АКШнын ажосу Дональд Трамп Вашингтондун үстүндө кыйраган учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу чет элдик ЖМКтары жазууда.
Маалыматтарга ылайык, Дональд Трамп кырдаалга көз салып жатканын жана окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берерин белгиледи. Анткени учурда кырсыктын себеби белгисиз бойдон калууда.
«Мен кырдаалга көз салып жатам жана алар жеткиликтүү болгондон кийин кененирээк маалымат берем» деди Дональд Трамп.
«Тилекке каршы, аман калгандар жок», — деди президент Ак үйдө.
Ал учакта РФтин мурдагы жарандары — көркөм муз тебүү боюнча 1994-жылкы дүйнөнүн чемпиондору, машыктыруучулар Вадим Наумов менен Евгения Шишкова каза болгонун Бостон спорт клубу тастыктады. Ошондой эле 6 фигурист кырсыктын курмандыгы болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Вашингтондогу аэропортко жакын жерде жүргүнчү ташыган учак менен аскердик тик учак кагылышып кеткени кабарланган. Катуу соккудан улам учак Потомак дарыясына кулап түшкөн. Учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон.