Пятница, 31 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Индияда 400 миллион зыяратчы катышкан фестивалдагы кырсыкта 40 киши каза болду

Индиянын түндүгүндөгү Праяграж шаарындагы Ганга дарыясынын жээгине 400 миллиондой индус динчилдери чогулуп, Маха Кумбха Мела фестивалын өткөрүп жатышкан. Ал жердеги тыгындан келип чыккан кырсыктан кеминде 40 адам каза болду.

Мындан үч күн мурда ушул эле майрамда бамбук сахнасы кыйрап, 6 киши каза болгон.

Сыйынуучулардын бир бөлүгү дарыяда даарат алуу үчүн тосмодон өтүүнү чечкенде, кыйроо болгон. Анда 40 адам каза болуп, дагы ондогон адамдар жаракат алышкан. Алардын айрымдары оор абалда ооруканага жаткырылды.

Маха Кумбх Мела — индустардын эң чоң майрамы жана храмдарга массалык зыярат кылуу жана жуунуу менен байланышкан. Ишенимге ылайык, Ганг жана Ямуна дарыялары кошулган жерде жуунуу күнөөлөрдү тазалайт. 12 жылда бир жолу өтүүчү Маха Кумбх Мела фестивалы быйыл 13-январдан башталып 26-февралга чейин уланат. 2013-жылы Праяграджа темир жол станциясындагы тыгында кеминде 40 зыяратчы каза болгон.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар