Среда, 22 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Даанышман ойчулдун улуу мурасы

  Кыргыздын улуу нускоочу акыны, эл олуя деп тааныган Калыгул Бай уулунун туулганына быйыл 240 жыл болот. Ал 1785-1855-жылдары жашап өткөн. Анын ырлары XX кылымдын биринчи жарымында элден жыйналып  “Замана”, “Насыйкат”, “Терме-санат” деген аталышта кагазга түшүрүлгөн. Өкүнүчтүүсү, 1947-жылдан кийин Калыгулдун эмгектерин окутууга, эскерүүгө тыюу салынган, анын кесепетинен далай чыгармалары бизге жетпей калды.
Эгемендиктин шартында даанышман акындын эмгектери боюнча бир нече макалалар, жыйнактар чыкты. Акылмандын мурасы изилдөөгө алынып, окуу жайларында окутулууда.

Ата-теги жана бала чагы

Кыргыздын алгачкы тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулунун жазганы боюнча Калыгулдун санжырасы кыргыздардын бириктирүүчүсү катары эсептелген, XVI кылымда кыргыз хандыгын түптөгөн Тагай бийден башталат. Тагайдан Кылжыр (өз аты Сарыбагыш). Кылжырдан Дөөлөсбакты, андан Манап, андан Сүтөй, андан Сарсейит, андан Үчүке, андан  Дөөлөткул, андай Бай, андан Калыгул төрөлөт. Калыгулдун атасы Бай сарыбагыш уруусунун манаптар тукумунан экендигине карабастан эл башкаруу ишине катышпаптыр. Оң бетинде калы болгондуктан аты Калыгул коюлат.

Калыгулдун атасы Байдын  бир тууган агасы кыраакы Ныязбек  терең ойлонуп, жөндүү сүйлөгөн Калыгулду бооруна тартып, кеп-кеңештерге маанилүү  иштерге аралашып, Калыгул калкка тааныла баштайт. Калыгул да Ныязбек бийди дайыма урматтап, эл алдында кадыр-баркын көтөрүп сылык мамиле жасаган. Ныязбек улгайган кезинде Калыгулду атайын чакыртып, аны менен көпкө аңгемелешип, анын акылдуулугуна тан берчү экен. Калыгулдун олуялык касиети бар экендигине Ныязбектин  да көзү жеткен. Ныязбек өзүнүн сегиз уулунун ичинен Ормонду келечекте эл бийлегенге жарайт деп эсептеп, ага Калыгулдун кеңешчи болушун каалап Ормонду жана башка балдарын Калыгулдун акылы менен болууга үндөгөн.

Коомдук ишмердиги

Калыгул өзү жашаган учурдагы  кыргыз жергесинде  болуп өткөн орчундуу окуялардын, маанилүү иштердин бардыгына катышкан. Түндүк кыргыздар менен Кокон хандыгынын иш алакаларында элчи, өкүл, кеңешчи катары аракеттенип өз элинин таламын коргогон. Чүй жана Көл чөлкөмүнүн Кокон хандыгына толук  баш ийбей калышына Калыгулдун кызматы чоң. Ал кыргыз элинин биримдигин чыңдоо, көз карандысыздыгын бекемдөө максатында Ормонду хан шайланышына жигердүү катышкан.

1842-жылы кыргыз хандыгы түзүлүп Ормон Ныязбек уулу ак кийизге салынып хан көтөрүлгөн кезде Калыгул олуя аталып,  атагы алыска кеткен эле. Калыгул иниси Ормонду адилеттүү хан болуу жөнүндөгү кенештерин көп айтат. Ормондун оройлугун билген Калыгул:

Коонун шамалы орой,
Акылсыздын сөзү орой.
Орой менен соргокту
Эл башына койсо көбөт.

Анан өзүнөн өлөт, – деген агалык сөздөрүн, жакшы акылын айткан.

Калыгул олуялык касиети менен өзү жашаган доордогу болуп жаткан окуяларга объективдүү баа берип, тигил же бул окуянын натыйжасы кандай болоорун да алдын ала айтканы, ошол кездеги тарыхый инсандарга таамай сын бергени көп айтылат.  Ал өзүнүн ырларында  саясий тирешүү жамандык менен аяктаарын айтып, элди ынтымакка, биримдикке чакырган.

Алсак, Калыгул жигит кезинде эле агасы Ныязбектин түшүн жоруп, анын уулу Ормон хан болоорун, бирок хандыгы узакка созулбасын айткан имиш.

Тарыхта казак ханы Кененсары кыргыздарга 1845-, 1846- жана 1847-жылдары жортуул уюштурганы белгилүү.

Элге асылган хан элден өлөт.
Казак-кыргыз бир тууган,
Бир адамдын баласы.
Өз боорлорун кырдырып,

Бул акмакты карачы, – деп өлгөндөр үчүн өтө кайгырат. Ошондо Ормон ханга айтып, колго түшкөн 3 миң жоокерин бошоттуруп элине жөнөттүрөт. Бир нече күн өткөндө ат кошчусу менен Кененсарынын карындашы Бопуйкан (Бопай) келип Калыгулга учурашат. Ошондо Калыгул Бопуйканга бата берип,
мындай дейт:

Этек – бооруң кең экен,
Бооруң жүзгө толот,
Хан зааданын тукуму,
Башыңа бакыт конот.
Мындан ары эки эл
Ынтымак менен жүрсүн.

Бул согуштан кийин Калыгул кыргыз-казактын билермандарын жараштыруу үчүн көп аракет жасаган.

Калыгул кыргыз уруу башчыларынын эрегишүүлөрүнөн өзгөчө чочулаган. Ынтымакка чакырып биримдикти баяндоого көп күч жумшаган. Ал Ормон хан менен Боронбай бири-бирине кан куда болгону менен алардын ортосунда эрегишүү, тирешүү бар экендигин жакшы билген. Бир жолу күзүндө Калыгул эки куданы мейманга чакырып, жадырап-жайнап тосуп алып, аларга өзүнүн Чүй өрөөнүн, казак жергесин аралап, көп адамдар менен жолугушуп келгенин, орус кошуп алгандан кийин казак жеринде эмне өзгөрүүлөр болуп жатканын, заман өзгөрө турганын мындайча баяндайт:

Карагай башында чыны болот,
Анын сүйлөшкөн зымы болот.
Жез чакадан тыйын болот,
Атасынан баласы кыйын болот.
Минген аты жорго болот,
Баланын баары молдо болот.

Көзү көк, өзү сары орус келет,
Узун чөптү оруп келет.
Кыска чөптү коруп келет,
Боз үйүңдү жерип келет,
Алма-өрүктү терип келет.
Шаарды салып келет,
Кетмен-күрөк алып келет.
Ар өнөрдү берип келет, – деп көп нерселерди айтып келип:

Өмүр деген эмне – колдон учкан куш болот
Байлык деген эмне – колдун кири жок болот.
Мансап деген эмне – коломтодо от болот,
Өчкөндө түтүн болуп жок болот.
Калп айтсаң ыйманың качат.
Ууру кылсаң жыйганын чачат.
Ушакчы болсоң кошунаң качат,
Ынтымаксыз болсоңор – душманың басат, – деп Ормон хан менен Боронбайга акылын айтып, элге калыс болуп, ынтымактуу болгула, – деп аттандырган экен.

Акыры эрегиштен Ормон өлтүрүлүп, түбү бир атадан тараган эл бири-бирин кырганда Боронбай: “Эрегиштин аягы жаман болду. Убагында олуянын сөзүн баалап, эмнеге чара көрбөдүк экен?” – деп катуу өкүнүптүр.
Ошентип:

“Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагың жок болсо,
Алдыңдан таяр  алтын так”, – деп айтканы туура чыгып, XIX кылымда түзүлгөн кыргыз хандыгы жоюлган. Өз ара чабыштарда алсыраган элди Россия империясы оңой эле басып алып, өзүнүн колониялык саясатын орноткону сабак болоорлук тарых экендигин эстен чыгарбашыбыз керек.

Соңку сөз

Калыгулдун чыгармаларына Кыргызстандын тарыхында бурулуш болоору, үстөмдүк кылса да, коомдук мамилелерде өзгөрүүлөр болоорун туйган. Калыгулдун эмгектеринде  кыргыздардын ошол мезгилдеги социалдык-саясий, экономикалык жана руханий турмушу өзгөрүп, чарба жүргүзүүнүн жана башкаруунун жаңы түрлөрүнүн келээрин алдын ала айтылат.

Калыгул батыштын философторуна окшоп системалуу эмгектерди жаратпаса, өзү жашаган мезгилдин көйгөйлүү маселелерин көтөргөн философиялык ойлорду көркөм, адабий формадагы тексттер аркылуу баяндалган. Ал өзүнүн ойлорун кагазга түшүргөн эмес, чыгармаларына ат да койбогон. Бирок, анын ойлору терең мазмуну, таасындуулугу, таасирдүүлүгү менен афоризм, учкул сөз, макалдар катары элдин эсинде бекем сакталган.

Тилекке каршы, Калыгулдун чыгармачылыгы өткөн кылымдын ортосунан баштап, вульгардык-социологиялык сындын бутасына айланып, ага “заманчыл”, “эскини эңсеген ойчул”, “реакциячыл” деген айып тагылып, анын эмгектерин окууга тыюу салынган.

Калыгул ойчул катары Россия империясы каратып алган элдердин,  өзгөчө казактардын турмушундагы өзгөрүүлөрдөн кабардар болгон. Кыргыздар Россияга кирсе коомдук мамилелердин өзгөрөөрүнө, кылымдап калыптанган патриархалдык-феодалдык жашоо урап, эл кризиске учураарына көзү жеткен. Тарыхта, кризиске учураган учурда бардык элдерде эле өткөндү эңсөө, аны идеализациялоо маанайы басымдуулук кылаары белгилүү. Мисалы, кытайдын улуу философу Конфуций өз доорундагы жаңы өзгөрүүлөрдү жактырбай, жакшылыкты келечектен да күтпөй, өткөн мезгилден издеген. Ал тургай кытайдын дагы бир белгилүү ойчулу Лао Цзы өзү жашаган мезгилди сынга алып, элди алгачкы общиналык коомго кайрылып келүүгө чакырган.

Ушундан улам боло турган өзгөрүүлөр Калыгул ойчулду да чочутуп, бабаларынын топтогон тажрыйбаларынан колдоо издеген. Калыгул баштаган ойчул даанышмандардын өткөн заманды жактаган ойлорун  алардын коомду артка кайтууга үндөгөндүгү деп түшүнүүгө болбойт. Алардын пессимизми салттуу маданияттын, ата-бабадан келе жаткан нарктын тагдыры, элдин келечеги жөнүндө тынчсыздануудан  улам келип чыккан. Калыгулдун чыгармаларында эски мамилелердин жоюлушу менен коомдук турмушта жакшы, пайдалуу ийгиликтердин болоорун айткан учурлары да көп кездешет. Акындын жарым кылымдан кийин коомдук турмуштун түрдүү тармактарында кандай өзгөрүүлөр болоорун айткандарынын турмушта реалдуу ишке ашышы жакынкы жана алыс-кы келечекти көрө билген олуялыгын далилдейт.

Калыгулдун кыргыз элинин улуттук маданиятынын негизги баалуулуктарын сактап калууга кылган философиялык ойлору бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок. Бүгүн Батыштын массалык маданияты чабуул коюп, кыргыз дөөлөттөрү кыйроого учурап жаткан кезде кылымдар бою калыптанып, канына сиңген руханий маданиятыбызды кайрадан жандандырып, өнүктүрүү зарылчылыгын жаратты.

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун 2021-жылдын 29-январдагы “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү”, ошондой эле 2022-жылы 21-январда кол койгон “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыктары Калыгул олуя өңдүү ойчулдарыбыздын философиялык ойлорунун актуалдуулугун далилдейт.

Өскөн ОСМОНОВ,
тарых илимдеринин доктору, профессор

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар