Жапония дүйнөгө “өлбөстөрдүн өлкөсү» катары белгилүү. Айрыкча, Жапониянын түштүгүндөгү Окинава аралы кылым карыткандардын саны боюнча дүйнөлүк рекордго ээ болгондуктан, бүгүнкү күндө илимпоздордун көңүлүн өзүнө буруп келет. Бул жерде жашы 100дөн ашкан төрт жүздөн ашык адам жашайт.
Окумуштуулар бул көрүнүштү биринчи кезекте туура тамактануу адаттары менен түшүндүрүшөт. Алардын узак жашашынын сыры болгон, жашооңузга өзгөрүү киргизе турган, өтө натыйжалуу 5 адат тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.
Туура тамактануу
Жапондор күнүмдүк жеп жаткан тамак-аштарына аябай көңүл бурушат. Алардын рациону балык, деңиз азыктары, күрүч, жашылча-жемиштер, балырлар жана соя азыктарына бай.
– Балык жана деңиз азыктары. Жүрөккө оң таасир берип жана сезгенүү ооруларын азайтуучу Омега-3 май кислоталарына бай.
– Жашылча-жемиштер. Витаминдердин, минералдардын жана антиоксиданттардын жогорку курамы иммундук системаны чыңдоого жана өнөкөт оорулардын өнүгүшүнө жол бербөөгө жардам берет.
– Соя жана андан жасалган азыктар. Каныккан майларды камтыган белоктун булагы.
Ошондой эле алар чай ичкенди аябай жакшы көрүшөт. Көбүнчө, көк чай ичишет. Анткени, көк чайдын курамында антиоксиданттар бар жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын кескин азаюусуна жардам берет. Ал эми эт менен майды аябай аз деңгээлде колдонушат. Алар тамакты аз-аздан, бирок, тез-тезден жешет.
Физикалык активдүүлүк
Күнүмдүк физикалык машыгуу бул элдин жашоосунун бир бөлүгү жана маанилүү роль ойнойт. Алар эс алуунун активдүү түрлөрүн жактырышат, мисалы:
– Жөө жүрүү. Алар көп басышат, бул алардын жалпы физикалык абалын жакшыртат жана стресстин деңгээлин төмөндөтөт.
– Йога жана тайчи. Бул практикалар ийкемдүүлүктү жана тең салмактуулукту сактоого жардам берип, эс алууга жана медитацияга көмөктөшөт.
– Салттуу спорттун түрлөрү. Кендо, айкидо, сумо жана башка согуш өнөрлөрү физикалык күчтү гана өнүктүрбөстөн, рухту жана өзүн-өзү тарбиялоону чыңдайт.
Жапондор карыганда да физикалык жактан активдүү болушат. Бул нерсе жүрөктү, муундарды жана булчуңдарды жакшы сактоого жардам берет.
Коом менен тыгыз байланышта болуу
Бул эл баарлашууну аябай баалайт. Алар үй-бүлөсү, достору жана коомчулук менен ар дайым тыгыз мамиледе болушат. Окинавада баарлашуу, өз ара жардамдашуу жана жашоонун кубанычтарын бөлүшүү үчүн чогулган чакан колдоо топтору – «Моаи» салты бар. Ал коомдук өз ара стресс менен күрөшүүгө жардам берет жана психикалык ден соолукту колдойт.
Стрессти азайтуу
Жапон эли маданиятты, гармонияны жана жан дүйнө тынчтыгын сак-тоого өзгөчө басым жасайт. Медитация, чай аземи же жаратылышта сейилдөө сыяктуу практикалар адамдагы стресстин деңгээлин азайтууга жардам берет. Ошондой эле алар бакчаларда жана жаратылыш парктарында көп убакыт өткөрүшөт, бул эс алууга шарт түзөт.
Убагында уктоо
Жапондор сапаттуу уйкуга абдан маани беришет. Алардын көбү катуу уктоо графигин карманып, уктагандан кийин белгилүү бир убакта ойгонушат. Ошондой эле алар күндүзү кыска эс алууда («инемури») менен машыгышат, бул энергияны калыбына келтирүүгө жардам берет.
Биз деле ушундай жашасак болобу?
Жапон элинин адаттарын күнүмдүк жашооңузга киргизүү ден соолукту жана бакубаттуулукту жакшыртат. Рационуңузга жашылчаларды жана балыктарды көбүрөөк кошуп, үзгүлтүксүз физикалык көнүгүүлөрдү жасап, жакындарыңыз менен болгон мамилени сактап, эс алууга жана сапаттуу уктоого убакыт табыңыз. Бул сизге узак жана бактылуу жашоого жардам бере турган жөнөкөй кадамдар болуп саналат.
Асел Муса кызы, «Кыргыз Туусу»