Пятница, 31 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Мирбек ДУБАНАЕВ: “Адегенде ички рынокту камсыздап, анан экспортко чыга баштайбыз”

Өлкөбүз ата мекендик автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө белсенип киришкен шартта «Тулпар Моторс» автозаводунун ачылышы баарыбызды кубандырган маанилүү окуя.
“Тулпар Моторс” заводунун директору Дубанаев Мирбек менен заводдун бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу маек курдук.

-Мирбек мырза “Тулпар Моторс” автозаводунун жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз?

– “Тулпар Моторс” автозаводунун тарыхы 2023-жылы январь айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин өлкөбүзгө болгон расмий сапарында эки президенттин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн, жетишилген келишимден башталат.

Ошол эле 2023-жылы май айында заводдун капсуласы салынып, курулуш иштери башталды. 2024-жылы 18-июлда биздин президентибиз Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон расмий сапарында заводдун ачылыш салтанаты видеоконференция аркылуу өтүп, ишкана президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин сөз сүйлөөсү менен ачылган.

Мен ушул мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып, президентибиз Садыр Нургожоевичке өлкөбүздө  авто өнөр жайынын өнүгүшүнө чоң көңүл буруп, ушул заводду ачып бергени үчүн терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Ошентип, 2024-жылдын аягына чейин 504 автоунаа чыгарылып, анын 456сы сатылды.

– Кандай унааларды чыгарасыздар?

– Учурда өндүрүштө Американын Chevrolet брендинин Tracker, Onix, Cobalt, Labo, Damos үлгүлөрү бар. Япониялык бренд  ISUZU автоунаанын NPR75L деген 5 тонналык ISUZU жүк ташуучу унаалары чогултулуп жатат. Учурда өндүрүш башталып, унаалар сатып алуучуларга жеткиликтүү деп айтсам болот.

“Тулпар Моторс” америкалык жана япониялык сапаттын жогорку стандарттарына жооп берген жапжаңы унааларды сунуштаганыбыз менен айырмаланат.

Анын үстүнө, биздин жаңы унаалардын баасы жөн эле атаандаштыкка жарамдуу эмес – алар рынокто эң жеткиликтүү болуп саналат. Бул түздөн-түз Кыргызстанда автоөндүрүш түзүлүп, мамлекет тарабынан өлкөдө автомобиль өндүрүшүн өнүктүрүүгө олуттуу жеңилдиктер берилгендигинин натыйжасында мүмкүн болду. “Тулпар Моторс” заводу учурда Chevrolet Onix жана Cobalt жеңил унааларын, ошондой эле Tracker кроссоверин чыгарат. Мындан тышкары, Isuzu бренди менен биз чакан жана орто жүк ташуучу унааларды, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды чыгарабыз.

Бизде мурдагыдай эле амбициялуу пландар бар. Биринчи этапта жылына 10 миңге жакын автоунаа чыгаруу планыбыз бар, андан кийин өндүрүштүк кубаттуулукту акырындык менен көбөйтүүнү пландап жатабыз. Анткени, биздин рынок Кыргызстан гана эмес. Келечекте өзүбүздүн кыргызстандык унааларды башка мамлекеттерге, мисалы, коңшу мамлекеттерге жеткирсек дейбиз.

– Алгачкы этапта кандай өндүрүш көлөмү пландалды. Алар келечекте кандай өзгөрөт?

– Өткөн 2024-жылы ачылган учурда биз 1000 даана автоунаа чыгарабыз деген планыбыз бар эле. Бирок, жаңы ачылган өндүрүштө логистика ж.б. маселелерди чечүү менен 504 даана автоунаа чыгарганга жетиштик. Буюрса, үстүбүздөгү жылга 3800 автоунаа чыгарабыз деген тилектебиз.

2025-жылга карата “Тулпар Моторс” заводу учурда Chevrolet Onix жана Cobalt жеңил унааларын, ошондой эле Tracker кроссоверин чыгарып жаткан болсо, эми Chevrolet Tahoe, Chevrolet traverse, Chevrolet malibu, Chevrolet captiva маркалары кошулат. Мындан тышкары, Isuzu бренди менен биз чакан жана орто жүк ташуучу унааларды, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды чыгарабыз.

– «Тулпар Моторс» заводунун жеке моделдерин иштеп чыгасыздарбы же лицензия боюнча монтаждоо гана ишмердигиңерди жүргүзөсүздөрбү?

– Биз чыгарып жаткан Chevrolet  автоунаасы белгилүү Америкалык «Дженерал Моторс» компаниясынын бренди. Ошондуктан, бизге башка моделдерди ойлоп табуунун муктаждыгы жок деп эсептейм.  Анткени, бизде ушундай мүмкүнчүлүк жаралып жатат, биз сапаттуу автоунаалар менен келечекте өзүбүздүн кыргызстандык унааларды башка мамлекеттерге, мисалы, коңшу мамлекеттерге жеткирүү ниетибиз бар.

Биринчи этап менен биз унааларды чогултуу иштерин кылып жатсак, алдыда экинчи этапта жүздөгөн, миңдеген тетиктерди чогултуп баштайбыз. Биз алдыга койгон эң ири  планда  локализация. Ал  5 жылдан кийинки үчүнчү этапка келебиз. Анда, бардык тетиктер өзүбүздүн өндүрүштөн чыгарылат. Анда, автоунаалар арзандайт, көптөгөн жумуш орду түзүлөт. Заводдун алдында ар кандай өндүрүштөр жанданат. Мисалы, унаанын айнегин Токмок шаарындагы айнек заводу жасап бергенге мүмкүнчүлүгү бар. Унаанын ичиндеги отургучтарын тигүү үчүн өзүбүздүн тигүү цехтерин тартсак болот. Кыргыз эли демилгелүү, иштерман калк келебиз. Ошондуктан, биз өзүбүз дүйнөлүк сапатка жооп бергендей заманбап автоунааларды чыгараарыбызга ишенем.

– Өндүрүштөн чыгарылган унаалардын сапаты кандай камсыздалат?

– Өндүрүш башталаардын алдында даярдалган план, “чертеж” мен жогоруда айтып кеткен «Дженерал Моторс» компаниясынын көзөмөлүндө турат. Бизге ал тараптан өндүрүштө кандай  куралдар пайдаланылат, кайсы моделдер кандай чогултулат, кыскача айтканда, бардыгы көзөмөлдө. Завод ачылаардын алдында адистерибизди атайын окуудан өткөргөнбүз. Бир жылда 2-3 жолудан барып, адистигин өркүндөтүп турууга мүмкүнчүлүк түзүп берип турабыз. «Дженерал Моторс» дүйнөдөгү эң ири компания болгондуктан кайсы жерде ал маркадагы заводдор иштебесин, алардын ишмердигин катуу көзөмөлгө алып турушат.

Андан сырткары, биздин жакшы санаалаш өнөктөштөрүбүз бар, алар дагы байма-бай келип, жакындан жардамдарын берип турушат. Өндүрүштөн чыгарылган унааны кардарларга берген учурда, 3 жыл же 100 миң км аралык кепилдиги бар.

– Унааларды кайдан жана кантип сатып алууга болот? Кандай баада?

– Биз акырындык менен өлкө боюнча дилердик борборлорду ачабыз. Азыр Бишкекте эки расмий дилердик борборлор – Chevrolet Estocada жана Isuzu иштеп жатат жана Ош шаарында дилердик борбор ачылат. Анан акырындап өлкөбүздүн башка аймактарында да ачабыз.

Мунун баары биздин жаңы унааны сатып алуу үчүн борборго же Ошко барбашы үчүн жасалууда. Бизде баасы унаанын маркасына жана жабдууларына жараша болот. Бардыгы кардардын каалоосу боюнча жасалат. Алар конфигурациясына, түсүнө жана ар кандай өздөрү каалаган машинеге заказ бере алышат.

– Заводдо канча жумушчу оруну түзүлгөн?

– Бүгүнкү күндө «Тулпар Моторс» заводунда жана сатууда 100дөн ашык кызматкер иштейт жана бул көрсөткүч дагы өсөт. Завод салык жана социалдык төлөмдөрдү гана эмес, жүздөгөн адамдарды жумуш менен камсыз кылуу, миңдеген үй-бүлөлөрдү колдоо дегенди билдирет.

– Өзбекстандын «УзАвто» компаниясы менен кызматташуунун завод үчүн мааниси кандай?

– UzAuto автомобиль өнөр жайын ишке киргизүү жана өнүктүрүү боюнча көп жылдык ийгиликтүү тажрыйбага ээ. Алар бизге заводду нөлдөн баштап курууга олуттуу жардам беришти. Кеңештери, тажрыйбалары менен колдоо көрсөтүп, адистерди берип, заводду алдыга жылдыруу боюнча иш жүзүндө катачылыктарды кантип болтурбоо керектигин сунуштап келет. Бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрүндө машине курулуш иштери боюнча алдыда. Биз менен булар өнөктөш катары өз тажрыйбалары менен тең бөлүшүп келаткан партнер десек болот.

– Автогиганттар бар эмеспи. “Тулпар Моторс» заводу атаандаштыкка кандай туруштук бере аласыздар?

– Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык  унаа рыногу 100% импорттук автоунаалардан турган ачык рынок. Кытайдан, Россиядан жана Европадан келген автоунааларды биздин өлкө аркылуу ар кандай жеткирүү ыкмаларын колдонуу менен алектенип келишет. Ошол эле учурда Кыргызстанда колдонулган унааларды пайдаланып жүрүшкөнү жалпыга маалым.

Учурда, мамлекет тарабынан ата мекендик автоунаа өндүрүшүн колдоо максатында Элдик Банк жана Айыл банк аркылуу 8% жеңилдетилген кредиттерди берүү жолго коюлган. Биринчи, 20%дык ченемди төлөө менен автоунааны алып, келишим боюнча төлөөгө болот. Ошондуктан, атаандаштыкка туруштук бере алабыз деп айта алам.

– Экспортко чыгуу пландарыңыз тууралуу кененирээк  айтып берсеңиз?

–Учурда ички рынокто гана иштеп жатабыз. Заводду куруп жаткан учурда атайын темир жолду киргиздик. Темир жолу авто-унааларды экспорттоодо жана тетиктерди алып келүүдө бизге өтө зарыл.

Мен жогоруда айтып кеткендей, локализацияга жеткенде жумуш орду көбөйөт, өндүрүш көтөрүлөт. Ошондо гана биз экспорттой баштайбыз. Экспорт биздин өндүрүштү чыңдоодо жана өнөр жайды андан ары өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот.

– Кыргызстандын автомобиль тармагындагы кадрдык потенциалды кантип өнүктүрүүнү пландап жатасыз?

– Кыргызстанда жумуш орду жок деп айтып келишет. Мен мамлекетибизди кадр жок деп айтат элем. Кадр маселеси боюнча азыр окуу жайлар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Заводго техникалык билими, тажрыйбасы барларды тандап алдык. Өз учурунда башка өлкөлөргө жөнөтүп, атайын окуп, тажрыйбаларын тереңдетип келишти. Өндүрүш, сатуу тармагына Орусияда көп жылдар бою автозаводдо иштеген атайын адисти чакырдык. Учурда, өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, иштеп жатат. Бара-бара өзүбүзгө кадрларды топтогонго мүмкүнчүлүк жаралат деп ойлойм.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

 

 

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар