Трамп Россияга зыян келтиргиси келбей турганын айтып, бирок Москва Украинадагы атайын операцияны жыйынтыктабаса жаңы санкцияларды киргизем деп сестентти.
Трамптын айтымында, Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу үчүн келишим түзүүгө даяр.
Ал жаңжалды батыраак бүтүрүүгө чакырып, эгер азыркы абал узай бере турган болсо “мындан да жаман болорун” айтты. Трамп кырдаал “оңой же татаал жол” менен жөнгө салынарын, ал биринчи жолун тандай турганын билдирди.
Россия болсо Трамптын иш жүзүндөгү демилгелерине карата кадам жасаларын, бирок улуттук кызыкчылыктардан аттап кетпей турганын эскертти.
“Владимир Путин сүйлөшүүгө даяр экенин тастыктады, бирок сүйлөшүү сый жана тең укуктуу болушу шарт. Жаңжалдын себептерин жоюу үчүн юридикалык кепилдиктер керек, бул Европадагы коопсуздуктун жаңы чеги. Биз оңой болобу же кыйын болобу, адилеттүүлүктү жана чындыкты тандайбыз”, — деди Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий.
Ал Трамп азырынча Украина кризисинен чыгуу боюнча конкреттүү сунуштарды бербей эле коркутуулар менен гана чектелип жатканын белгиледи.