Азыркы ааламдашкан доордо эч нерсеге таң калбаса болот. 2024-жылы Кыргызстан Түштүк Кореяга 1,4 млн. долларлык 47 кило сейрек кездешүүчү жаныбардын, анын ичинде амбра, кастореум жана мускус продуктыларын экспорттоптур. Муну Түштүк Кореянын бажы кызматынын маалыматтары да ырастап турат.
Амбра, кастореум жана мускус Кыргызстандын кай аймагында өстүрүлөт экен деп издеп, эч маалымат таба алганыбыз жок. Көрсө, амбра – киттердин тамак сиңирүү трактында пайда болгон мом сымал зат тура; парфюмерияда, салттуу медицинада жана гомеопатияда колдонулат экен. Кастореум – кундуздан алынган продукт болсо, мускус — кээ бир жаныбарлардын (мускус, андатр, мускус өрдөк) бездери чыгарган жыттуу зат экен.
Бул продуктылар фармацевтика өнөр жайында жана парфюмерияда колдонулгандыктан, өтө кымбат жана баалуу продукты катары бир өлкөнүн территориясынан экинчи өлкөгө өтүп, андан үчүнчү өлкөгө экспорттолот өңдөнөт. Баары бажы мыйзамдарынын чегинде болгондуктан, мында баары жайында, баары мыйзам ченемдүү. Бизди амбра, кастореум жана мускус продуктылары өндүрүлбөй тургандыгы, анан кандайча аталган продуктыларды Түштүк Кореяга экспорттоп жатканыбыз таң калтырганы менен, мунун өзү Кыргызстан да рынок мамилелери менен жашап, ошол өндүрүштүк чынжырдын бир бөлүгүнө айланып баратканын көрсөтөт. Демек, буга таң калбаса болот.
Бизди таң калтырган, ал тургай кооптондурган нерселер башка. Кайрат Примбердиев деген ырчыбыз ыйлагысы келип жатканын айтып, муңкурап, Ормон хан үчүн казак баурдастардын алдында кечирим сураптыр. Кызыгың түш, Ормон хан үчүн кечирим сурагыдай, Кайрат Примбердиев ким?
Бизде эмне көп? Эстрада ырчылары көп. Болсун. Бирок, канча ырчыбыз болсо да, акыл-эс, ар-намысы, абийири менен болгону дурус. Тарыхты билбеген соң, өөдө-төмөн сүйлөө жарабайт.
Эсил кайран Элмирбек Иманалиев өзүнө кырданган казак акынына бардык сый-сыпаты, сабырдуулугу, айкөлдүгү менен:
«Казакка берген талааны,
Мунайга жакын болсун деп.
Кыргызга берген тоолорду,
Кудайга жакын болсун деп» – деп жооп берип, бүркүт сымал көккө атылып учуп, бийиктигин көрсөткөн эмеспи.
Албетте, Элмирбек болуш кыйын, бирок, Кайрат Примбердиевге окшогон ырчыларыбыз сыртка чыкканда болобу, же “үйдөбү” тилди тишке катканды үйрөнгөнү дурус.
Кыргыз-казак мамилелерине өткөн чактын күүсүнөн кайта элек жана улам күчөгөн, өзгөрүлмө факторлор: геосаясий кырдаал, оюнчулардын тилеги, дарамети, иши, кадамы, лидерлердин жана саясатты аныктаган инсандардын, топтордун аракетин терең талдап, түшүнүп, сабак алууга милдеттүүбүз.
Кыргыз-казак мамилесинин 21-кылымда жана кийинки мезгилге алакасына тарыхка карата мамиле кайсы бир деңгээлде таасир этет. Этноцентризм боло келген универсал көрүнүш, бирок, ашкере улутчулдукка жол берилбеш керек. Тамырлаш, тагдырлаш, боордош элдер арасында бурмаланган тарых мамилени оңдобойт, боорду бүтүн кылбайт.
Кайсыл бир элдин дүйнөгө устун эмес-тигин, өзгөлөрдү кем сезип, өзүн гана даңазалоонун натыйжасы зыян экенин тарых далилдеп келди. Тарыхый чындыкты бурмалоо улутка абийир да, мөөрөй да алып келбейт. Эң башкысы, эки элдин мамилесине доо кетирет, керексиз, кесепети арбын дискуссияны жаратат. Кийинки муунга жана муундарга кыргыз-казак боордоштугу айныксыз тарыхый чындык, бир туугандык эки эл үчүн баалуулук, тагдырлаш элдердин өнүгүү парадигмасы экенин билдирген, эки элдин тамырлаш жана максатташ экенин чагылдырган тарыхый окуялар, келечектеги максатташ идеялар негизги тема болууга тийиш.
Эстрада ырчылары эле оюна келгенин “оттойт” экен десең, айрым депутаттар да өзүнүн “акылдуу” сунуштары менен коомчулукта талкуу жараткан учурлар арбын. Алардын бири – Бакытбек Марипов.
Жогорку Кеңештин трибунасы да ар ким өз оюна туура келгенин айткан аянтча эмес. Өткөн жылы бул жакшы атанын баласы Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында мектепте англис жана орус тилдери менен катар араб тилин киргизүүнү сунуштады. “Араб тилин сөзсүз түрдө мектептерге киргизиш керек” деп безилдеген эл өкүлү өз оюн Кыргызстандын жарандары араб өлкөлөрүнө окууга, иштөөгө кетип жатканын жана бул тилди билүү алар үчүн артыкчылык болору менен негиздеди.
Бир караганда, депутаттын бул сунушу жөндүүдөй да көрүнөт. Жүздөгөн жаштарыбыз араб өлкөлөрүндө жашап жана иштеп жатышат. Өсүп келе жаткан муундун арасынан да Катарда, Дубайда, Кувейтте иштегиси келгендер четтен табылат. Сирияга баргысы келгендер мындан көп. Эгер, биз Бакытбек Мариповдун логикасын ээрчий турган болсок, анда мектеп программасына корей, кытай, жапон, иран, испан, италия, мексика, Африка элдеринин да тилин киргизиш керек. Себеби, Япония, Кытай, Түштүк Корея, Иран, Африка, Мексика, Испания, Италияда кыргыздар окуп, иштеп жүрөт. Мектеп программасынан кыргыз тилин, адабиятын, кыргыз тарыхын алып салып, дүйнө элдеринин тилдерин жана тарыхын киргизсек, болочок муун мектепти бүтөрү менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө даяр болуп калышат экен.
Президент Садыр Жапаров өз ишине киришип жатып, “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол койгон. “Кыргыз аттан жыгылса да, нарктан жыгылган эмес” деп коет. Нарк баарыбызга бирдей. Ал ырчыга да, депутатка да, журналистке да керек. Демек, сен ырчысыңбы, эл алдында жүрөсүңбү, наркыңды сакта, ырдасаң ырда, бирок абайлап сүйлөө керек го.
2023-жылы Кыргыз жараны концепциясы иштелип чыкты. Ал Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын бириктирүүчү жана элдин биримдигин бекемдөөчү өзүн таануучу концепция катары иштелип чыккан.
Өткөн жылдын декабрь айында Президент тарабынан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу доктринасы жарыяланды. Демек, биз ким болбойлу, кандай кызмат аркалабайлы, кайсы өнөрдүн ээси болбойлу, кыргыз жараны катары наркыбызды бийик кармап, мына ушул уңгу жол менен илгерилегенибиз абзел.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”