15 жашынан тарта ишкерликке аралашып, ар тармакта өзүн сынап көрүп, акыркы эки жылда Баткен күрүчүн бренд кылып, Америка, Россияга экспорттой баштаган жаш ишкер айым Алина ИСАКОВАны азыр эл соцтармактар аркылуу жакшы билип калды. Жаш туруп көп нерсеге көзү каныккан, кенен ой жүгүрткөн, келечекте өлкөсүн өнүктүрүп, экономикага зор салым кошсом, сырткы миграцияны азайтсам деген ишкерди кепке тартып, маек курдук.
– Алина айым, сиз аз убакытта эле Баткен күрүчүн бренд кылып, сыртка чыгарган жаш ишкер айым катары таанылып калдыңыз. Эмне себептен так ушул күрүч бизнесине кызыктыңыз?
– Негизи Баткен күрүчүн коңшу өлкөлөрдүн жарандары дүңүнөн сатып алып, аны ташынан арылтып, тазалап, таңгактап кайра өзүбүзгө кымбат сатышат. Ал тургай биздин күрүчтү алар Өзбекстандын, Тажикстандын продукция-сы катары башка өлкөлөргө чыгарышарын баткендиктер жакшы билебиз. Бирок, буга чейин муну өзгөртүүгө кадам таштап, Кыргызстандын өндүрүшүн өнүктүрүүгө максат койгон адам болгон эмес. Менин бир тууган агам Автандил Исаков 2021-жылдын аягында бул ишти колуна алып, тиешелүү документтерди топтоп, Баткен күрүчүн таңгактоону акырындап тажрыйба кыла баштаган. Тилекке каршы, байкемди колдогондорго караганда ага бут тосууга аракет кылгандар көп болду. Ага карабай агам Екатеринбургга чейин барып 100 тоннага чейин Баткен күрүчүн экспорттоо келишимин түзүп, кийин 30 тоннадай күрүч ал жакка жөнөткөн.
2022-жылы ал Ак-Турпак айыл өкмөттүн атынан Элдик курултайга делегат болуп барып, бир гана күрүч эмес, башка маселелерди да президентке жеткирген. Ошондо агамдын “Башка мамлекеттер Марска учуп жатышат, а биз болсо өзүбүздүн күрүчүбүздү өзүбүз бренд кыла албай жатабыз”,- дегени түбөлүк эсимде калды. Көрсө, ал дыйкандардын ак эмгеги акталбай жатканына абдан күйгөн экен. Ошол курултайдан кийин ал ооруп калып, ооруканага түшүп калды. 7 ай ооруканалап жүрүп, байкемден 2023-жылы айрылып калдык. Ошол жылы байкем түптөгөн “Ак-Турпак” ЖЧКсынын иши токтоп калды. Автандил байкем экөөбүз мурдатан бизнеске кызыккандыгыбыздан улам анын ишин улантууну ойлондум. Акырындап аракет кылып, Баткен облустук администрациясынын колдоосу менен ар кандай агрокөргөзмөлөргө катыша баштадым. Күрүч бизнесин өнүктүрүү үчүн алгачкы 350 миң сом инвестиция таап, ага дыйкандардан 2 тонна күрүч сатып алдым. Аны тазалатып, агартып, таңгактатып базарларга алып чыктым. Күрүчүбүздүн сапаттуу экенин түшүнбөгөндөр “Силердики кымбат экен” деп анчейин көңүлдөнүшпөдү. Анан базарлардагы сатуучулар менен эмес, кафе, ресторандар менен иштешүү керек экенин түшүндүм. Ошентип көп кыйынчылыктар менен күрүч бизнесине аралаштым.
– Россияга, Америкага, Өзбекстанга кантип, кандай транспорт менен жөнөтүп жатасыз?
– Ооба, буга чейин Россиядагы дистрибютордук компаниялар менен иштешип баштаганбыз. Азырынча, ал ишибиз абдан өнүгүп кете элек. Бирок, кичинеден жылыш бар. Америкага болсо жакында эле жөнөтө баштадык. Быйыл буюрса ал жактагы алармандар менен 500 миң долларлык келишим түзөбүз. Негизи биздин баштапкы максатыбыз мекендештерибизди Кыргызстандын сапаттуу күрүчү менен камсыздоо болчу. Себеби, жогоруда айткандай өзүбүздүн сапаттуу күрүчүбүз башка жакка чыгып кетип жаткан. Бирок, биз азыр Кыргызстандын күрүчүн кыргыз бренди катары чыгарууну гана жолго койдук. Буюрса, февраль айынан баштап өзүбүздүн дүкөн, маркеттерге Баткен күрүчүн чыгара баштайбыз. Кызыгы, буга чейин өлкөбүздүн бир да дүкөнүндө таңгакталган, сапаттуу кыргыз күрүчү болгон эмес экен. Биз күрүчтү ушинтип чыгара баштасак башкаларга да бул мотивация, стимул болобу деген оюм бар.
Эң кызыгы, Америкадан күрүчкө буйрутма берген компания Борбор Азиянын товарларын АКШда таркатат экен. Анын негиздөөчүсү кыргыз болуп чыкты. Ал мага кайрылып сапаттуу күрүч таба албай жатышканын, башкалардын күрүчтөрү алардын талаптарына жооп бербей жатканын түшүндүрдү. Биз документ жагынан да, күрүчтүн сапаты, таңгакталышы жагынан да алардын талаптарына жооп бергендиктен алар кызматташууга макул болушту. Алар бизге логистика жагынан жардам беришти. Америкага океан аркылуу кеткендиктен декабрдан жөнөткөн күрүчүбүз аларга февралда жетет экен. Буюрса, кийинки келишимдерибиз ири партияларга түзүлүп, ал жактагы мекендештерибиз да өз күрүчүбүздү жеп калышат. Россия, Өзбекстан жакын болгондуктан алар өздөрү келип алып кетишет. Россияга сезон убагында 20 тоннага жакын күрүч кетет. Ал жактан келгендер бизден, дыйкандардан да алышат.
– Жаштайыңыздан агробизнеске аралашып эмнени түшүндүңүз, эмнеге сүйүнүп, эмнеге өкүндүңүз?
– Бизнеске аралашканымда элибизде кыз балага бизнесте орун жок деген стереотип бар экенин, бирок, ага карабай аракет кыла берсе баары болорун түшүндүм. Анан Кыргызстанда агротармактын келечеги кең экенин билдим. Эми-эми мамлекет бул тармакка көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жаткандыктан бул өсө турган тармак болуп калды. Бизде бир эле күрүч эмес, Ноокаттын алмасы, Арсланбаптын жаңгагы дегендей, ар башка региондун климатына жараша бренд боло турган айыл чарба өсүмдүгү, кургатылган жемиштери бар. Кичинекей өлкө болгонубуз менен органикалык таза, натуралдуу жемиштер менен өнүксөк болот экен.
Эң башкысы, жаш ишкер өзүнө болгон ишенимди күчөтүшү керек. Себеби, ишкерликте көп адамдар токтотконго аракет кылып, ар кандай сөздөр айтылат. Ошого карабай кыз бала аракет кылышы керек. Анан мүмкүн болушунча ар башка багытта жаңы билим ала берген жакшы экен. Анткени, мен дизайнерлик билим алып, кийин бизнес башкаруу, ораторлук, психология багытында билим алдым. Топтогон акчамдын көбүн билим алууга жумшадым. Бизнесте, ишеним, билим, аракет абдан маанилүү. Бизде болсо бир аз аракет кылып эле таштап койгондор арбын. Эгер бир бизнестин келечегин көрүп жатсаң, чындап ийгиликке жетишиң керек болсо тайманбай аракет жасоо
зарыл.
– 15 млн. сомго күрүчтү кайра иштетүүчү жабдыктарды да алган жатыпсыз...
– Баткенде күрүчтү кургатуучу, ташын тазалоочу аппараттар жок болгондуктан күрүчтү асфальтка жайып кургатып, таштарын кол менен эле тазалашчу. Инвестиция тартып жүрүп биздин долбоор Баткенди өнүктүрө турган долбоор болсо эмне үчүн биз айыл чарба багытындагы уюмдарга кайрылбайбыз деген ойго келдим. Анан “АРИС”, “AgroWay” уюмдарынын ПРЭР-2 долбооруна катышып 180 миң доллларга (15 млн. сом) аз пайыздуу товардык насыя алдык. Сапаттуу продукциянын башаты түшүмдүн эгилиши болгондуктан товардык насыянын ичине жабдыктардан сырткары комбайн, тракторду да камтыдык. Бирок, азырынча ал жабдыктар, техникалар келе элек.
– Өткөн жылы 5 млн. сом инвестиция тартыпсыз. Жаш кызга инвестиция тартуу оңойго турбаса керек?
– Ооба, ал иш оңой эмес. Бирок, максатың чоң болуп, өнүгүүгө багытталган долбоор болсо инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү да кеңири болот экен. Ошол 5 млн. сом инвестиция тартууда инвесторго ишибизди, алынган каражатты канча убакытта актай аларыбызды түшүндүрүп бердим. Ошентсе да мен агробизнеске аралашканы жаш кыздарга инвестиция тартуу кыйыныраак экенин аңдадым. Айымдар эмоционалдуу болот, ишти алып кете албайт, турмушка чыгып кетсе кандай болот деген ишенбөөчүлүктөр болот экен. Бирок, алдыга койгон максатыңды, бизнес планыңды туура түшүндүрүп бере алсаң инвестор деле сага туура мамиле кылат экен.
– Чет өлкөлөрдө күрүчтүн калдыктарынан ар кандай косметикалык заттарды, курулуш материалдарын жасап жатышат. Баткенде сынч блокторду жасап жатышыптыр. Мунун келечеги кандай?
– Сынч блок – бул кыргызча айтканда топон блок. Мунун 70 пайызы күрүч топону, калганы топурак, цемент, клей. Бул материал пескоблоктун бир түрү, бирок, ал пескоблокко караганда экологиялык жактан таза болуп, 30 пайызга арзан түшөт. Ошону менен бирге эле андай блоктон салынган үй кышкысын жылуу, жайкысын салкын болот. Учурда биздин Чынар айылынын тургуну Жумабай деген байке сынч блокторду чыгарып, суроо-талап жакшы болуп жатат. Буюрса, муну башка региондорго жайылтсак болот. Анан азыр калдыксыз өндүрүшкө маани берилип жаткандыктан, күрүчтөн биз косметикалык скраб чыгара баштадык. Көрсө, япондор илгертен эле бул продукцияны өндүрүп келе жатышыптыр. Келечекте бул продукциябыз биздин экинчи товар болуп калат.
– Билишибизче тынымсыз жарнамаланып жаткан Ташкент ашынын күрүчү Баткендин күрүчү экен. Бул күрүч таңгакталып, бренд боло баштагандан бери элдин бул азыкка болгон мамилеси кандай өзгөрдү?
– Чынында мен өз элиме терең ыраазымын. Бизге ушунчалык чоң колдоо көрсөтөт деп күткөн эмесмин. Айрыкча чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер “Азаматсың, биз сени колдойбуз!” деп жазышып, ошол жактан Баткен күрүчүнө буйрутма бере башташканы мени өтө кубандырды. Биз күрүчтү бренд кыла баштагандан бери элде “Аа, ушундай бизнес кылса деле болот турбайбы” деген түшүнүк пайда болуп, Баткендин башка продукцияларын да эл аралык рынокко таңгактап, сонун товар катары чыгарууга болгон умтулуу жанданды.
– Учурда сиздер канча килограммдык күрүч таңгактарын чыгарып жатасыздар?
– Биз азыр 25 килограммдык каптар жана 900 граммдык таңгактар менен чыгарып жатабыз. Таңгактоо деле оңой эмес экен. Ал үчүн сертификациялык документтер болуп, күрүчтүн ар бир сортуна штрих коддорду алыш керек болду. Патент алыш керек дегендей көп нерселер бар.
– Бизнес башталганда сөзсүз түрдө тоскоолдуктар, колдоолор да болбой койбойт. Айылдаштардан, тааныштардан, бизнесмендерден, мамлекет тарабынан кандай колдоолор, бут тосуулар болду?
– Башкасын айтпайын, башында өзүмдүн туугандарым да токтотууга аракет кылышты. Кийин алар баарын түшүнүшүп, колдоп калышты. Ыраазы болгонум, Баткен облустук администрациясы мени дайыма колдоп келе жатат. Анан башка региондордогу жеке ишкерлер колдоо көрсөтүшүп, кафе, ресторандарына алдыртып жатышты.
– Сиз Баткенде өндүрүлгөн ак турпак, лазер, девзира (жайдары) сортундагы күрүчтөрдү бренд кылууга аракет кылып жатыпсыз. Бул өндүрүштү кеңейтүү менен Баткен облусунун экономикасын көтөрүүгө болобу?
– Негизи Баткенде күрүчтүн бештен ашык сорту өсөт. Алардын ичинен биз сапаттуу, суроо-талап көп болгон ушул үч сортко басым жасадык. Менимче, кымбат болсо дагы биз элиталык сортторду өндүрүп, арзан, сапатсыздарын азайтышыбыз керек. Антпесек, биз сапатты жоготуп алабыз. Муну эске алып биз жакында күрүчтү алдыңкы технологиялар менен өндүргөн, мыкты сортторду чыгарган өлкөлөргө барып тажрыйба алмашалы деп жатабыз. Кыскасы, биздин максат эптеп бирөөдөн алып, бирөөлөргө сатуу эмес, а күрүчтүн эгилишинен тартып сатыкка чыгарганга чейинки өндүрүшүн өнүктүрүү.
– Баткенде азыр жалпы канча гектарга күрүч эгилип, жылына канча түшүм алынарына анализ жүргүзүп көрдүңүзбү?
– Ооба, жүргүзгөнбүз. Баткен облусу боюнча жалпы 3800-4000 гектарга күрүч эгилип, 15 миң тоннага чейин түшүм алынат. Бул Кыргызстандагы өндүрүлгөн күрүчтүн үчтөн бир бөлүгү. Облустагы алынган түшүмдүн 80 пайызы ушул ак турпак, лазер, девзира (жайдары) сортундагы күрүчтөр.
– Учурда дыйкандар күрүчтү дүңүнөн канчадан сатышат жана сиздердин тазаланып, кайра иштетилип, таңгакталган күрүчтүн килограммы канчадан сатылат? Карапайым элге кымбат болуп калган жокпу?
– Негизи күрүчтүн баасы ар жума сайын өзгөрүлүп турат. Баткендиктер айткандай бул өзүнчө бир биржа. А биз бир компания болгондон кийин бааны туруктуу кармаганга аракет кылып жатабыз. Бирок, дыйкандарда баа туруктуу болбогондуктан биздин бааларга да таасир берип жатат. Азыр таңгакталган күрүчтүн бир килограммы 150 сомдон 300 сомго чейин барат. Буга чейин Өзгөн күрүчү бааланып, кымбат болуп келген. Азыр биздин күрүчтүн баалары ошол Өзгөн күрүчүнөн кымбат эмес. Баалар күрүчтүн сортуна, сапатына, даамына жараша бааланат. Мисалы, 200 сомдук күрүч менен 300 сомдук күрүчтүн даамы эки башка болот. Биздики башкача ыкма менен таңгакталгандыктан күрүч пайдалуу касиеттерин жоготпойт. Муну эл да жакшы түшүнүп, сорту жакшы күрүчтөрдү сатып алууга аракет кыла башташты.
– Сиздердин күрүч азыр кандай аталыш менен бренд катары чыгып жатат?
– “Ак-Турпак күрүчү” деген бренд менен чыгып жатат. Бирок, жакынкы аралыкта аны өзгөртөбүз деген оюбуз бар. Себеби, бренд кайсы бир аймактын, айыл өкмөттүн аталышы болбош керек экен. А компаниябыздын аты ар кандай болсо боло берет экен.
– Мамлекет чакан, орто бизнести өнүктүрүү аракетин көрүп жатабыз деп билдирип келет. Ошондой колдоо бар экенин сездиңизби?
– Андай колдоо тапса болот, бирок, биз өзүбүз жалкоо экенбиз. Аракет кылбай, изденбей эле мамлекет мага эч кандай жардам бербейт деп көп айтат экенбиз. Так ушул 2024-жылы колдоо бар экенин көрдүм. Мамлекет уюштуруп жаткан ар кандай долбоорлор, гранттар бар. Болгону ишкер өзү аракет кылыш керек.
– Айыл өкмөттөн 10 гектар жер ижарага алуу максатыңыз бар экен…
– Ооба, буга чейин документтерин даярдап жатканбыз. Буюрса ушул жылы 10 эмес, 5 гектар жер бериле турган болду.
– Түштүктө суу маселеси курч. Анын үстүнө күрүч сууну көп талап кылат. Бул жагын кантип чечип жатасыз?
– Биздин айылда азырынча суу жетиштүү. Бирок, мамлекет ушул сугат суу жагынан жардам берсе Баткенде дагы жүздөгөн гектар жерлерге күрүч эксе болот. Азыр ушул маселенин үстүндө да изденип жатабыз.
– Кайсы тилдерди билесиз, тил билүүнүн бизнеске жардамы кандай болот экен?
– Мен Кадамжай шаарындагы орус мектепте окугам. Апам англис тили мугалими болгондуктан бул тилди да жакшы өздөштүргөм. Түрк тилин базалык түрдө билем. Негизи көп тил билүү бизнеске өтө керектүү нерсе экен. Буга чейин көп тармактарда иштеген тажрыйбамдын да азыркы бизнесиме көп пайдасы тийди.
– Агробизнеске аралашканы кыргыз элине таанымал агроишкерлердин кимисинен дагы тажрыйба алдыңыз?
– Бишкектен мен “Бай Элим” компаниясынын директору Рысгүл Акимжановага жолуктум. Ал агротармакты мыкты билген адам катары мага дайыма мотивация берип, шыктандырып келет. Ошондой эле бул тармакты жакшы түшүнгөн Манас Саматов байке жакшы колдоо көрсөтүп, кеңеш берип келе жатат. Булардан сырткары агротармакта болбогон адамдар дагы көмөк көрсөтүп жатышат. Аларга ыраазымын. Эң башкысы, мени азыр үй-бүлөм жакшы колдоп турат. Анан Автандил байкемдин өнөктөшү, Москвада өндүрүш тармагында иштеп келген Бексултан деген байке материалдык, моралдык жактан жакшы колдоп келе жатат. Негизи ишкерликте качан сен натыйжа көрсөтмөйүн эч ким колдобойт экен. А натыйжа көрсөтүш үчүн тытынып иштешиң керек болот. Качан натыйжа көрсөткөндө гана адамдар сага жардам бере баштайт экен.
– Сиз курактуу кыз, жигиттерде Кыргызстандын келечеги жок, чет өлкөгө кетиш керек деген пессимисттик ой бар. Аларга эмне кеңеш айтасыз?
– Ооба бул көйгөй бар. Ошол себептен мен келечекте Баткенде ири өндүрүш заводун куруп, жумуш орундарын көбөйтүп миграция агымын азайткым келет. Мен өзүм 13 жашымда атаман ажырап калгандыктан мен үчүн ата-эненин мээрими абдан маанилүү. Ата-эне мээрими жаш баланын тарбиясына, анын калыптанышына чоң таасир берет. Азыр миңдеген мекендештер ар кайсы өлкөдө жүрүшкөндүктөн балдарга беш, он жылдап мээрим, тарбия жетишпей калып жатат. Алар психология-лык жактан көп кысым, басымдарга дуушар болуп чоңойгондуктан андай улан-кыздарда өзүнө болгон ишеним дээрлик жоголот. Муну да эске алышыбыз керек.
Ооба, кезинде мага да бир топ жакшы сунуштар болуп, чет өлкөгө кетүүгө мүмкүнчүлүктөр болгон. Бирок, биз жаштар убактылуу акчага, жыргалчылыкка алданбашыбыз керек. Кыргызстандын келечеги кең экенине мен бекем ишенем. Ал үчүн ар бирибиз умтулуп, жаңылык жаратууга далалат жасашыбыз керек. Буюрса, он жыл ичинде Кыргызстан экономикалык жана башка жактан да кубаттуу өлкөгө айланат.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”