экспонаттар

Британ музейинде 8 млн.го жакын экспонат бар. Алардын көпчүлүгү башка өлкөлөргө таандык. Буга байланыштуу Улуу Британияда 1963-жылы музейдеги артефакттарды кайтарууну чектеген мыйзам кабыл алынган. Бирок мурдагы колония өлкөлөр Британия алып чыгып кеткен артефакттарды кайтарып берүүнү талап кылып келүүдө;

Белгилүү болгондой XVI кылымдын аягынан XX кылымга чейин Улуу Британия эң ири колониялык империя болгон. Колониясындагы элдерге цивилизация алып келем дегени менен алардан кайталангыс маданий байлыктарды кымырып кетүүнү  унутпаган.

Тагыраак айтканда, Улуу Британия: Нигерия, Австралия, Мисир, Греция, Жаңы Зеландия, Эфиопия ж.б өлкөлөрдүн баалуу экспонаттарын чыгарып кеткен. Мисалы, 1897-жылы Бенин Королдугуна (түштүк-батыш Нигерия) басып киргенден кийин британ аскерлери 4000дей скульптураны уурдап чыгышкан. Ал эми Египет Британияга олжо болгон Розетта ташын кайтарууну айтып келет. Ташты алгач Наполеон Бонапарт Египеттен алып кеткен. 1815-жылы британиялыктар француздарды жеңгенден кийин экспонатка ээ болуп алышкан.

Бүгүнкү күндө бул таш Британиянын улуттук бренди болуп саналат. Ошондой эле, Греция Парфенон мраморлорун кайтарып берүүсүн талап кылып келет. Ал эми Индия даңазалуу Көкө-Ноор (Кох-и-Нур) алмазын кайтарып алууну көздөйт.

Британ музейинин онлайн каталогунда өлкө белгилерин издөө көрсөткөндөй,
650 000ден ашык экспонаттар Шотландиядан, Уэльстен же Түндүк Ирландиядан, басымдуу көпчүлүгү Англиянын өзүнөн топтолгондор. Анын ичинен 66 000 миңге жакын артефакттар Грециядан келгендер. Музейдеги көрүнүктүү экспонаттардын арасында Галикарнастагы мавзолейдин айкелдери (азыркы Бодрум, Түркия), Улуу Рамсестин бюсту (Египет) жана Розетта ташы (Египет), Египеттин байыркы жарлык жазылган атактуу стеласы бар.

Ошону менен Мисирликтер (Египет) Розетта ташы аларга таандык болушу керек деп эсептешет. Тажиктер Ока казынасын кайтарылсын дешсе, Кытай Могао үңкүрлөрүндөгү кол жазмаларды, сүрөттөрдү жана башка сейрек кездешүүчү буюмдарды бересиң деп жакалайт. Нигериялыктар Бенин коло айкелдерин кайтарып алгысы келет.

Айталы, Розетта ташы – байыркы египет тилиндеги иероглиф менен жазылган базальт такта. Ал 1799-жылы Сен-Жюльен чебин курууда Египеттеги француз аскеринин офицери Бушар Гаикан тарабынан табылган. Египет Розетта ташынын Британ музейинде болушу «Батыштын Египетке каршы маданий зордук-зомбулугунун» символу деп айтып келүүдө. Бир сөз менен, музейдин экспонаттары Египет, Эллада, Урарту, Элам, Мидия королдугу, Индия, Вавилон, Месопотамия жана башка байыркы мамлекеттердин өтмүшүн чагылдырган эң сейрек кездешүүчү буюмдарды камтыйт.

Деген менен Британ музейинин окумуштуулары жана кызматкерлери байыркы экспонаттарды кылдаттык менен изилдеп, аларда катылган өткөндүн сырларын ачып, ошону менен коомдун өнүгүү тарыхына баа жеткис салым кошууда.

Британ музейи эмне дейт?

Британ музейи кээ бир коллекциялардын татаал тарыхын моюнга алат, алар аскердик аракеттердин жана андан кийинки талап-тоноолордун натыйжасында алынган дейт. Бирок Британия музейи уурдалган экспонаттарды мекенине кайтаруу ниети жок экенин да билдирип келет.

Мекеме 1963-жылдагы Британ музейи тууралуу мыйзам, анын коллекциясынан бир нерсени кайтарып берүүгө тыюу салат деп ырастайт. Соцтармактарда Британия уурдады делген нерселердин баары кайтарылып берилсе, Британ музейинде эч нерсе калбайт деген пикирлер бар. Ошону менен коомчулукта Улуу Британия өзүнүн экспонаттарын алып чыккан өлкөлөрүнө кайтарып бериши керекпи же жокпу деген суроо кеңири талкууну жаратып келет.

Айрымдары ээсине кайтарылды

Өткөндө Британ музейи чоң жаңжалдын чордонунда калды. Тактап айтканда, 2023-жылы Британ музейинин директору Хартвиг Фишер музейдин кампаларындагы уурулуктарга байланыштуу жаңжалдан кийин кызматтан кеткен. Себеби, музейдеги ХV-ХIХ кылымга таандык 2 миңге жакын зер буюмдар уурдалган жана сатылган. Музей кураторлору экспонаттарды уурдап, кара базарда сатып жаткан жеринен кармалган.

Бул экспонаттардын арасындагы алтын буюмдар, асыл таштар жана 3500-жылга чейинки антиквариаттар акыркы убакта музейдин коллекцияларына коюлган эмес.

Артефакттарды өз өлкөсүнө кайтаруу маселеси Улуу Британияга гана таандык эмес – Европадагы көпчүлүк музейлер колониялык доордо ар тараптан жыйнаган экспонаттарын кайтарып берүү чакырыктарына кабылып келишет.

Лувр Египетке дубалдын фрагменттерин берген

2007-жылы БУУ түпкүлүктүү элдин укуктары боюнча декларация чыгарган. Анда дүйнө мамлекеттерин – ар кайсы өлкөлөрдүн түпкү элдеринин макулдугусуз же алардын мыйзамдарын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын бузуу менен тартып алынган «маданий, интеллектуалдык, диний жана руханий байлыктарын» кайтарып берүүгө
чакырган.

2009-жылы Лувр музейи Египетке 1980-жылдары өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен деп эсептелген дубалдын фрагменттерин кайтарып берген. Үч жылдан кийин Нигерия Бостондогу Көркөм искусство музейин  ХIХ кылымдын аягында британ аскерлери басып алган ондогон буюмдарды өлкөгө кайтарууга чакырып, 2017-жылы Британ музейинен Бенин кололорун кайтарып берүүнү талап кылган.

Ошондой эле, Амстердамдагы Рейксмузейдин жана этнографиялык музейдин директорлору колониялык доордо экспонаттар алынып келинген жүз миңге жакын экспонатты кайра кайтарууну чечишкен. Алардын арасында бир кезде Индонезиянын султаны Банджармасинге таандык 70 караттык алмаз да бар.

Өкүнүүбү же кайра бөлүштүрүүбү?

Ушул эле Амстердам этнографиялык музейинин жетекчиси Стижн Шондервуд: “Бул эмне? Колониялык талап-тоноо үчүн өкүнүүбү же музейдин баалуулуктарын кайра бөлүштүрүүбү? Эми эмне кылышыбыз керек – экспонаттарды өлкөлөр ортосунда кайра бөлүштүрөбүзбү же бардыгын мурдагыдай калтырабызбы? Бир кездеги кул болгон өлкөлөрдөн алынып келинген баалуу буюмдарды кайтарууга байланыштуу ар кандай прецедент дүйнөлүк музей экосистемасы үчүн чоң стресс болуп саналат. Бул музейлердин структурасын жана максатын принциптүү түрдө зыянга учуратат. Европанын заманбап музей борборлорунун залдарында топтолгон тарыхтын, искусствонун жана илимдин эң маанилүү дүйнөлүк байлыктары жер шарына чачырап кетпегенде гана жакыныраак жана жеткиликтүү болот”, – деген.

Ал эми Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой: “Маданий баалуулуктарды калыбына келтирүү темасы, албетте, абдан татаал. Дүйнөлүк музей коомчулугу бүгүн бул маселелерди талкууга алып, ага эл аралык уюмдарды, юридикалык структураларды, учурдагы саясатчыларды жана ар кыл тармактын эксперттерин тартууда. Колониялык басып алуулардын натыйжасында өлкөдөн өлкөгө жер которгон баалуу буюмдарды кайтарып алуу, эки дүйнөлүк согуш учурунда жана андан кийин мурунку ээлерин жоготкондордон айырмаланып, катуу укуктук чечимдерге ээ эмес”, – деген пикирин билдирген.

Мурдагы колониялардан алынып келинген маданий байлыктарды кайтарып берүүгө чакырган ЮНЕСКОнун бир катар документтерине карабастан, бул маселе боюнча дүйнөдөгү эң ири музейлердин позициясы өтө консервативдүү. Алар музейдин кайрадан бөлүнүшүн каалабай, азыркы абалды сактап калууну көздөшүүдө.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар