Среда, 22 января, 2025
-7.9 C
Бишкек

Президент: «Юридикалык академиянын максаты – прокуратура үчүн кадрларды даярдоо»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-январда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө дүйнө жүзү тез өзгөрүп турган чакта, заман чакырыктары менен ар кандай кооптуу жагдайларга татыктуу жооп берүү үчүн прокуратура, юстиция, укук коргоо органдарына жана сот системасына күчтүү кадрлар жана жогорку класстагы кесипкөй адистер керектигин баса белгиледи.

“Квалификациялуу кадрларга болгон муктаждык кадр саясатын түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу, сабаттуу жана ак ниет иштеген кызматкерлерди тандоо жана кызмат тепкичтерине көтөрүү боюнча иреттүү кадрдык менеджмент жаатындагы алдыңкы стандарттарды, инновацияларды киргизүү маселелерин курч коюуда”, — деди Садыр Жапаров.

Ал Юридикалык академиянын эң негизги максаты — прокуратура жана башка укук коргоо органдары үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталып, үзгүлтүксүз окутуунун натыйжалуу системасын түзүү болуп саналарын эске салды.

“Биз бул академиядан укук коргоо жаатындагы кызматкерлердин иш учурунда келип чыккан алешемдиктери, кемчиликтери, мүчүлүштүктөрү кыскарып, натыйжалуулугу артаарын, билими менен иши айкалышаарын илгери үмүт менен күтөбүз”, — деди президент.

Мамлекет башчысы академияга катуу талаптарды коюу менен мамлекеттик кадр саясатын ырааттуу ишке ашыруу, кадрларды тандоо системасын жана тажрыйбасын өркүндөтүү, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин дараметин арттыруу, алардын кесиптик даярдыгынын, адеп-ахлактык жактан өнүгүүсүн, мекенчилдигин камсыз кылуу керектигин айтып өттү.

“Юридикалык академиянын бүтүрүүчүсү мыйзам үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун бекемдигин камсыз кылуу, жарандардын укуктары менен эркиндигин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу жөндөмүн жогорку деңгээлде өздөштүрүп чыгышы зарыл. Айрыкча, прокурордук көзөмөл чөйрөсүндөгү укуктук ченемдерди ишке ашыруу үчүн маанилүү болгон маалыматтарды дыкат талдоого алуу менен прокуратура органдарынын функцияларын натыйжалуу аткара алгыдай болушу шарт”, — деп белгиледи президент.

Ал өз сөзүндө академияда алган юридикалык билим ар бир бүтүрүүчүнүн адам укуктарын коргоо менен байланышкан ишмердигине болгон ишенимдүү кадамы үчүн бекем негиз болушу керектигине басым жасады.

“Окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамынын 65% илимий даражалары жана наамдары бар окутуучулардан турарын маалымдашты. Ошондой эле окутуу процессине укук коргоо органдарында иштеп жаткан тажрыйбалуу кызматкерлер да тартылмакчы. Юридикалык академиянын ачылышы менен мында топтолгон профессордук-окутуучулук курам үчүн өтө жоопкерчиликтүү милдет жүктөлүп жатат”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бүгүнкү 1-курстун студенттери ушул окуу жайдын биринчи бүтүрүүчүлөрү болушат, анан алардын билим деңгээли, иште көрсөтө алган кесипкөйлүгү дал ушул Юридикалык академиянын кадыр-баркын же асманга чыгарат, же тескерисинче, жерге түшүрөт.

“Кесипкөй профессордук-окутуучулар курамынын талыбаган эмгеги, ак кызматы менен бул академия юриспруденция тармагындагы белгилүү бир билим берүү жайына, дасыккан илимий борборго айланып, жогорку кесипкөй, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдаган чоң мектеп атыгат деп бекем ишенем”, — деп президент баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Академиянын студенттерине насаатын айтып, ар кандай сыноолордон туруктуулук менен чыгып, бул Академияга келе турган кийинки студенттерге татыктуу үлгү болушун каалап өттү.

Юридикалык академиянын ачылыш аземинин алкагында президент Садыр Жапаров заманбап окуу класстарын көрүп чыгып, Прокуратура музейи менен таанышып, китепканага, криминалистикалык борборго барып, каалоо-тилектер китебине эстеликке — окуу жайдын миссиясы өлкөнүн келечеги үчүн маанилүүлүгүн белгилеген жазуу калтырды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар