Среда, 22 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Орловка шаарынын мэри Аман КОЙШЫБАЕВ: “Шаардыктардын бакубаттуулугу биринчи орунда турат”

Бүгүнкү күндө өнүгүү жолунда өрүлөп бараткан Кемин районундагы Орловка шаары өзгөчө кеп кылууга арзыйт. Тоо койнунан орун алган бул шаардын абасы таза, жайы салкын, кышы жылуу, көчөлөрү көңүл көтөрөт. Шаарды өнүктүрүү башкы максаты болгон жаш мэр Аман Койшыбаев, бул кызматка жаңы киришкени менен, кыска убакытта өзүнүн мыкты уюштургуч, чыгаан жетекчи экендигин көрсөтө алды десек болот. Анын мындай аракети шаардыктарга, сырттан келген меймандарга дароо эле байкалат.
2024-жылы жергиликтүү бюджеттин долбоору Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына ылайык мэрия тарабынан иштелип чыгып, Орловка шаардык кеңешинин чечими бекитилген. Бул программа стратегиялык башкаруунун негизги инструменти болуп калды, анын негизги максаты шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыттары боюнча бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу болгон.
Орловка шаар мэриясынын  2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана 2025-жылга иш-пландары жана милдеттери  тууралуу төмөндө кенен кеп кылабыз.

Шаардыктар таза суу менен камсыз болушкан

Бүгүнкү күндө “Орловка сууканалы” муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп, калкты ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле суу түтүктөрүн калыбына келтирүү (жарым-жартылай оңдоо), скважиналарды тейлөө жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Катар мамлекетинин «Ассалам» кайрымдуулук фонду менен иш активдүү жүрүп, 2930 метр суу түтүктөрү жана 2 клапан тартылды. Чүй облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен 3270 метр түтүкчөлөр сатылып алынды, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүү максатында Кемин райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен саркынды сууларды чыгаруучу унаа алынган.

Калкты жылуулук менен камсыздоо иштери аяктады (январь-март), 2024-2025-жылдардын күз-кыш жылытуу мезгилине даярдыктар көрүлүп, «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын филиалы (ОПТС) Орловка жылуулук менен камсыздоо ишканасы калкты жылуулук менен камсыздай алды. Борбордук жылуулук тармагындагы жараксыз абалга келген түтүктөрдү демонтаждоо иштерин жүргүзүп, жаңы түтүктөр орнотулду, ДКВР 20/13 от казандын ичин капиталдык оўдоодон өттү, биринчи жана экинчи суу линиясынын жылуулук алмаштыргычтын капкактарын монтаждоо жумуштарын аяктады. Өз учурунда, 542 метр (эки түтүк менен эсептөө) жылуулук түтүктөр толугу менен алмаштырылды.

Ички жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу

Орловка шаарынын мэриясы жергиликтүү коомчулуктун социалдык жана башка көйгөйлөрүн чечүүдө Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары менен биргеликте иш алып барууда, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен тыгыз байланышта иштешүүдө. 2024-жылдын 9 айынын ичинде транспорттук-эксплуатациялык абалды калыбына келтирүү жана жакшыртуу максатында Орловка шаарынын 2,4 км (Кудряшова көчөсү) жолун капиталдык оңдоо иштери аяктады. Кээ бир көчөлөрдө (Арычная, Шолохова, Некрасова) жолдорду оңдоо иштери жасалды.

Орловка шаар аймагындагы жана Подгорное айылындагы көчөлөрдү  жарыктандыруу иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылды.

Ошондой эле, кыш мезгилинде жолдорду тазалоо жана кум чачтыруу иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен акчалай каражат бөлүнгөн. Шаардын ички жолдорунун иштешин камсыз кылуу максатында кышында жолдорду тазалоо,  кум, туз чачуу иштери жүргүзүлгөн  жана катуу таштандыларды (ТБО) чыгаруу боюнча иш-чаралары жалпысынан жергиликтүү бюджеттен каржыланып келет. Ошондой эле мекемелердин, уюмдардын, мектептердин, бала бакчалардын аймактарында, жолдордо жана башка тармактарда үзгүлтүксүз ишембиликтер өткөрүлүп турду.

“Жашыл Мурас” улуттук долбоору ишке ашууда

Жалпы аймакты жашылдандыруу жана жакшыртуу максатында “Алтынкен” ЖЧК жана башка подряддык уюмдардын, жергиликтүү калктын жардамы менен шаардын аймагында жалпысынан 1500 ар түрдүү көчөттөр отургузулду (павлоний, ак кайың, терек, сирень, каштан, ийне жалбырактуу жана жемиш дарактары), жалпы суммасы 1000,0 миң сом, ошондой эле Орловка шаар аймагында бак-дарактарды санитардык бутоо, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

“Жеңиш” паркын оңдоо иштери” боюнча долбоордун 2-этабы жүргүзүлүп, жергиликтүү бюджеттен каржылоо 3600,0 миң сом жана Кемин райондук өнүктүрүү фондунан 5320,4 миң сомго каржыланып, аягына чыкты. Мындан сырткары, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигин оңдоо, ал жакка асфальт төшөө, жарыктандыруу, отургучтарды орнотуу жана оңдоо иштери бүткөрүлдү.

Шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү

Калкка жагымдуу шарттарды түзүү жана ден соолукту чыңдоо максатында, Орловка шаарынын муниципалдык мончосунун  от казанын, отургучтарын, шкафтарын оңдоо иштери аяктады.

Автоунааларды жана атайын техникаларды күн нурунун, жамгырдын, кардын жана мөндүрдүн зыяндуу таасиринен коргоо үчүн Орловка шаарынын турак жай-коммуналдык чарбасынын аймагына жергиликтүү бюджеттин эсебинен чатыр курулду.

Орловка шаарынын, Подгорное жана Бордунский (Кашка) конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу үчүн мэрия Мамлекеттик долбоорлоо институту (ГПИ) менен келишим түздү, ал жердеги Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту Подгорное жана Бордунский (Кашка) конуштарын кошуу менен Орловка шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу долбоорун аяктоо боюнча Кыргыз Республикасы инженердик-техникалык жер үстүндөгү жана жер астындагы иштерди жүргүзүп жатат.

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы №209 “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген пландын негизинде 2024-жылга турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча 2024-жылдын ичинде 50 келишим түзүлүп, камсыздандырылды.

«Чүй облусунун кире беришине Кемин районунун Орловка шаарынын мэриясынын аймагына стелла орнотуу» долбоору ишке ашырылып, өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды жана арканын жанындагы гүлбакчага эшикчеси менен тосмо орнотуу, жашылдандыруу, суу менен жабдуу долбоору жергиликтүү бюджеттен каржыланып, ийгиликтүү аяктады.

Социалдык тармактагы жетишкендиктер 

Орловка мэриясынын балансында 15 муниципалдык менчик объек-
тилери бар, анын ичинде социалдык объектилер: Орловка шаарынын №1 жана №2 орто мектептери, музыкалык мектеп, «Кристалл» спорт комплекси, «Лесная сказка», «Ромашка», «Подгорное» бала бакчалары.

Бул имараттарды жана курулуштарын капиталдык оңдоолор жергиликтүү бюджеттен жана коммуналдык кызматтардын акысын төлөөнүн эсебинен жүргүзүлөт.

Эки мектеп жана эки бала бакча — «Лесная сказка» жана «Ромашка бакчасы» Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасынан (ОПТС) жылытылат. Учурда жылытуу мезгилине 2023-2024-ж.ж. Орловка шаарынын мэриясынын ОПТСке керектелген жылуулук энергиясы үчүн дебитордук карызы жок.

Билим берүү тармагы көңүл борборунда

Орловка шаарындагы мамлекеттик жалпы билим берүүчү мектептерде 71 класста 1868 окуучу билим алат.

Мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнү өнүктүрүүгө, имараттарды, класстарды учурдагы жана капиталдык оңдоодон өткөрүү, керектүү жабдууларды алуу ж.б.у.с. аркылуу ылайыктуу жана жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келет.

«Евразия» автономиялык коммерциялык эмес уюмунан Орловка шаарынын мэриясына, «Евразиялык лицей» долбоорунун алкагында, заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 22 орундуу мектеп автобусу алынды.

Подгорное жана Бордунский (Кашка) айылдарынан Орловка шаарынын №1 жана №2 орто мектептерине мэрия тарабынан жалпысынан 548,3 миң сомго мектеп окуучуларын ташып жеткирүүгө транспорт уюштурулган.

Бала бакчалардагы жана мектептердеги иш-чаралар, өзгөчө:  – «Орловка шаарындагы №1 орто мектебинин спорт залын капиталдык оңдоо» долбоору жергиликтүү бюджеттен жана Кемин районунун өнүктүрүү фондусунан каржыланып, иштер аяктады.

Орловка шаарынын мэриясы тарабынан жыл сайын жергиликтүү бюджеттен №1 жана №2 орто мектептин башталгыч класстарынын окуучуларынын тамактануусун жана «Лесная сказка», «Ромашковый сад» жана «Подгорное» бала бакчаларындагы мектепке чейинки курактагы балдардын тамакта-
нуусун каржылоого 2024-жылга 5317,3 миң сом бөлүнгөн.

Учурда, Орловка шаарынын муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (балдар бакчаларында) 22 тайпа түзүлүп, аларда 620 бала тарбияланууда. Ошол эле учурда, “Ромашковый сад” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын жылытуу системасын капиталдык оңдоо” боюнча долбоору ишке ашырылды.

Билим берүү тутумунун кызматкерлерин (мектептер, бала бакчалар) социалдык жактан колдоо максатында жыл сайын жергиликтүү бюджеттен коммуналдык кызматтардын чыгымдарына компенсация түрүндө каражат бөлүнөт, быйылкы жылы ар бир билим берүү кызматкерлерине 10 000 (он миң) сомдон берилди. MОП, TOП кызматкерлерине 5000 сомдон төлөнүп берилди.

Президенттин жарлыгы аткарылууда

Президенттин «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында шаардын мэриясы тарабынан «Кристалл» спорт комплексинде каалоочулар үчүн шарттар түзүлүп, спорттук секциялар уюштурулган. Мини-футбол, дзюдо, грэпплинг, волейбол, баскетбол, оор атлетика, алардан тышкары лыжа, грек-рим күрөшү жана бокс боюнча секциялар уюштурулган. Жалпысынан бул секцияларга 500дөн ашык бала катышып, спорт менен машыгып, ар кандай мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет, жол кире чыгымдарына жергиликтүү бюджет тарабынан каражат бөлүнгөн.

Социалдык контракт жана калктын аялуу катмарына жардамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2024-жылы 16 аз камсыз болгон үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн.

2024-жылдын биринчи кварталында социалдык контрактка катышкан 2 үй-бүлөгө: Мирлан уулу Эрланга – 10000 сом,  Н.Джумалие-вага – 20000 сом материалдык жардам көрсөтүлдү.

Ал эми, ар бир аталыштагы майрамдарда шаардыктарга өзгөчө көңүл бурулуп, каржылык жардамдар берилип келээрин айта кетели.

Андан сырткары, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында жергиликтүү бюджеттен өтө муктаж үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жалпысынан 318 үй-бүлөгө көмүр алуу максатында компенсация катары акчалай каражаты  бөлүнгөн.

Ошондой эле калктын аз камсыз болгон катмарына жана социалдык жактан аялуу катмарына кайрылуулары боюнча материалдык жардам көрсөтүлдү.

2025-жылга пландар жана милдеттер

– Фрунзе жана Некрасов көчөлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү;

– №2 орто мектебинин жер төлөсүн, фасадын оңдоо жана кенже класстар үчүн жаңы спортзал куруу;

– Орловка шаарындагы № 1 орто мектептин кабинеттерин, жылытуу системасын,  чечинүүчү жайларды жана ички дааратканаларды, ошондой эле фасадды оңдоо пландаштырылууда.

– “Ромашковый сад” бала бакчасынын фасадын оңдоо жана жаңы беседкаларды орнотуу;

– “Лесная сказка” бала бакчасына жаңы беседкаларды орнотуу, электр зымдарын жана эшиктерди алмаштыруу, фасадын реконструкциялоо жана асфальт төшөө;

– Дүйнөлүк банктын каражатына «Теремок» бала бакчасынын имаратынын дагы бир блогун оңдоо пландалып жатат.

“Дагы башка долбоорлор шаардагы карапайым калктын жашоосуна шарттарды түзүү, анын ичинде: күнүмдүк таштандыларды тазалоо, жолдорду өз калыбына келтирүү, элди таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо иштери биринчи орунда көзөмөлгө алынат, – дейт мэр Аман Койшыбаев.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар