Автоинспекторду капотуна жаткырган тейде сүйрөп кеткен «Лексус» автоунаасы табылды.
Милиция кызматкерлери автоунааны Бишкектеги турак жай комплекстеринин биринин алдынан табышкан. Азырынча айдоочусу изделүүдө.
Эскерете кетсек, окуя кечээ саат 16:30 чамасында, Айтматов/Москва көчөсүндө жол милициясы аны токтотууга аракет кылганда болгон.
Видеодон камгактай учкан милиционердин сүрүлүп барып, аласалып кеткенин көрүүгө болот. Окуядан кийин айдоочу из жашырып кеткен. Инспектор ооруканага жаткырылган.