Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри кызматын Бакытбек Жетигенов ээлеп келген. Ал кызматтан алынган Уланбек Далиевдин ордуна Ысык-Көл облусунун башчысы болуп барды.
Ал эми Жеңишбек Токторбаев — Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты.