Кыргызстанда газдын баасы аны импорттогон өлкөргө салыштырмалуу кыйла арзан.
Бул тууралуу “Газпром Кыргызстандын” директорунун орун басары депутаттын өлкөдө газ кымбат, тарифти азандатуу керек деген сунушуна берген жообунда билдирди.
“Ошол эле ЕАЭБге кирген Армения дагы газды Азербайжан менен Россиядан импорттойт. Баасы бизге салыштырмалуу эки эсе кымбат. Биз минималдуу тарифти коюп, 2014-жылдан бери алганда былтыр гана чыгымдарды жаба баштадык”, — деди Арзымат Алдаяров.