Financial Times Кыргызстанды 2025-жылы эс алуу үчүн эң мыкты 50 жердин тизмесине киргизди.
Басылма үчүн макала жазган белгилүү саякатчы Александра Толстая Ат-Башы району аны аябай таасирленткенин белгилеген. Өзгөчө аны топоздор менен боз үйлөр суктандырган.
Толстая көп жылдан бери Кыргызстандын башка аймактарына ат менен турларды уюштуруп келет.
Быйыл ал 27-апрелде Бишкектен Ат-Башынын алыскы аймагына 8 күндүк ат менен тур уюштурат. Катышуучулар Таш-Рабатка чейин барары айтылды.