whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
8.1 C
Бишкек

Тарыхый окуялар

 

Негизги окуяларДоору
Улуу кыргыз державасы
(кагандыгы).
840-924-жылдар
Алп Солдун Тан династиясынын борборуна келиши.842-жылы
Кыргыз кагандыгынын негизги жеңип алуулары.IX кылымдын 40-50-
жылдар
Кыргыздардын чыгыш Теңир-Тоого келиши.IX-X кылымдар
Кыргыз ээликтерине кидандардын кол салуусу.924-жылы
Караханиддер кагандыгынын түптөлүшү.940-жылы
Караханиддер кагандыгында ислам дининин расмий жарыяланышы.960-жылы
Жусуп Баласагын «Кутадгу билиг» («Кут алчу билим») аттуу дастанын жазган учур.1069-70-жылдар
Махмуд Кашгари «Диван лугат ат-түрк» (Түрк тилдеринин сөз жыйнагы) аттуу эмгегин жазган.1072-77-жылдар
Түндүк батыш Монголиядагы жана чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыздардын кара кытай чапкынына каршы күрөшү.1125-28-жылдар
Жуучу баштаган монгол аскер-леринин «токой элдерине» жортуулу. Кыргыздардын Чыңгыз ханга баш ийиши.1207-жылы
Монгол үстөмдүгүнө каршы тумат-кыргыз көтөрүлүшү.1218-жылы
Кыргызстандын аймагынын Чыңгыз хандын экинчи уулу Чагатайдын энчисине тийиши.1224-жылы
Теңир-Тоого Эне-Сайдан жана Моңголиядан кыргыздардын жаңы журт которуулары.XIII кылым
Хайду мамлекетинин негизделиши.1269-жылы
Кем-Кемжиуттагы (Тыва) кыргыздардын көтөрүлүшү.1273-жылы
Тутуха баш болгон монголдордун Эне-Сайга жортуулу жана кыргыздарды биротоло баш ийдирүү.1292-93-жылдар
Кыргыз мамлекетинин жоюлушу. Кыргыздардын бир бөлү-гүнүн Манжурияга көчүрүлүшү.1293-жылы
Монголдук Алтай тоолорун мекендеген кыргыздардын бир бөлүгүнүн Шандун вилайетине көчүрүлүшү.1295-жылы
Тоглук Темирдин хан жарыяланышы. Моголстан мамлекетинин түзүлүшү.1348-жылы
Эмир Темирдин Моголстанга алгачкы жортуулу.1371-жылы
Ала-Тоодо кыргыздардын өз алдынча мамлекетинин түзүлүшүXV кылымдын 80-жылдары
Кыргыз хандыгын Акмет хандын («Алача хан») бийлеши.1448-1504-жылдар
Султан Халил Султан – «кыргыздардын падышасы».1504-08-жылдар
Тагай бийдин бий шайланышы.1508-жылы
Ала-Тоо аймагынын Кыргызстан деген саясий атка ээ болушу.XV к. XVI кылымдын 1-жарымы
Кыргыздарды Мухаммбет Кыргыздын башкарышы(1514-33-жж.)
Памирлик кыргыздар жөнүндө алгачкы маалымат.1575-жылы
Сибирь кыргыздарынын Сибирдеги орус аскерлерине кол салуулары.1609-1614-1624-жылдар
Манап бий, Көкүм бийлердин Эшим хан менен болгон ынтымагы.XVII кылымдын башы
Сибирдик кыргыздарды Жунгар коңтажысы Хара-Хуланын баш ийдириши.1633-жылы
Кочебай Сибирдеги кыргыз беги. Калмактардын жетисуулук, алатоолук кыргыз, казактарга алгачкы жортуулу.XVII кылымдын 30-ж. аягы-643-жылы
Сибирдик кыргыздарды Еренек Ишей уулунун бийлеши.XVII к. дын
60-80-жылдары
Кыргыздын чоң багыш уруусунун улугу Койсары бийдин Кашкардын акимдигине көтөрүлүшү.1670-жылы
Төрт миң түтүн кыргызды Сибирден Жуңгар хонтажысы Цеван Рабдандын Жуңгарияга айдатып кетиши.1703-жылы
Сибирдик кыргыздардын орус аскерлеринен жеңилиши.1707-жылы
Сибирдик кыргыздардын жеринде Абакан острогунун курулушу.1707-жылы
Шахрух бийдин Кокон хандарынын династиясына негиз салуусу.1710-жылы
Калмактардын кезектеги жортуулунун натыйжасында казак, кыргыздардын журт которушу.1723-жылы
Кыргыз Акбото бийдин Кожентти бийлеши.XVIII кылымдын 20-жж.
Акмат бий баштаган кыргыз колунун (10 миң жоокер) Кашкар тарапка жортуулу жана калмактарды жеңиши.1747-жылы
Кашкарлык кыргыздардын калмактар менен кармаштары.1748-49-жылдар
Жунгар хандыгын Цин-манжур аскерлеринин кыйратышы.1754-жылы
Чыгыш Түркестандык Юсуф Кожого кыргыздардын колдоо көрсөтүшү.1754-85-жылдар
Кубат бийдин саясий ишмердиги тууралуу маалыматтар.1755-58-жылдар
Кыргыздардын түштүк-батышка оогон бөлүгүнүн Ала-Тоого кайтышы.XVIII к. 50-60-жылдары
Кытай аскери менен кыргыз-дардын биринчи кагылышы. Сарыбагыш, саяк, солто урууларынын элчилеринин Пекинге барышы.1758-жылы
Кашкардан 1000 түтүн кыргыздын Ат-Башыга көчүшү.1760-жылы
Эрдене бийдин Өзгөн, Ошко жортуулу. Кыргыз Ажы бийдин күрөшү.1762-жылдар
Түштүк Кыргызстанды Кокон хандыгынын каратышы.1762-1821-жылдар
Абылай хандын Талас, Чүйгө жортуулу.1770-1755-жылдар
Атаке бийдин элчилери Абдырахман, Шергазынын Россияга жөнөтүлүшү.1785-жылы
Эренектин князь болушу. Сибирь чөлкөмүндө кыргыз бийинин кыйрашы.1803-жылы
Ысык-Көлдүк кыргыз элчилеринин Россияга жөнөтүлүшү1813-1821-1824-жылдар
Чыгыш Түркстандагы Жаангер кожонун көтөрүлүшүнө кыргыздардын катышуусу.1820-27-жылдар
Кокон колунун Чүй, Нарын, Ысык-Көлгө жортуулдары.1825-31-жылдар
Бишкек чебинин негизделиши.1825-жылы
Атантай, Тайлактын Жаангер кожону колдошу.1825-26-жылдар
Тайлак баатырдын (1796-1838) Кокон бийлигине каршы күрөшү.1832-33-жылдар
Кыргыз, кыпчак феодалдарынын Шераалыны Кокондо хан көтөрүшү. Нүзүп бий.1842-жылы
Ормондун хан көтөрүлүшү. Ысык-Көлдүк кыргыздардын кокондуктарга каршы көтөрүлүшү.1842-жылы
Алайлык, Ферганалык кыргыздардын кыймылы.1845-жылы
Кененсары Касымовдун Кыргызстанга чапкыны.1845-47-жылдар
Май-Төбө Мыкан салгылашуу-лары. Хан Кененин жеңилиши.1847-жылдын жазы
Бугу уруусунун Россиянын курамына киргизилиши.1855-жылы 17-январь
Кыргыз, кыпчактардын Мала-бекти хан көтөрүшү. Алымбек датканын Кокондо вазирлиги.1858-62-жылдар
Орус аскерлеринин Чүйгө жортуулу жана Бишкек чебин ээлеши.1860-жылы
Байтик баатырдын Кокон бийлигине каршы күрөшү.1862-жылдын жайы
Чүй өрөөнүнүн Россияга толук каратылышы. Курманжанга (1811-1907) Бухара эмири Сейит Музаффар Эддинин датка наамын ыйгарышы.1863-жылы
Нарындык кыргыздарды Россияга каратуу.1863-68-жылдар
Чаткал, Суусамыр, Кетмен-Төбөнү каратуу. М.Г. Черняевдин Коконго жортуул башташы.1864-жылы
Таласты Россияга каратуу.1865-жылы
Сарт-калмактардын Россия букаралыгына кабыл алынышы.1869-жылы
Кокон көтөрүлүшү. Полот хан (Исхак молдо).1873-76-жылдар
Кокон хандыгынын жоюлушу.1876-жылы 19-февраль
Падыша аскерлеринин Алайга жүрүшү. Алайлык кыргыздарды Россияга каратуу.1876-жылдын жаз-жайы
Чыгыш Түркстанда Садыкбек башында турган кыргыз, уйгур жана башка элдердин кытай баскынчыларына каршы күрөшүнүн башталышы.1864-жылы
Чыгыш Түркстанда Жети-Шаар мамлекетинин жашашы. Жакыпбектин, Байдөөлөт датканын ж.б. ишмердиктери.1866-1877-жылдар
Дунгандардын Кыргызстанга келиши.1877-84-жылдар
Бишкек (Пишпектин) уездинин борбор шаар статусун алышы.1878-жылы
Анжиян көтөрүлүшү.1898-жылы май айы
Кыргыздардын улуттук-боштондук үчүн көтөрүлүшү.1916-жылдын жай — күзү
Падыша өкмөтүнүн кулагандыгы тууралуу кабардын Бишкекке келиши.1817-жылы 3-март
Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетин түзүшү.1917-жыл 19-апрель
«Букара», «Алаш», «Шура-и-Ислам», «Туран» уюмдарынын уюшулушу.1917-жылдын жаз, жай айлары
Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин Кытайдан кайткан кыргыздарды Пржевальск жана Пишпек уезддерине коё бербөө жана аларды Нарындын тоолуу райондоруна жайгаштыруу жөнүндө токтому.1917-жыл 19-апрель
Петрограддагы куралдуу көтөрүлүш. Убактылуу өкмөттүн кулатылышы.1917-жыл 25-октябрь (7-ноябрь)
Сүлүктү, Кызыл-Кыяда Совет бийлигинин орношу.1917-жыл, ноябрь
Бишкекте Совет бийлигинин орношу.1918-жыл, январь
Караколдо Совет бийлигинин орношу. Түптө эң алгачкы «Жаңы доор» («Новая эра») коммунасынын уюшулушу.1918-жыл, май
Таласта кулактардын козголоңу.1918-жыл, августтун аягы
Беловодскидеги солчул эсерлердин козголоңу.1918-жыл, 6-декабрь

(Уландысы бар)

 “Кыргыздын 100 керемети” китебинен

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар