Среда, 22 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Беш облуста тогуз айылдын аты өзгөрдү

Президент Садыр Жапаров «Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2024-жылы 5-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык:

Жалал-Абаддын Аксы районунун Таштак айылы Малкалды, Ноокен районунун Параканда айылы Баракелде;

Нарындын Кочкор районунун Большевик айылы Баялы Исакеев;

Таластын Бакай-Ата районунун Ынтымак айылы Шадыкан, Манас районунун Новодонецк айылы Айтматов, Талас районунун Козучак айылы Жанкороз Олуя,Балбал айылы Жаныбек Бааты;

Чүйдүн Москва районунун Чоң-Арык айылы Сыйдалы;

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Теплоключенка айылы Ак-Суу деп өзгөртүлдү.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар