2025-жылдын январь айынын биринчи декадасы климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу бир катар табигый кырсыктар менен коштолду. Климаты жылуу континенттерге кар жана нөшөрлүү жамгыр жаап, бир катар шаарларда суу ташкындары болсо, айрым өлкөлөрдө кургакчылык болуп, миңдеген имараттарды жалмаган өрт кырсыгы жана жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган жер титирөө болду.
Сауд Аравиясында жана Перс булуңунун башка өлкөлөрүндө жамгыр жана суу ташкындары сейрек кездешүүчү көрүнүш. Дүйнөлүк массмедиалардын билдирүүсүндө “шаардагы дарыялардын” пайда болушуна дренаждык жана канализациялык системанын начардыгы себеп болгон. Арийне, XIX кылымдын аягында бул чөлкөм тездик менен өнүксө да, шаар куруучулар жаан-чачындын жыштыгын жана мынчалык тездик менен топтолушун алдын ала божомолдошуп, жол жээктерине арыктарды кошо курууну эске алышкан эмес. Натыйжада жол жээгинде курулган канализациялык системанын жоктугунан Мекке, Медина жана Жидда шаарларынын көчөлөрүн суу каптап, адамдарды, ал тургай автоунааларды агызганга чейин жеткен.
Африка континентиндеги Алжир менен Марокко өлкөлөрүнө жана Сахара чөлүнө кар жааса, Индонезия, Англия, Израиль жана Грециянын Родос аралында нөшөрлөгөн жамгыр менен мөндүрдөн кыян жүрүп, суу ташкынынан жергиликтүү эл жабыркаган.
АКШда Канзастан тартып Вашингтонго чейин, тактап айтканда, 8 штатта борошологон кар жаап, катуу суукта элдер электр жарыгысыз калган. Ошол эле маалда Россиянын Москва шаарында жана башка аймактарында абанын температурасы +5 С болуп, жаз мезгилиндегидей жылуу аба ырайы сакталган.
Мындан тышкары миңдеген адамдарды үй-жайсыз калтырган өрт кырсыгы Американын Калифорния штатындагы Лос-Анджелес мегаполисинде бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Бул өлкөнүн жетекчилеринин айтымында бир нече аймакта тутанган мындай ири өрт кырсыгы узак жылдардан бери катталбаган жана 2018-жылдагы Малибуну чулгаган өрттүн кесепети да мынчалык болбогон.
“Голос Америки” берүүсүнүн билдирүүсүнө таянсак, бул өрт кырсыгында миңдеген турак жайлар, социалдык объектилер жана ири ишканалар, ошондой эле Голливуд Хилс аймагын байырлаган бир нече миллиондорду чапчыган элиталардын, шоу жылдыздардын хан сарайлары өрттөнгөн. Миллиондогон калкы бар бул шаардан коопсуз жайларга миңдеген адамдар эвакуацияланган. Санта-Моника, Малибу, Пасифик-Палисейдс, Итон-Каньон округунда 15 800 гектар күйүп, өрт куюну менен коштолгон.
Өрт кырсыгынын келип чыгышын бул чөлкөмдөгү кургакчылык жана ылдамдыгы саатына 40 км, айрым жерлерде 100 чакырымга чейин жеткен “Санта Ана” шамалы шарттаган. Өрттүн кесепетинен Калифорния штатындагы туристтерди өзүнүн маданий баалуулуктары менен таң калтырып келген Санта-Моника жана Малибу аймагы дээр-
лик күлгө айланган. Өрт чыккан аймактардан жалпысынан 180 миңден ашуун адам коопсуз жайларга эвакуацияланып, өрттү өчүрүү үчүн вертолеттор жана 1 500 өрт өчүрүүчү иш алып барган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында ири мегаполистин үстүн түтүн каптап, шамалга жалындын учкундары учуп, дем алууну кыйындаткан жана мындай курч кырдаалдан беткаптардын тартыштыгы да жаралган. “Кой аксагы менен тегиз” демекчи, ушундай кырдаалдан пайдаланып, коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандардын үйлөрүн, соода түйүндөрүн талап-тоноого аракеттенгендер да болгон. Тактап айтканда, бул округдагы полиция кызматкерлери талап-тоноого шектүү 20 жаранды кармаган. Өрт учурунда 24 жаран каза болуп, жабыркагандар да болгон. Өлкө бийлиги өрттүн кесепетинен келтирилген чыгым жүздөгөн миллиард долларга жеткенин жана 6 ай убакыттын аралыгында өрттөнүп кеткен үйлөр кайрадан калыбына келтирилерин билдирген.
Мындан тышкары КЭРдин бийик тоолуу Тибет автономиялуу районундагы 80 миң калкы бар Шигадзе шаарында күчү 7,1 магнитудалык жер титирөөдөн 126 адам мерт кетип, 3 500 турак үй, мектептер ж.б. имараттар талкаланган. Жер титирөөнүн очогу аталган шаардан 160 чакырым аралыкта жайгашкан. Эксперттердин айтымында, мындай күчү 7 баллдан жогору жер титирөө акыркы 5 жылдан бери бул аймакта катталган эмес. Жабыркаган аймакка жардам иретинде КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин 100 млн. юань бөлгөн жана жабыркагандарды урандылардын алдынан алып чыгууга 2 000 куткаруучу иштегендигин “Синьхуа” маалымат агенттиги билдирген.
Климаттын өзгөрүшүнөн улам жер жүзүнүн айрым аймагында жаанчыл, айрым жерлерде кургакчыл болгондугу, ал эле эмес Антарктида жана башка бийик тоолуу өлкөлөрдө да мөңгүлөрдүн эрип жатышы адамзатты түйшөлтүп келет. Метеорологдор климаттын глобалдык өзгөрүүсүнөн циклондор багытын өзгөртүп, натыйжада кар жаабаган континенттерге кар жаап жаткандыгын баса белгилешүүдө. Америкалык климатологдордун айтымында январь айынын биринчи декадасындагы АКШдагы бороон-чапкынды Түндүк уюлдагы муздак абанын агымы менен төмөнкү атмосфералык басым алып келген.
Эл аралык метеорологиялык институттар климаттын өзгөрүшүн шарттаган бир катар жагдайларга токтолгон. Көмүр, мунай жана газ – климаттын глобалдык өзгөрүшүнө эң чоң салым кошкондор. Парник газдары (көмүр кычкыл газы, азот окиси, метан, көмүртек окиси, суу буусу жана синтетикалык химиялык заттар) жер шарын каптагандыктан, алар күндүн ысыгын кармап турушат. Мындай жагдай глобалдык жылуулукка жана климаттын өзгөрүшүнө алып келет. Эл аралык эксперттер Жер планетасы учурда адамзаттын тарыхында болуп көрбөгөндөй тездик менен ысып жаткандыгын айтышууда. Температуранын жогорулашы аба ырайын өзгөртүп, табияттын тең салмактуулугун бузат. Мындай өзгөрүүлөр адамдар үчүн да, жер бетиндеги бардык башка жашоо формалары үчүн да коркунучтарды жаратат. Климаттын 1,1 градуска көтөрүлүшү эле кургакчылык, суу ташкындары, кышкы бороон-чапкындар, нөшөр жана токой өрттөрү менен байланышкан экстремалдык аба ырайын шарттайт.
Эл аралык энергетикалык агенттиктин айтымында, климаттын өзгөрүүсүнө таасир эткен жагдайды учурдагы инновациялык технологияларды колдонуу менен 40 пайызга азайтууга мүмкүн. Бул багытта бир катар метеорологиялык институттар жана климатологдор Парижде жыйын өткөрүшүп, анда температуранын глобалдык жогорулашын 2° C ашырбоо максатында өлкөлөргө өнөр жай ишмердигинде милдеттенмелерди берип, 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу жана чектөө боюнча Париж келишимин кабыл алышкан.
Климаттык өзгөрүүнү жөнгө салуу үчүн адамзаты, биринчиден, өнөр жайда атмосфераны булгоочу отундарды колдонуунун альтернативалык жолдорун караштыруусу, экинчиден, жасалма жамгыр жаадырууну токтотуусу, үчүнчүдөн, жер кыртышына олуттуу зыян алып келген жана мунайды өндүрүүдө пайда болгон парник газдарын азайтуунун жолдорун карап чыгуусу абзел.
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”