Среда, 22 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Сулуулук жаратманы

Сулуулук индустриясындагылар Мээрим Раматованы жакшы таанышат. Ал жаш кезинен эле сулуулук жана эстетика дүйнөсүнө кызыгып, өзүнүн жашоосун ушул тармак менен байланыштырууну чечкен. 16 жашында чач тарач өнөрү боюнча алгачкы курстан өттү. Бул анын жолунун башталышы гана болчу.

Өзүн издөө

Мээрим аябай изденди, убагында тырмак сервиси менен да алектенип көрдү, бирок бул өнөр анын көўүлүнө көп ынай бербеди, жүрөк каалоосу таптакыр башка экенин түшүндү.

Мээрим 17 жашынан сулуулук тармагында иштеп баштап, өзүнүн жан дүйнөсүнө жакын сулуулук өнөрүн издөөнү уланта берди. 18 жашында, бухгалтерия факультетинин биринчи курсунда окуп жүргөндө, кирпик өстүрүү боюнча курстан өтүп, ушул тармакта иштей баштады. Арийне, аны деле олуттуу кесип катары кабыл ала алган жок.

Ийгиликтин башталышы

Мезгилдер өтө берди. Бурулуш учур 21 жашында болду. Өзүнө иштөө үчүн орун алган Мээрим кирпик өстүрүү менен узанып, жогорку чеберчиликке жеткиси келди. Өжөрлөнө иштеп, кирпик өстүрүүнүн сырларын үйрөндү, өзү да чыгармачылыгын кошту. Акыры эмгеги кайтты. Иши ийгиликтүү бизнеске айланды.

2014-жылы Санкт-Петербургда өткөн жасалма кирпиктерди өстүрүү боюнча чемпионатка катышып, Орто Азиядан жалгыз катышуучу болуу менен, Кыргызстанды эл аралык аренада тааныткан. Мээрим бул жетишкендиги менен токтоп калбай, Санкт-Петербург жана Киев шаарларындагы кирпик өстүрүү боюнча конференцияларга катышып, Москва, Санкт-Петербург жана Лондондо жаңы техникаларды үйрөндү.

Анын кесипкөйлүгү эл аралык деңгээлде таанылып, Мээрим Италия жана Бейруттагы иш-чараларга спикер катары чакырылды. Ошондой эле, биринчи кирпик өстүрүү чемпионатында 2-орунду ээлеп, эки жолу ушундай чемпионаттарда калыс катары кызмат өтөдү.

Окутуу жана мурастоо

Мээримдин артыкчылыгы – ал өз көндүмдөрүн өркүндөтүү менен гана чектелбестен, башкалар менен да өз билгени, тажрыйбасы менен бөлүшкөнүндө. Ал кирпик өстүрүү жана лазердик эпиляция боюнча көптөгөн шакирттерди окутту. Азыр алардын көбү өз бизнесин ачып, өздөрүнүн окуучуларын окутуп жатышат. Бул сулуулук индустриясынын өнүгүшүнө кошкон салымы анын өз ишине берилгендигин жана профессионалдык стандарттарды жайылтууга умтулуусун көрсөтөт.

Жаңы технологияларды киргизүү

Мээрим дайыма изденет. Башка өлкөлөрдөн жаңы технологияларды издеп таап, аларды Кыргызстанга алып келип, кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жогорулатып жатканы белгилүү. Аткарууда канчалык татаал болбосун, ал жаңы инновацияларды киргизүүдөн коркпойт. Жаўы ыкмалардын артыкчылыктарына ишенет жана өз иши менен далилдейт.

Косметология сырлары

2020-жылдагы пандемия Мээримди үй-бүлөнүн бир мүчөсү медициналык билими болсо жакшы турбайбы деген ойго түрттү. Адистер жетишпей, кеңеш сурай турган адам жок болсо кыйын эле экен. Ушундан улам ал 2020-жылы медициналык колледж-ге тез жардам фельдшери адистиги боюнча окууга тапшырды.

Учурда Мээрим өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгүн кеңейтип, лазердик эпиляция тармагын өздөштүрүүдө. Ал жаңы технологияларды жана техникаларды тынымсыз үйрөнүп, алдыңкы тажрыйба жана билим алуу үчүн чет өлкөлөргө барууну пландап жатат.

Антсе да, кирпик өстүрүү анын кесипкөй жашоосунун маанилүү бөлүгү. Ал келечекте бул багытка кайтып келүүнү да ойлоп, балким, жаңы деңгээлде – заманбап техникалар жана ыкмалар менен иштесемби деген пландары да бар. Кыс-касы, дайыма изденип, мастер-класстарды өткөрүү же кирпик өстүрүү боюнча да атайын борбор ачсамбы деген ой менен жашайт.

Келечек пландар

Мээрим Раматова өзүнүн изденгичтиги жана ишке жасаган чыгармачыл мамилеси менен көптөгөн жаш адистерди шыктандырат. Анын сулуулук өнөрүнө умтулуу жолу – кызыгуу жана өжөрлүк, эмгекчилдик менен каалаган тармакта ийгиликке жетүүгө боло турганын көрсөтөт. Ким болбосун сүйүктүү иши менен алектенгенде гана ар дайым өнүгө жана өзүн өркүндөтө аларына ишенет.

Мээримдин пландарында өзү гана өнүкпөстөн, башкаларга да сулуулук индустриясында ийгиликке жетүүсүнө жардам берүү ниети бар. Ал ар кандай багыттарды айкалыштырып, алдыда косметология жана кирпик өстүрүү тармагында дагы көптөгөн жаңы жетишкендиктер күтүп турганына ишенет.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар