Среда, 15 января, 2025
9.1 C
Бишкек

«Кыргыз Туусуна» жаздырууну кыр ашыргандар жана өксүткөндөр

Кылым жашындагы “Кыргыз Туусу” гезитинин өз окурмандарынан жаап-жашыра турган эч нерсеси жок. Айталы дегенибиз, 2025-жылдын жарым жылдыгына “Кыргыз Туусуна” жазылуу, жаздыруу өнөктүгү дагы деле жүрүп  жатат.

Ал эми “Кыргыз Туусуна” жаздыруу өнөктүгү жергиликтүү мамлекеттик органдар, райондук администрациялар, облустардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, министрликтер, мамлекеттик мекемелер тарабынан жүргүзүлөт. Анткени, “Кыргыз Туусу” Министрлер Кабинетинин расмий басылмасы. Мамлекет башчысынын, Министрлер Кабинетинин саясатын элге жеткирип келе жаткан – мамлекеттик гезит. Болгондо да бир кылым бою мамлекетибизге, кыргыз элине кызмат кылып келе жаткан улуттук төл башы басылма.

“Кыргыз Туусунун” аткарып жаткан милдетин жакшы түшүнгөн жергиликтүү мамлекеттик органдар, райондук администрациялар жаздыруу өнөктүгүнө жакындан жардам беришкенин белгилей кетели. Алар: Кара-Кулжа району – 225, Кара-Суу району – 208, Аксы району – 192, Баткен району – 181, Лейлек району – 168, Кадамжай району – 166, Ноокат району – 156, Талас району – 158, Ала-Бука району – 149, Сузак району – 135, Өзгөн району – 116, Ноокен району – 111.

“Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясы аттары аталган райондордун жетекчилигине чоң ыраазычылыгын билдирет жана иштерине  албан ийгиликтерди каалайт.

Ошол эле учурда жаздыруу өнөктүгүн жайына калтырып, кыштын күнү жайлоого чыгып кеткенсиген райондук мамлекеттик администрациялар да болгондугу өкүнүчтүү. Атап айтсак, Чоң-Алай району – 1, Ак-Талаа району – 5, Кочкор району – 8.

Аргасыздан буларга “Кыргыз Туусунан” тамаша-чыны аралаш салам жолдодук.

Мирбек ШАМЫРКАНОВГО,
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими

Чоң тоолордун ар жагы,
Чоң-Алайдан кеп келет.
Чоң-Алайдын акими
“Кыргыз Туусу” гезитке,
Жалгыз өзү жазылып,
Жашынып окуйт деп келет.

Кокус бирөө окуйт деп,
Кончуна бүктөп катат дейт.
Жатсам таап алат деп,
Жаап-жашырып кызганып,
Жаздыгы менен басат дейт.

Жалпы журттун гезитин,
Жалгыз өзүң окубай.
Жабылып баары окусун,
Жаздыртып койчу, кокуй ай.

Жумадилла ЖАПАРОВГО,
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими

Ассолому алейкум,
Айталы Жуке арманды.
Белгилүү жер Ак-Талаа,
Берилип гезит окуган,
Беш эле киши калганбы?

Ээ, Жуке,
Ак-Талаа эли куттуу журт,
Аралашып күлүп жүр.
Ажонун сөзүн калтырбай,
Атпай журтка жеткирген,
Ушул гезит билип жүр.
Көпчүлүк баары окусун,
Көңүлүңө түйүп жүр.

Баялы ДОСАЛИЕВГЕ,
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими

Байкап турсам Баялы,
Кубакы белин ашыпсың.
Ак-Талаадан үч гезит,
Ашыгыраак жаздырып,
Кубанган бойдон жатыпсың.

Жүйөлөшүп көрөлү,
Сөз тыңшачы Баялы.
Жазылбаса калган эл,
Өкмөттүн ишин түшүнбөй,
Өкүнгөн бойдон калабы?

Кандар чыккан бу Кочкор,
Канча чоңду көрбөгөн.
Кабатыр кылды бул ишиң,
Каалаган көптүр жазылчу,
Кеңешип көрчү эл менен.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар