Четверг, 16 января, 2025
-4.9 C
Бишкек

Канат жайган – Каракол

Каракол – 1868-жылы негизделген, кыргыздын эски шаарларынын бири. 1879-жылы орус саякатчысы Н.М.Пржевальскийдин ысмы берилет. Ошол жылдарда Караколдо 8 миңден ашуун калк жашап турганы айтылат тарыхый булактарда. 1914-жылы шаарда 60тан ашык ар кандай чакан өнөр жай ишканалары иштеген. Бул шаар Улуу Үркүндүн күбөсү. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин, тагыраагы 1992-жылы кайрадан Каракол деген тарыхый аты берилген.

Бүгүнкү күндө Каракол шаары Ысык-Көл облусунун административдик жана маданий борбору. Эл аралык, республикалык деңгээлдеги бир нече ЖОЖдор, медицина мекемелери, музейлер, театр, өнөр жай ишканалары, порттор иштейт. Кыргызстандагы жападан жалгыз ажайыпкана да ушул жерде. Бир сөз менен бай тарыхы, басып өткөн жолу менен баарыбызды суктандырган куттуу шаар.

Каракол шаары көчөлөрүнүн кеңдиги, бак-шагы жагынан Бишкектен кем калбайт. Ошол эле учурда шаар башка жерлерге окшобогон өзүнүн кооздугу, кенендиги, көркөмдүгү, тарыхый имараттары менен айырмаланып турат.

Жакында Каракол шаарын Америкалык Condй Nast Traveler журналы “Каракол  – Борбор Азиянын саякат борбору” деп жарыялады. Анткени, «Каракол» лыжа базасы Борбор Азия-дагы эң бийик эс алуу жайы болуп саналат. Ошону менен бул абройлуу журналдын аныктамасы боюнча Каракол шаары “2025-жылы бара турчу 25 мыкты жер» тизмесине кирди. Ал эми Condй Nast Traveler журналы 1987-жылдан бери жарык көрүп келет жана дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу саякат басылмаларынын бири болуп саналат. Анын сунуштары саякат тренддерин аныктап, миллиондогон туристтерди жаңы ачылыштарга шыктандырат.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар