Среда, 15 января, 2025
2.1 C
Бишкек

Жыргалбек ЖУМАШОВ: «2025-жылда аткара турган иштерибиз арбын”

Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагынын башчысы Жыргалбек ЖУМАШОВ менен маек.

Айыл  өкмөтүнө  караштуу 14 айыл бар. Алар: Оргочор, Боз-Бешик, Подгорный, Кургак-Айрык, Светлая Поляна, Чоң-Кызыл-Суу, Тилекмат, Мундуз ж.б. айылдар. Калктын саны 16998. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы: 111 млн. 302 миң сом. Чыгашасы: 109 295 450 сом. Бюджеттин аткарылышы 99%. Оргочор айыл аймагынын башчысы Жыргалбек ЖУМАШОВ өткөн жылда кыйла ийгиликтерге  жетишкендиктерин, ал эми 2025-жылда дагы аткарыла турган иштери арбын экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

Өткөн жылда аткарылган иштер

2024-жылы Оргочор айыл өкмөтү тарабынан Бексултанов көчөсүнө 860м жолго асфальт төшөлдү. Ага кеткен каражат 10 290 000 сомду түзүп, анын 5 млн. сомун финансы министрлиги өнүктүрүү фондунан (48%) бөлүп, калган 390 000 сом  өздүк  салым аркылуу жасалды.

Чоң-Кызыл-Суу айылынын маданият үйүнүн  ремонттоо иштери айыл өкмөтү  жана  өнүктүрүү фонду аркылуу 1 млн. 100 миң сомго жасалды.

Мектепке чейинки “Бактылуу балалык” билим берүү уюму 2022-жылы капиталдык курулуштар беренесинин тизмесине кирип, 78 млн. сомго тендер жарыяланган.

«Сириус» ЖЧКсы  аркылуу  73 млн. 531 миң  сомго  республикалык бюджеттин каржылоосу  менен 2 кабаттуу, 100 орундуу бала бакча ишке кирди.

Президенттин фондунан 25 миң долларга газон салынып, ишке берилди.

Инвестиция тартуудагы ийгиликтер

2024-жылы жалпы суммасы 10 млн. долларды түзгөн кыш чыгаруучу заводдун капсуласы салынды. Ал бүтсө келечекте 50 жумушчу орун түзүлөт. Ошондой эле, АРИС дол-боорунун АИД-3 КК долбоору аркылуу “Боз-Бешик айылында ангар куруу жана дан кайра иштетүүчү жабдыктарды сатып алуу” ири долбоору 2 146 010 сомго «Вилла» ЖЧКсы  аркылуу ишке ашырылды. Аны менен катар АРИС долбоору аркылуу
65 000 долларга ФАП курулуп колдонууга берилди.

Мындан сырткары, Тилекмат айылында 100 орундуу бала бакча 73 млн. сомго республикалык бюджеттен курулуп, ишке берилди. Ошол эле Тилекмат айылына  сметалык баасы 143 млн. сомду түзгөн таза суу долбоору республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Долбоорду (Пинк строй) компаниясы 125 млн. сомго тендерден утуп, иштер башталды. Мундуз айылында АКШнын  каржылоосу менен жалпы суммасы 2 млн. 200 миң сом, КААБдын ачылышы болду. Анын ичинен 1 млн. 300 миң сому жергиликтүү  бюджеттен сарпталган.

Жергиликтүү бюджеттен 593 184 сомго 1 км жерге 22 электр тирөөч коюлуп, линия-лар тартылды.

Эл аралык фонддор менен кызматташтык

Оргочор айыл өкмөтү 2024-жылы эл аралык фонддор менен кызматташып, алгылыктуу иштерди жасоого жетишти. Айталы, Чоң-Кызыл-Суу айылында «Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук  фонду аркылуу 127 кв.м  жерге  ФАП куруу  иштери башталды. Болжолдуу баасы  5 млн. сом болду. Ошондой эле, Үч-Кошкон айылында АРИС долбоору аркылуу Туристтик борбордун имараты ремонттон өттү.

Айыл чарбасындагы аткарылган иштер

Айыл аймагындагы ички канал, арыктардын жалпы узундугу 114.4 км (а.и. жер арыктар –  89.3 км, бетон лотоктолгону – 6,4 км, КДС ачык – 18,7 км) түзөт. Агын суулар аймакка Жети-Өгүз жана Кызыл-Суу суулары аркылуу келет. 2021-жылы сугат суу боюнча кабыл алынган мыйзамды жана элдин муктаждыгын эске алып, 2024-жылы 114,4 км арык, каналдарды муниципалдык менчикке кабыл алдык.

Жалпы аймак боюнча жердин аянты 9753 га, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери  2409 га. Анын ичинен: 7747 га сугат жер, 1743 га кайрак жер. 189 га көп жылдык бактар.

Күздүк себүү: 2024-жылдын түшүмү үчүн Оргочор айыл өкмөтү боюнча 3560 га күздүк буудай, 1520га күздүк арпа, жалпысынан 5080га жерге арпа жана буудай себилди. Оргочор айыл аймагына караштуу Буркан жайлоосуна баруучу жолдор жана  Чоң-Кызыл-Суу айылында Кара баткак көпүрөлөрү 220 000 сомго жайыт комитетинин бюджетинен жасалды.

Жер мунапысы

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Ак-Шыйрак, Ыштык, Үч-Кошкон  айылдарындагы 58 кожолукка  кызыл китептер тапшырылды.

Жолдорду оңдоп-түздөө

Оргочор айылынын жаңы конушка кетүүчү негизги жолуна 205 000 сомго кум шагыл төгүлүп, түздөө иштери жүргүзүлдү.

Кулуке ата көчөсүнө  жаңы көпүрө коюу үчүн айыл өкмөтү  тарабынан 150 000 сомго көпүрө алынып берилип, элдин күчү менен коюлду.

Чоң-Кызыл-Суу  айылынын ички жолдорунун 6 км жолу сүрүлүп түздөлдү. Аны менен бирге Шалбаа – Липенка – Жон-Булак негизги жолунун Аң-Өстөн – Мундуз айылынын 2 км. 200 м жолуна   асфальт төшөлдү. Жалпы суммасы 12,410 миң сомду түздү.

Оргочор айыл өкмөтү тарабынан 200 000 сомго И.Калдыбаев көчөсүнүн 1 км 200 м жолуна кум, шагыл төгүлүп, айыл өкмөттүн техникасы аркылуу түздөө иштери аткарылды.

Таза суу

Кургак-Айрык  айылына таза суу түтүктөрү айылдын аягына чейин тартылды. Бул ишке жергиликтүү бюджеттен 2 млн. сом акча   каражаты жумшалды. Тилекмат айылына  сметалык баасы 143 млн. сомду түзгөн таза суу долбоору республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Долбоорду (Пинк строй) компаниясы 125 млн. сомго утуп, иштер башталды. Айылда  850 түтүн, жаңы конушта 250 түтүн, бардыгы 1100 түтүн  айыл эли таза  суу менен камсыз болот.

Аз камсыз үй-бүлөлөргө камкордук

Светлая Поляна айылында АРИС долбоору аркылуу 41,000 долларга мектептин сыртын жылуулоо иштери жасалып, ар бир класска аба алмаштыруучу аппараттар коюлду. Ал эми Алыбаков мектебине  4 700 000 сомго ремонт иштери 3 этап менен жасалды.

Р.Шаршебаева атындагы «Керемет» бала бакчасы «Жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму» наамына татыктуу болушту.

Yч-Кошкон айылында туристтерди кабыл алуучу мейманкана  1 401 000 сомго АРИС уюму аркылуу каржыланып  жасалууда. Тиричилик техникалары  497 500 сомго алынды.

КР Президентинин “Калктын аярлуу катмарынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө” жарлыгын жана КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттык негизинде жардам берүү жөнүндө” № 385 токтомун аткаруу максатында аймак боюнча  92 адамга  100 000 сом  берилди жана Кумтөр ишканасы тарабынан 24 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 000 сомго саан уйлар алынып берилди.

КР Президентинин “Калктын аярлуу катмарынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында 126 аз камсыз болгон  үй-бүлөлөргө  жергиликтүү бюджеттен 400 000 сомго 63 тонна көмүр таралып берилди.

3-декабрь «Майыптар күнүнө» карата жергиликтүү бюджеттен 205 000 сомго 171 жаранга белектер жана “Кумтөр” ишканасы тарабынан 60 адамга соцпакет берилди.

«Улуттук нарк» Жарлыгын аткаруу максатында «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына» карата Ак-Дөбө  айылында «Жети-Өгүз  аймак ышкыбоздору – 2024»  эл аралык конкурс-фестивалы өткөрүлдү.

2025-жылы жасалуучу иштер

Оргочор айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн Оргочор айыл аймагын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын долбоору негизги 7 багытты камтыйт: Биринчи кезекте, жергиликтүү инфраструктураны жогорулатуу, социалдык сектор, капиталдык курулуш, маданият жана спорт, өзгөчө кырдаалдарды жоюу, билим берүү жана айыл чарба багыты.

  1. Чоң-Кызыл-Суу – Кызыл-Суу негизги жолуна асфальт төшөө;
  2. Боз-Бешик – Марко-Поло пансионатына чейинки 2 км жолго асфальт төшөө;
  3. Мундуз – Ак-Дөбө жолун асфальттоо (1км, 300 м);
  4. Оргочор айылында Токтогул көчөсүнүн 1 км жолуна асфальт төшөө (стимгрант менен);
  5. Аң-Өстөн айылынын Б.Ибраев көчөсүнүн 1 км жолун асфальттоо (стимгрант менен);
  6. Ак-Дөбө айылынын Сарт аке көчөсүнүн 1 км жолун асфальттоо (стимгрант менен);
  7. Тилекмат айылындагы А.Алтымышбаев мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү (стимгрант менен);
  8. Оргочор айылынын М.Тынаев мектебине спорт зал куруу;
  9. Боз-Бешик айылына спорт зал куруу;
  10. Боз-Бешик айылына маданият үйүн куруу ж.б.у.с. иштер пландалууда.

Аида БОЛОТБЕК кызы
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар