«Ош» базарынын аймагында жертөлөдө кумар оюндарын уюштурган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Казинонун ээси укук коргоо кызматкерлеринин бирине мыйзамсыз бизнесине тийбеш үчүн айына 30 миң сомдон берип турууну убадалаган. Ойлогону оңунан чыкпай, 33 жаштагы киши пара берип жаткан жеринен кармалган.