Жаңылбасак 8 жыл мурун Кыргызстанда «Автотранпспорт ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынган. Андан бери бул мыйзамды толук кандуу ишке киргизүү улам артка жылдырылып келген. 2022-жылы Министрлер Кабинетинин №682 токтомунда автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (мындан ары-ОСАГО деп берилет) полисин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) инспекторуна милдеттүү түрдө көрсөтүлүүчү документтердин тизмесине киргизүү каралган. Ошондой эле бул полис жок болсо айдоочуларга 2023-жылдын 1-январынан тарта 3 миң сомдон жогору айып пул салынары маалымдалган. Кийин ал апрель айына жылдырылган. Андан көп өтпөй Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев президенттин тапшырмасы менен аталган айып пулду киргизүү белгисиз мөөнөткө артка жылдырылганын айткан. Өткөн жылдын аягында Министрлер Кабинентинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 1-июлунан тарта ал айып пулду киргизүү токтомуна кол койду. Ага чейин ушул жылдын башынан тарта полиси жоктордон айып пул алынары айтылып жаткан.
Мыйзам долбоору али чийки
Эске салсак, 2023-жылдын башында өлкө башчысы “Кабар” маалымат агенттигине бул мыйзам долбоору боюнча өз пикирин айткан. С.Жапаров автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу долбоору 2015-жылы иштелип чыкканына токтолуп, бул долбоор али чийки экенин баса белгилеген. “Бул азыр али чийки. Долбоорду мамлекет өз көзөмөлүнө алышы керек. Муну азыр бирөөгө бергенге болбойт. Эл учурда жеке адамдарга ишенбегендиктен буга каршы чыгып жатат. Андыктан муну мен жеке көзөмөлүмө алып, эл өзү унааларын камсыздандырууну каалагандай кылам. Негизи долбоор элге керек. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө автоунааны камсыздандырышат. Болгону бул жерде ак жана калыс иштөө керек. Эгер бул долбоор жакшы иштей турган болсо балким жеке адамдарга да беришибиз мүмкүн. Себеби, элде жеке фирмада же мамлекеттик мекемеде камсыздандыруу тандоосу болушу керек”, – дейт ал.
Албетте, кайсыл тармак болбосун камсыздандыруу сөзсүз керек. Ар жылы өлкөбүздө адам өлүмү менен коштолгон ондогон оор автокырсыктар болуп, эл оор зыянга учурап жатканда бул терең ойлоно турган маселе. Алсак, 2024-жылдын алты айында эле 3060 автокырсык катталып, 280 адам каза болгон. Тилекке каршы, кырсыкка кабылгандардын дээрлик бардыгы камсыздандырылбагандыктан зыян үчүнчү жактын эсебинен калыбына келтирилген эмес. Камсыздандыруу демекчи, бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 1 млн. 690 миң автоунаа катталса, анын 108 500ү гана камсыздандырылган. Бул жалпы автоунаалардын 6,4 пайызы гана камсыздандырылган дегенди билдирет. Ал эми камсыздандыруу полиси жокторго салынуучу айып пулга келсек, МинКабдын токтомуна ылайык жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң айып пул салуу каралган.
Чет өлкөлөрдө камсыздандыруу маселеси кандай?
Италияда унааны камсыздандыруудан сырткары адамдын жеке өзүн өз каалоосу менен камсыздандыруу жагы да бар. Адамдын өзүн камсыздандыруу мыйзам боюнча милдеттүү болбогону менен жол кырсыктарында чыгашаларды жабууга жардам берет. Бирок, мындай камсыздандыруу кымбат болгондуктан ар бир эле италиялык бул мүмкүнчүлүктү пайдалана албайт. Бул өлкөдө унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жана айдоо-чунун тажрыйбасына жараша камсыздандыруу акысы эсептелет. Кыймылдаткычтын көлөмү канчалык чоң болсо камсыздандыруу ошончолук жогору болот. Мисалы, унааны жылдык камсыздандыруу полисинин баасы орто эсеп менен 353 евро (26 миң сом) болот.
Аргентинада темир тулпар канчалык кымбат болсо камсыздандыруу төлөмү да ошого жараша көп эсептелет. Базалык камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн автоунаа техникалык кароодон өтүшү керек жана камсыздандыруу полиси дайыма айдоочунун жанында болушу кажет. Кипрде 160 евродон 350 еврого чейин (12 миң сомдон 26 миң сомго чейин) унаасын камсыздандырган адам жол кырсыгына учураса үчүнчү жактан ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 1,2 миллион евродон 33 млн. еврого чейин талап кыла алат. Ошол эле кезде бул өлкөдө камсыздандыруу полиси жок унаага отурган адам 300 еврого чейин айып пул төлөйт жана 6 айга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.
Түштүк Кореяда милдеттүү камсыздандыруу төлөмү бир аз кечиктирилгени үчүн чоң айып пул салынат. Сом менен эсептесек автоунааны бир жылдык камсыздандыруу 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин барат. Бул өлкөдө олуттуу жол кырсыгы болгон учурда айдоочулар камсыздандыруу компанияларына чалышат жана бири-бири менен көп сүйлөшүшпөйт. Компаниялардан келген комиссарлар иштин жагдайына жараша чечим чыгарышат. Францияда болсо унаанын камсыздандырылганын билдирген чаптамасыз жол жүрүү кооптуу. Себеби, ал жок болсо полиция 500 евро айып пул жазат, экинчи жолку мындай эреже бузууда айып пул 3750 евро болот. Ага карабай бул өлкөдө жылына 800 миңдей айдоочу камсыздандыруу полиси жок жолго чыгат. Себеби, Францияда автоунааны камсыздандыруу кымбат турат.
Экономика министрлиги эмне дейт?
Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну киргизүү эмне себептен улам артка жылдырылып жатканынын себебин Экономика министрлигинин Банктык эмес финансылык рынок саясаты секторунун башчысы Азамат САМАТОВ мындайча түшүндүрдү. Анын айтымында, автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча, анын артыкчылыктары тууралуу элге маалымат жеткиликтүү болбой жаткандыктан муну ишке киргизүү улам артка жылдырылып жатыптыр. “Өзүңүздөр билгендей ОСАГО боюнча азыр элде толук кандуу түшүндүрмө болбой жатат. Ошондуктан министрликтин деңгээлинде атайын медиаплан иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө ошонун негизинде тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Экинчи жагынан сиздер айткандай, камсыздандыруу компанияларынын да камсыздандыруу иштерин талаптагыдай жүргүзүүгө даярдыгы аз болуп жатат. Алардын баары эске алынып камсыздандыруу компанияларына бир нече тапшырмалар берилген. Тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарыш үчүн компаниялар белгилүү бир убакыт берүүнү суранышкан. Үчүнчүдөн, азыр Кыргызстандагы 1680 сом деп белгиленген базалык камсыздандыруу төлөмү өтө аз жана ал сумма 2015-жылдагы кабыл алынган мыйзамдын негизинде бекитилген. Камсыздандыруу компаниялары мындай тарифтер менен иштөө бизге өтө оор болот деп жатышат. Себеби, камсыздандыруу төлөмүнө келгенде компания камсыздандырылган адамга жүз, эки жүз эсе көп төлөп калат. Ошондон да камсыздандыруу компаниялары бир аз кооптонуп турушат. Ага карабастан камсыздандыруу компаниялары азырынча ушул тариф менен иштөөгө макулдуктарын беришти. Ушундай себептерден улам милдеттүү камсыздандырууну киргизүү улам артка жылдырылып жатат.
Учурда өлкөдө 15 камсыздандыруу компаниясы болсо, анын бирөө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму. 14 жеке компаниянын ичинде мамлекеттин үлүшү бары да, жогу да бар. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыктан жалпы капиталы 200 миллиондон 1 млрд. сомго жетти. Ошондуктан калктын бул компанияга ишеними жылдан жылга өсүп жатат десек болот. Ал эми автоунааларды каттатууда, сатууда, сатып алууда камсыздандыруу полиси сөзсүз болушун милдеттендирген долбоор былтыр июль, август айларында иштелип чыккан. Бирок, ал долбоор ошол эле мезгилде кайра артка кайтарылгандыктан учурда камсыздандыруу полиси сөзсүз болушу керек деген талап жок”, – дейт А.Саматов.
“ОСАГО – бул мүлктүн коопсуздугу”
Мамлекеттик мындай олуттуу маселелерде ынанымдуу пикирин билдирип келген, учурда чет өлкөлүк компаниялардын биринде иштеп жаткан эркин журналист Тынчтыкбек АЛТЫМЫШЕВ ОСАГО боюнча буларга токтолду:
“Негизи ОСАГО – укуктук жоопкерчилик, а КАСКО – материалдык
жоопкерчилик. Кыргызстанга келген коноктор, бизде иш жүргүзгөн чет өлкөлүк инвесторлор дагы, бардыгы келгенде эле камсыздандырууну сурашып, андан өтүп коюуну суранышат. Камсыздандыруусу жок унаа же айдоочу менен алар эч качан жол жүрбөйт. Себеби, камсыздандыруу чет өлкөлөрдө көндүм эле иш жана чоң жоопкерчилик. Керек болсо бизге келген туристтер айдап жүргөн машинесинен тартып, лыжасына чейин камсыздандырып коюшкан. Ошол себептен дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө банк-тардан кийинки эле акчалуу мекемелер – камсыздандыруу компаниялары.
Азыр мен чет өлкөлүк компанияда иштейм. Биздин ар бир кызматкерибиз, техникаларыбыздын баары камсыздандырылган. Өткөн жылы биздин бир унаабыздын терезесине муз тийип, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму айнектин баасы менен аны орнотуп берүү акысына кеткен 27 миң сом зыянды төлөп берди. Ошондон улам камсыздандыруудан биз такыр качпашыбыз керек. Ошол эле үйлөрдү алсак, айыл жеринде 600 сомго, шаар жеринде 1200 сомго үйүңдү камсыздандырып кой. Кокус катуу шамалдан, селден үй жабыркаса камсыздандыруучу компания чыгымдарын төлөп берет. Мисалы, өткөн жылы Ноокаттын Абшыр-Сай өрөөнүндө сел жүргөндө 600 сомдон үйлөрүн камсыздандыргандар 2 миллион сомдон алышты. Демек, камсыздандырууну бизге болгон камкордук деп түшүнүшүбүз керек.
Буга чейин транспортторду жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги ОСАГОнун баасын 1600 сомдон башталат деген. Ага жарандардын көбү каршы чыгышты. Менимче, ОСАГО бизге абдан керектүү нерсе болчу. Тилекке каршы, ынанымдуу маалыматтын жоктугунан көбүбүз ушул сумманы оор көрүп, чогулган каражат кайсы бир компанияны эле байытат деген көз карашта турабыз. Болбосо, коңшу өлкөлөрдүн баарында ОСАГО иштейт. Мунун негизги максаты кайсы бир айдоочунун кесепетинен экинчи, үчүнчү тараптардын кырсыктагы чыгымдарын төлөп берүү. Мисалы, мен унаам менен башка бир унааны сүзүп алсам экинчи унаадагы, өзүмдүн унаамдагы адамдардын ден соолугуна келтирилген чыгымдарды, материалдык чыгымдарды мени камсыздандырган компания төлөп берет. Эгер камсыздандыруум жок болсо мен сүзгөн унааны, өзүмдүкүн жасатып, эки унаанын тең ичиндеги адамдардын материалдык, моралдык чыгымдарын өз чөнтөгүмөн төлөйм. Ошондуктан ОСАГОнун жарандарды камкордукка алган жакшы жактары бар. Көпчүлүк өлкөлөрдө ОСАГОсуз унаа айдап чыккандар айып пул төлөшөт. Башкача айтканда, камсыздандыруу төлөмүнөн эч ким баш тарта албайт.
Эң башкысы камсыздандыруу биринчиден, мыйзамдык база, экинчиден, ал каржылык коргонуу. Жол кырсыгы болгон учурда камсыздандырылган адам кайсалап насыя алып, карыз албайт. Үчүнчүсү, бул ачык айкындулуук, ыңгайлуулук. Кырсык болгон учурда ким күнөөлүү экенин териштирүү иши Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматы менен камсыздандыруу компаниясынын ортосунда жүрөт. Ошол эле кезде ооруканага түшкөн адамдардын дарылануусуна кеткен чыгымдар медициналык маалымдамалардын негизинде так төлөнөт. Ага албетте, камсыздандыруучу компания өзү кызыкдар болот. Төртүнчүдөн, камсыздандырылган айдоочу кокус бир нерсе болсо чыгымдарымды төлөй турган компания бар деген ойдо өзүнө ишенимдүү, бейгам жүрөт. Бешинчиден, камсыздандырылган айдоочуларда социалдык жоопкерчилик жогору болуп, башкаларга зыян келтирбейин деп этият айдайт.
А милдеттүү камсыздандырууга келсек, башка өлкөлөрдө бул сууну, электр энергиясынын төлөмүн төлөш керек дегендей эле кеп. Анын үстүнө бизде автокырсыктар абдан көп. Ар күнү эле ар жерде унаалар сүзүшүп, айрым учурда эки-экиден мушташып жатканын да көрөбүз. Ошондуктан муну кадимки турмушубузга киргизишибиз керек. Кырсык болсо юридикалык жагын Жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын кызматкерлери чечип берет, материалдык жагын камсыздандыруучу компания чечет. Андыктан муну көп кечеңдете бербешибиз керек”, – дейт Т.Алтымышев.
Кол ийрисине тартуу деген болбойт
Жол кырсыгы болгон убакта келтирилген зыянды ким, эмненин негизинде эсептеп, ОСАГО төлөмү кандай төлөнөт деген суроо албетте жаралбай койбойт. Мындай суроо менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААКсынын камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы Азат КЕНДИРБАЕВге кайрылдык. Ал мындайча түшүндүрмө берди:
“Жол кырсыгы болгон убакта сөзсүз түрдө көз карандысыз баалоочу чакырылат. Камсыздоочу сунуш кылган көз карандысыз баалоочу мыйзамдуу лицензиясы, тиешелүү документтери бар, мамлекет койгон стандартка жооп берген баалоочу болуш керек. Ал кайсы бир баалоочу компаниянын өкүлү же физикалык жак, жеке ишкер болушу мүмкүн. Ошол баалоочунун эсептеп чыгарган корутундусунун негизинде ОСАГО төлөмү төлөнүп берилет. Албетте, баалоочунун кызмат акысын аны чакырган тарап төлөйт. Эгер баалоочуну жабыркаган тарап чакырса баалоочунун кызмат акысын да камсыздандыруу компаниясы төлөп берет. Ошондой эле эки тараптын бири баалоо корутундусуна макул эмес болсо башка баалоочу чакырууга укугу бар. Же сотко берсе да болот. Албетте, пенде болгон соң камсыздандыруу төлөмүн алуучу тарап баалоочуга пара берип, келтирилген зыяндын суммасын көбөйтүп коюуну да суранышы мүмкүн. Эгер андай шек жарала турган болсо биз башка көз карандысыз баалоочунун чакырабыз же тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылабыз”, – дейт Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү.
Жогоруда келтирилген жүйөлөрдөн улам автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну улам кечеңдете берүүнүн кажети жок экени ачык-айкын көрүнүп турат. Эгер мамлекет 2025-жылы июль айында дагы артка жылдыра турган болсо элдин ушул маанилүү ишке ишеними азаят. Анда иш таптакыр артка кетет. Андыктан бул ишти Министрлер Кабинети болушунча эртерээк ишке ашырышы керек. Ошону менен бирге эле камсыздандыруу компаниялары ОСАГОнун маанилүүлүгүн, учур талабы экенин, андан жарандар күйбөй тургандыгын элдин аң-сезимине жеткириши керек. Тилекке каршы, азырынча мындай иш-аракеттер өтө чабал жүргүзүлүп жатканына өзүбүз күбө болуудабыз.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”