Бүгүн, 28-январь – Жеке маалыматтарды коргоо боюнча эл аралык күнү.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, санариптик трансформация жана технологиялардын тез өнүгүшү маалыматтарды учурдун эң баалуу ресурстарынын бирине айлантты. Бирок, аны менен бирге маалыматтын сыртка чыгып кетиши, кибер чабуулдар, жеке маалыматтарды мыйзамсыз колдонуу сыяктуу коркунучтар да өстү. Жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык күнү бул чакырыктарга көңүл буруу менен, маалыматты коргоо – бул ар бир адамдын укугу гана эмес, жоопкерчилиги экендигин да белгилейт.
Биз күн сайын интернетте из калтырабыз: сайттарга катталабыз, сатып алууларды жасайбыз, колдонмолорду пайдаланабыз жана социалдык тармактарда маалымат бөлүшөбүз. Бирок бардыгы эле өз жеке маалыматтарын көзөмөлдөп туруунун кандай маанилүү экенин ойлонбойт.
Жеке маалыматтар – бул сиздин виртуалдык жана чыныгы турмушуңуздун ачкычы. Маалыматтын сыртка чыгып кетиши же мыйзамсыз колдонулушу каржылык жоготууларга, жеке маалыматтын уурдалышына, жеке турмушуңуздун жайылып кетишине жана башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Маалыматтарыңызды коргоо эмнеси менен маанилүү?
Жеке жашоонун коопсуздугу. Купуялуулукка укук — бул адамдын негизги укуктарынын бири.
Алдамчылыктын алдын алуу. Сиздин маалыматтарыңыз каржылык алдамчылык же жалган эсептерди түзүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
Маалыматты көзөмөлдөө. Сиздин маалыматтарыңызды ким жана кантип колдонорун сиз гана чечишиңиз керек.
Маалыматтарды кантип коргоо керек?
Ишенимдүү сырсөздөрдү колдонуңуз жана аларды өзгөртүп туруңуз.
Аккаунтарыңыз үчүн эки факторлуу аутентификацияны колдонуңуз.
Фишингден сактануу үчүн шектүү электрондук каттарды жана шилтемелерди ачпаңыз.
Интернетте берүүчү маалыматтын көлөмүн чектеңиз.
Социалдык тармактардагы жана колдонмолордогу купуялуулук жөндөөлөрүн текшерип туруңуз.
Бүгүнкү күн — өзүңүз жана жакындарыңыз үчүн жеке маалыматтарды коргоо — бул заманбап дүйнөдө коопсуздукка жетүүнүн жөнөкөй, бирок маанилүү кадамдары экенин эстетүү үчүн жакшы себеп.
Маалыматыңызды сактап, санарип технологияларды колдонууда сак болуңуз!