whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
16.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкономика2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1,5 трлн. сомду түздү

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1,5 трлн. сомду түздү

Ички дүң продукт 2024-жылдын январь-декабрында алдын ала баалоо боюнча 1,5 трлн. сомдун ашыгын түздү жана 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9%га өстү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь-декабрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 585 млрд сомдон ашып, 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу тазаланган мунайзат продуктулардын көлөмүнүн (1,9 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин (30,5 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (20,1 пайызга), текстиль жана кийим-кече өндүрүшүнүн (15,3 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (21,7 пайызга), резина, желим буюмдардын жана курулуш материалдарынын (10,8 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (4,0 пайызга) өсүшүнүн эсебинен 5,5 пайызга көбөйдү.

Бактыбек Кудайбергенов белгилегендей, оң тенденциялар курулушта да байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 18 пайызды, дүң жана чекене соода – 18,5 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы — 6,3 пайызды түздү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар