Четверг, 16 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Кылым арыткан Токтогул мектеби

Баткен облусунун Кадамжай районундагы алгачкы агартуу мектеби XIX кылымдын орто ченинде кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын Молдо Нияз Эрназар уулу тарабынан ачылган. Анын мектеби Ак-Кыядагы үңкүр болгон. Ал эми совет бийлигинен кийин мурунку Халмион, азыркы Жеңиш айылына алгачкы мектеп 1924-жылы ачылган.

Кадамжай районундагы алгачкы мектептин ачылышында Борбордук Аткаруу комитетинин биринчи төрагасы, кедей үй-бүлөдөн чыгып, бүткүл өмүрүн совет бийлигин орнотууга арнаган, чыныгы большевик, жаңы жылдын алдынан Президент Садыр Жапаровдун указы менен Кыргыз Эл баатыры болгон Абдыкадыр Орозбеков атабыздын эмгеги зор.

Бир эле факты, эгерде 1926-жылы Кыргызстандагы калктын 15 пайызы гана сабаттуу болсо, 1937-жылы бул көрсөткүч 68 пайызга дейре жогорулаган. Булар туурасында советтик мезгилде мен баарлашкан аксакалдын жардамчысы, экономика илимдеринин доктору, ушул Токтогул мектебинде биринчилерден болуп сабатын ачкан, партиянын Ташкент обкомунун биринчи секретары болуп иштеген, Социалисттик Эмгектин Баатыры Азиз Токтобаев авабыз жеткиликтүү баяндап берген эле. Мындай өзгөрүүлөргө, алга илгерилөөлөргө Халмион кыштагында ачылган Токтогул атындагы советтик тунгуч мектептердин биринин педагогдору да татыктуу салымдарын кошушкан.

1924-жылы бул мекеме оболу №1 жетим балдар мектеби катары уюштурулуп, ага айлана тегеректеги Ынтымак, Таш-Дөбө, Ноогардан, Алга, Охна, Жданов жана Бүргөндү кыштактарындагы балдар-кыздар окууга тартылышкан экен. Мектепке Оштон келген Эмин Ахун агай директорлукка бекитилген. Совет бийлигинин өкүлдөрү бул тараптагы кыргыз, өзбек жаштарынын турмуш-тиричилик жана жашоо образдарынын өзгөчөлүктөрүн эске алышып, жаңыча таалим-тарбия жана кесиптик-техникалык билим бере башташкан. Аста-аста түрдүү курстар жана мекемелер уюштурулуп, советтик жаштардын алгачкы муунунун өсүп чыгышына өбөлгөлөр түзүлүптүр.

1930-жылдарда мамлекетибизде агартуучулук жаңы реформа башталып, өкмөттүн “Республикадагы 8-10 жаштагы балдарга жана 11-14 жаштан өтүп кеткендерге милдеттүү түрдө жалпы билим берүүнү киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Анда көрсөтүлгөн милдеттерди эки жылдын ичинде жүзөгө ашыруу милдеттендирилген. Халмион кыштагында 1932-жылы биринчи жети жылдык мектеп уюштурулган. Ошол учурда бул мектептин директору Курбан Мехтиев, окуу бөлүмүнүн башчысы Акбар Эшанхужаев болушкан. 1939-жылы жети жылдык мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү уядан учуп чыгышкан. Ошол эле жылы мектептин жаңы имараты курулуп он жылдыкка айландырылыптыр. Мектепке жаңы жетекчи Абдырахманов директорлукка дайындалат.

Ал эми 1941-жылы Улуу Ата мекендик согуштун астынан жергиликтүү кадрлардан Ноогардан кыштагынан Кожо Аширалиев директорлукка бекитилген. Акырындап мектептеги окуу-тарбия иштеринин деңгээли өйдөлөй берген. Тарых үчүн ошол кездеги эң алгачкы окуучуларды баса белгилеп койгум келет. Алар – Назиров Дыйканбай, Гайназаров Фазилжан, Мадалиев Калмат, Хасанов Таибжан, Имаралиев Самат, Султанова Хамидахан, Изатуллаева Наибахан, Абдуллаев Имарали жана башкалар.

Ал мезгилде кадрлардын тартыштыгынан улам Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүрүп келишкен республикабыздын ар кайсы аймактарынын өкүлдөрү жигердүүлүк менен эмгектенишип, жакшы окуучуларды чыгарууга үлкөн салымдарын кошушкан. Бул улуу агай-эжейлерди да атап кеткенибиз оң. Алар Кара-Суу районунан А. Кекиев, А. Оморова, Фрунзе шаарынан Н. В. Грязнов, К. Арыков, Ысык-Көлдөн Т. Чокоев, Чүйдөн Т. Койчуманов, Казандан Ф. Хабибуллина, Ферганадан Г. Рахматуллин өкмөттүн жолдомосу менен жигердүү эмгектенишкен.

1958-жылы мектептин директору Бакыжан Умурзаковдун демилгеси менен  предметтик мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуучу курстар ачылган. Ал эми мыкты окуучулар Ош жана Фергана шаарларындагы педагогикалык институттарга барып окушуп, жогорку билими туурасында дипломдорду ала баштаган.

1963-жылы улуу акын Токтогул Сатылгановдун ысымы ыйгарылган. Кийинки жылы балдардын санынын өсүшү менен кошумча имарат салынып интернат же жатак мектеп уюштурулган. Кийинчерээк, 1976-жылы мектептин жаңы имараты курула баштаган. Жергиликтүү кадрлардан жогорку билимдүү Р.Мусаев, Н.Даминов, А.Таштемиров, Т.Атаназаров, Т.Орозбаев, И.Азимов баштаган педагогдор талыкпай эмгектенишкен. Ошол учурда бул мектепке Сох жана Шаймерден дарыяларынын алабындагы айыл-кыштактардан же район-дун калкынын теңинен көбүрөөгүнүн уул-кыздары топтолушуп жакшы билим алышкан. Муну согуштан соңку жылдарда өйдө тараптагы Охна, Кызыл-Булак, Тамаша, Айдаркен, Пүлгөн айылдарындагы кадырлуу аксакалдар Эржигит Шакиров, Шамши Эшбаев, Пахыр Мадумаров, Эшмамат Акматов  жана башкалар менен баарлашып жүрүп байкаганмын. Токтогул мектебинде Сабыр Мусаев, Жума Юлдашев, Эргеш Төрөбаевдер директор болуп турганда бир топ айтаарлык жумуштар аткарылганын канааттануу менен белгилей алабыз.

1989-жылы мектепте тарых жана аймак таануу музейи уюштурулган. Анда “Победа” колхозунда, Фрунзе районундагы бир топ мекеме-ишканаларда абийирдүүлүк менен эмгектенишкен залкар аталардын албан эмгектери, жергиликтүү калктын кол өнөрчүлүгү, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эрдиктери таасын чагылдырылган. Музейдин директору А. Тажибаев окуучулар менен биргеликте демилгелүү иштеген.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон кийин бул жердеги кыргыз, өзбектердин достугу дагы да чыңдалып, бир топ ийгиликтерге жетишишти. Билим берүүнүн деңгээли жогорулады. Демилгечил педагогдор эл аралык ПРООН, АРИС, Мерсико, Жайзет, Азия өнүктүрүү банкы баштаган каржы уюмдарына кызыктуу долбоорлорду жазышып, көптөгөн көйгөйлөрүн ырааттуулук менен чечип жатышат.

2014-жылы мектептин 90 жылдыгы облустук деңгээлде уюшкандыкта өткөрүлдү. 2022-жылдан бери мектепти алдыңкы педагог Камилова Мукадас жетектеп келе жатат. Акыркы жылдарда окуу-тарбия иштеринин деңгээли жакшырып, райондук жана облустук олимпиадаларга катышкан балдардын саны өстү. ЖРТдан эң алдыңкы окуучу 196 упай алды.

Азыркы учурда кылым карыткан бул мектепте 690 улан-кыз татыктуу тарбия жана терең билим алып жатышат. Жалпысынан 29 класс комплекти бар. Келечек ээлерине Ысманалы Мамажанов, Фахриддин Эргашов, Мамура Азимова, Зохида Халикова, Дилноза Султанова, Наргиза Мамажанова, Улугбек Дадажанов, Хуршида Абдырахманова баштаган кырк педагог тарбия беришет.

Адылжан  ЖАЖАНОВ, журналист

Мурунку макала
Кийинки макала

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар