Пятница, 31 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Жихадчылар жана халифатчылар

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Мыйзам 1-февралдан баштап күчүнө кирет. Диний чөйрөдө проблемаларды чечүү өлкө коопсуздугунун актуалдуу маселеси.

Динге жамынган агымдарды, кылмыштуу топторду дээрлик 30 жыл бою ээн-эркин кое берип, эми эсибизге келгендей болдук. Борбордук Азия өзүн «исламчыл» деп аталган уюмдардын улам күчөгөн таасирин жон териси менен сезе баштады. Соңку он жылдыкта өзүн исламчыл атаган топтор радикалдашып баратканын байкоого болот. Күнүгө жана ар бир окуяда алардын деми сезилип турат. Коомдук, маданий, саясий турмушта, албетте, экономикалык маселелерде динге жамынган радикалдуу күчтөрдүн таасири барган сайын артууда. Коом өзү кайда баратканын аңдай элек, беймаалым. Терең изилдөөлөр жокко эсе. Аналитиктердин пикири да сейрек жарыяланат, адатта андай окумуштуулар диний маселе сезимтал экенин билет, диний кастыкты козутуп албайын же козутууга айыпталып калбайын деп тартынат. Андай изилдөөлөрдү жарыялоого медиаагенттиктер да оңой менен даабайт. Чочулайт. Анткени исламга жамынган үгүтчүлөрдүн саны арбын, салмагы басымдуу, үнү өктөм, аракеттери ары дымактуу, ары агрессивдүү. Күнүмдүк, тиричилик кырдаалда да диний үгүттүн кулачы жайылууда.

Талдап көрөлү. Шариятка негизделген ислам мамлекетин түзүү өзүн исламчыл атаган экстремисттик жана террористтик уюмдардын, күчтөрдүн, топтордун жар салган идеясы, саясий программасынын өзөгү. «Мусулмандар бөөдө кыйналды, азап чегүүдө, алланын жолунан адашты, эзүүгө тушугуп, кор болду, абийири кетти, ушунун баарынын түпкү себеби – халифалыктын кулап калышы жана каапыр системалардын (“светтик өлкө – исламдын душманы”, «демократия – куфр система») үстөмдүгү. Эми исламдын бүткүл дүйнөдөгү үстөмдүгүн орнотуу жана халифалыкты калыбына келтирүү зарыл. Бул жараткандын буйругу, каалоосу жана эрки, пайгамбардын осуяты, мусулман баласынын ыйык парзы. Халифалык сөзсүз орнойт, анткени ал адамзат көксөгөн эң адилеттүү, акыйкат, калыс, таза, жаратканга жаккан жападан жалгыз башкаруу системасы. Баарыбыз даават, үгүт, саясий күрөш жана эң башкысы, куралдуу жихад аркылуу бирге күрөшүүгө тийишпиз».

Мына, өзүн “исламчыл” атаган же исламдын атын жамынган экстремисттик уюмдардын кыскача идеологиялык концепти ушундай. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев айткандай, псевдоисламчыл күчтөр ушул жөнөкөй жана түшүнүктүү идеяны бекемдөө, аудиторияга жеткирүү, аны ынандыруу үчүн түрдүү жолдорду, заманбап пропагандалык каражаттарды жана ыкмаларды (социалдык тармактардагы интернет-мемдерди, постторду, креолдошкон тексттерди, иллюстрациялуу кыска тексттерди, видеосюжеттерди ж.б.) кеңири колдонот. Ошентип өз идеяларын таратат, жайылтат, элге таңуулайт. Эң кеңири тараган ыкмалардын бири – бул учурдагы бардык терс көрүнүштөрдү (коррупция, паракорчулук), социалдык, экономикалык кыйынчылыктарды (жакырчылык, жумушсуздук, кымбатчылык ж.б.) экологиялык жана табигый кырсыктарды, ал тургай жугуштуу илдеттерди да колдонуп, мисал келтирип, исламга негизделбеген коомдук, саясий, укуктук, маданий системаларды (адатта алар «бузук», «куфр», «жараксыз», «чирик», «зулум», «каргыш тийген» саясий түзүмдөр деп аталат) дискредитациялоо, жек көрсөтүү жана шариатка негизделген ислам мамлекети – халифатты даңазалоо, аны орнотууга үгүттөө жана күрөшкө үндөө.

Азыр интернеттеги, социалдык желедеги посттор, комментарийлер, интернет-мемдер ж.б. маалыматтардын көбү ушул теманын тегерегинде. Ансыз деле эл кыйналып турган чакта, билими тайкы, улуттук, жарандык иденттүүлүгү алсыз адамдарга мындай түшүнүктүү, жөнөкөй идея бат сиңип, тез ынандыруучу кудуретке ээ.

Алгачкы мезгилде экстремисттик, радикалчыл уюмдар исламды саясат менен байланыштырбай келсе, соңку кезде «ислам – бул ири алдыда саясий түзүм, мусулман жамааты саясаттан четтеп калган үчүн куфрлар, залимдер үстөмдүк кылууда» деп айгай салып, барган сайын агрессивдүү үгүт иштерин жүргүзө башташты. Мисалы, «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами», «ИГИЛ» (Ислам мамлекети), «Таухид-валь-Жамаат», «Джейш аль-Ислам», «Джабхат ан-Нусра», «Ахрар аш-Шам», «Джунд аш-Шам» сыяктуу өзүн исламчыл атаган ондогон экстремисттик, террорчул уюмдар исламды саясий түзүм деп эсептеп, тарапташтарын жана мусулман коомчулугун саясатка жигердүү аралашууга, саясаттагы негизги актёр (оюнчу) болууга, бийликке жетүүгө үндөйт. Мындай аракеттер Кыргызстанда да өз жемишин бере баштады көрүнөт, тилекке каршы, себеби жергиликтүү кеңештерге, парламенттик шайлоолорго байланышкан саясий процесстерде «динаятчылардын» активдүүлүгү, көмүскө таасири тие баштаганына бир топ жыл болду. Алардын саясатка аралашуусуна саясатчы аталган бейжоопкер кыйындар, буга чейинки бийлик шайлоо сайын пайдалана берип, эң сонун шарт түзүп берген эле.

Кандай гана динге жамынбасын, террорчулар, кылмыштуу топтор бардык заманда эч бир ишти эселеген үстөк акысыз бүтүрбөсүн жакшы билсе да, бийликке жакын чөйрөнүн өкүлдөрү, кандай жол менен болсо да бийликке жеткиси келген кусаматкерлер «исламчыл динаятчылар» менен уюшкан кылмышка барып сайылып, алардын батасын алууга, колдоосуна ээ болууга умтулуп келишкен. А тигилер бир күндө ар башка партияга бата берип, дубасын окуп, ар бир партияга мушкерлерин, кол балдарын, табакташтарын кошуп, терең аралашып, сүрмө топ парламентке жана кунары кетип, куту кача баштаган бийлик бутактарына сиңире баштаган эле. Ошентип өткөн чакта динге жакын саясатчылардын колдоочулары калыптана баштаган. Ал тургай жаңы конституциянын долбоору талкууланып жатканда айрым ишмерлер ачык эле «исламчыл» позицияны ээлеп, теократиялык моделди сунушташкан эле (https://24.kg/vlast/174077_nakonstitutsionnom_soveschanii_predlagayut_ubrat_ponyatie_svetskoe_gosudarstvo_/; https://regnum.ru/news/polit/3119094.html).

Былтыр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун айрым элементтери өзгөрдү. Желек боюнча коомчулукта кызуу дискуссия жүрдү. Кыргыз жихадисттери менен халифатчылары карап турган жок. “Эч кандай кызыл туунун, куфрлардын желегинин кереги жок, пайгамбарыбыз көтөргөн желекти эле кабыл алалы” дешти. Мисалы, социалдык тармактарда динаятчылар “Биздин желек мындай болсун, тигиндей болсун деп баш катырыштын кереги жок эле, Пайгамбарыбыз көтөргөн желекти кабыл алалы” деген чакырык таштап, көбүнчө исламдын атын жамынган экстремисттик жана террористтик уюмдар өз символу катары колдонгон желектин сүрөтүн жарыялаганын эксперттер жакшы билишет.

“Өкүм жүргүзүү бир гана Аллахка таандык” деген жазуу лозунг катары социалдык тармактарда көп колдонулат (https://www.facebook.com/photo/?fbid=876153830337615&set=a.101949014424771). Бул мамлекеттик мыйзамдар эмес, шариат гана үстөмдүк кылууга тийиш деген тике чакырык. Акыры барып, мамлекеттин мыйзамдарын танууга жана аларга баш ийбөөгө жасалган чакырык экенин адистер жазбай баамдайт.

Кыргыз Республикасында эки жана андан көп аял алууга мыйзам тыюу салат. Бирок айрым диний ишмерлер мыйзамдын бул жобосун бузгандыгын, аны өз ишим деп, керек болсо коомго да мыйзамды бузса болоорун, ага карата жаза колдонууга болбой турганын даңазалаган учурлар жок эмес (https://ru.sputnik.kg/society/20171129/1036569724/ogo-zheny-chubaka-azhy-zhalilova-i-eshche-4-sobytiya-udivivshie-nas.html).

«Исламчыл» деп аталган, а чындыгында ислам динин бийлик жана байлык үчүн күрөштө курал катары пайдаланган күчтөр диний гана иденттүүлүктү таанып, иденттүүлүктүн башка бардык формаларын, улуттук баалуулуктарды четке кагат, элдик каада-салттарды, расмий жөрөлгөлөрдү жана мыйзамдарды арам иш, жаңылыштык деп эсептейт. Маселен айрым имамдар “жаңы жылды белгилөө – алланы сөгүү менен барабар” деп быйыл видеокайрылуу жасады.

(https://www.youtube.com/watch?v=l22JIZ2a3Lw). Бул байкоосуз кеп эмес, максаттуу айтылган позиция. Баш мыйзамдарында мамлекеттик түзүлүшү дин аралашпаганы (светтик) так аныкталган секулярдык өлкө Кыргызстанда расмий майрам жаңы жылды белгилөөнү диний ишмер оор кылмыш катары баалады. Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде жаңы жылды белгилөө, Ноорузду майрамдоо сыяктуу расмий майрамдарга соңку 10 жыл ичинде катуу каршылык байкалат. Кыргызстандын ашынган динчилдери Ноорузду майрамдоого каршы үндөп, жаңы жылды белгилөөгө каршы чыгып, ал тургай балатыларды кыйратып кеткен ээнбаштыктар социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланган.

Жалпы мамлекеттик масштабда белгиленип келген расмий майрамдарды белгилөөгө каршы чыгуу (коомго пикир жаратуу, өз көз карашын таңуулоо, жайылтуу, маанай түзүү), ошол майрамдардын атрибуттарын бүлдүрүү (ээнбаштык) экстремисттик аракеттерге жасалган алгачкы кадам, башкача айтканда мыйзамда көрсөтүлгөн диний араздашууну (кастыкты) козутууга аракет экенин байкоо кыйын эмес. Анткени бир тарап традицияларга, үрп-адаттарга, каада-салттарга каршы чыкса, бир даары социалдык түйүндөрдө башкаларды жектеп, алар менен кошо салттуу көз караштарга, светтик жашоо образына, диний жана башка ишенимдерге шек келтирип, идеологиялык көз караштардын, диний ишенимдер арасында араздашуу жаралып отурат.

Кыргызстанда зөөкүрлөрдүн кыздарга жасаган зомбулугуна карата коомдун, айрым бийлик адамдарынын реакциясы ойго салат. Эгер ашынган радикалдар пропаганданы ачык жүргүзүп, керней-сурнайды бапылдата тартса, экстремизмден алыс кай бирлери тынымсыз жүрүп жаткан тымызын үгүткө байкоосуздан, билбес-тиктен кошулуп, аста сыбызгы тартууда.

Сексуалдык зордук менен исламчыл атанган радикалчыл топтордун кандай байланышы бар? Бир караганда эч кандай катышы жоктой сезилет. Зөөкүрчүлүк боюнча пикир билдирген инсандардын да экстремизмге эч тиешеси жок. Бирок ар бир нерсени диний ишенимге такоо тенденция-сын, радикалчыл идеологиянын ыкмаларын эске алып, зөөкүрлүккө карата айрым пикирлерге абай салалы.

Коргоо министрлигинин өкүлү былтыр 13-сентябрда парламенттин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, зордуктоого шек саналгандар Улуттук гвардиянын жоокерлери экенин ырастап, зөөкүрлөрдүн ыплас жоругун минтип түшүндүрдү: “Маалымат боюнча, офицерлер отурганда кыз өтүп баратып, чагым болгонбу, иш болуп кетиптир” (https://www.azattyk.org/a/32031965.html). Жоокерлер жөн эле отурган экен, кыз ошол офицерлердин жанынан өтүшү менен аларды сексуалдык зордукка провокация кылыптыр. Демек кыз өзү айыптуу имиш.

Парламенттеги талкууда бир депутат мектептерде өспүрүм кыздар кыска юбка киет, зөөкүрлөрдү провокация кылат, педофилдердин делебесин козгойт деди. (https://kaktus.media/doc/466933_akbokon_tashtanbekov:_shkolnicy_sami_provociryut_nadevaia_korotkie_ubki.html).

Анжелика Кайратова аттуу ырчы айым “Аялдын жылаңач денесин көргөндө эркектин ою албетте бузулат. Ар бир динде зордукка аял өзү гана айыптуу экени айтылат” деп жаңы диний канон жаратты (https://harpersbazaar.kz/vinovata-tolko-ona-sama-pevica-iz-kyrgyzstana-anzhelika-kajratova-vozlozhila-vinu-za-nasilie-na-zhenshhin-sprovocirovav-burnuju-reakciju-polzovatelej-seti/).

Жаңы жылды майрамдоо оор кылмыш деген имам Садыбакас Доолов аялдардын денесин базардагы эттин баасына салыштырган эле. (https://24.kg/obschestvo/239107_dlina_platya_vliyaet_natsenyi_imam_prizyivaet_mujchin_pokonchit_sbezobraziem_/). Балким беймаксат, байкоосуз пикир чыгар, ал авторлордун сөз байлыгына, интеллектуалдык дараметине жараша жана эркиндеги иш, балким биз түшүнбөй калышыбыз ыктымал, анда ак чөп башта.

“Зордук-зомбулукка аялзаты өзү, тагыраагы алардын кийими күнөөлүү”. Биз мисал келтирген пикирлердин түпкү мааниси ушундай. Кудум тамсилдегидей. Орус жазуучусу И.В. Крыловдун “Карышкыр менен козу” аттуу тамсилиндеги карышкырдын “Мен ачмын, ошол сенин айыбың” деген аргументи эрксизден эске түшөт.

Мындай аныктамалар акыр түбү хижаб, чадра кийип, паранжа жамынуу зарыл деген тыянакка такалат. Конкреттүү окуяны (кыз-келинди кордоону) пайдаланып, белгилүү бир идеалды астыртадан пропагандалоонун мүнөздүү мисалына күбө болуудабыз. Сунушталган идеал – чүмкөнгөн аялзаты. Мусулман өлкөлөрүнүн баарында хижаб, паранжа жападан жалгыз кийимби, расмий талапбы, универсал көрүнүшпү. Жок, албетте. Теократиялык (дин башкарган) айрым саналуу гана өлкөлөрдү эске албаганда, кара жамынган, чүмбөттөлгөн кийим эреже эмес.

Кыргыздарга караганда алда канча эрте жана көбүрөөк исламдашкан, турмушу, тиричилиги, климаттык, географиялык шарттары чүмкөнүүгө, жүздү жабууга мажбурлаган өлкөлөрдө биздегидей аша чапкандык жок. Бизге келгенде эле чүмбөттү идеалга, паранжаны айныксыз эрежеге, хижабды жана башка атрибуттарды, кийим-кечек формаларын мыйзамга айлантуу аракети байкалат. Экинчиден, зордук-зомбулукка аялзатынын кийимин күнөөлөгөн аныктама жарандардын эркиндиги менен укугун чектөөгө багытталган идеологиянын кайрыгына айлантууну каалаган күчтөр жок эмес. Кыз-келиндерди чүмбөттөө идеясына үндөш пикирлердин ээлери молдокелер айткандай, билип-билбей туруп радикалчыл үгүтчүлөрдүн чырагына май тамызып алуусу мүмкүн.

Үчүнчүдөн, зөөкүрлүк үчүн айымдарды айыптоо жынысына карабастан адамдын тең укуктуулугуна шек келтирген же кыз-келиндерди басынткан аракеттерди актоого шылтоо болбойт деп айтуу кыйын. Адамдарды жынысы жана ишеними боюнча дискриминациянын көрүнүшү. Жогорудагы биз мисал кылган, зордукка кыз-келиндердин кийимин айыптаган пикирлерди исламды жаманатты кылган радикалчыл топтор өзүнө керектүү пропаганда үчүн колдонбой турганына кепилдик бере албайбыз.

Дагы бир кооптуу маселе – “мусулман, ислам өлкөсү» деген аныктама. Демек Кыргызстандын калкынын 90% мусулмандар деген аныктаманы колдонуу бери болгондо бейжоопкерлик. Ошондойбу? Ким эсептептир? Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калкынын көбү ислам динин туткандар деп эсептелет. Билимдүү, дүйнөлүк маданияттан кабары бар элдин катмары, жалпы коомчулук теократиялык мамлекетти каалабаса керек, бирок акыйкаттык менен адилеттикти бир гана халифаттан күткөндөр үчүн мындай аныктама майдай жагаары турулуу иш. Өзүн «накта ислам жолундагы чыныгы мусулман» деп эсептеген халифаттын жактоочулары адатта өз пропагандалык материалдарында билимдүү, такыба, сабаттуу, толеранттуу мусулмандарды жек көрөт жана «каапырларга сатылган, капиталисттердин малайлары» катары мүнөздөйт.

Ислам дини менен «исламчыл» аталган күчтөр даңазалаган «чыныгы исламдын» ортосунда айырма асман менен жердей, кайнаса каны кошулбайт. Адамзат цивилизациясынын өнүгүшүнө зор салым кошкон, дүйнөлүк прогресске себеп болгон илимий, техникалык ачылыштарды жасаган, адабиятта, архитектурада, көркөм өнөрдө не бир керемет шедеврлерди жараткан ажайып ислам маданияты, тарыхта «Мусулман Ренессансы» катары белгилүү алтын доорду башынан кечирген ислам дини менен азыркы кездеги түркүн түстүү экстремист, террорист уюмдар бурмалап алган «исламчыл идеологиянын» атынан башка эч жакындыгы жок. Илгери философ Бенедикт Спиноза «Какое сходство между Созвездием Пса и тем псом, бегущим по улице» деген сыяктуу эле.

Парадокс ушунда турат, террористтер менен сүйлөшпөйбүз, алар жок кылынууга жана жазаланууга тийиш деген державалар өзүлөрү террористтик деп тыюу салган согушкер уюмдар менен сүйлөшүп, макулдашып, алардын талабын угуп, шартнаама түзүп жатканы «халифат эле халифат» деп зар какшаган, көксөгөн, күсөгөндөргө шык, дем бербейт деп кепил болчу ким? Албетте шыктандырат. Террордук актылар башка максаттар менен катар күчтү демонстрациялоону, аны менен эсептешүүгө мажбурлоо-
ну, тарапташтарына шык берүүнү көздөй турганын адистер жакшы билет. Демек теократиялык мамлекетти көксөгөн «исламчыл» идео-логдор, аларды ээрчиме топторго дагы бир белги берилди. Албетте, бүткүл дүйнө масштабында халифат реалдуу келечек эмес, бирок бир өлкөнүн же аймактын масштабында «исламчыл» теократияны орнотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу бери болгондо кенебестик.

«Исламчыл» топтордун «исламга» негизделген мамлекетти курууга аракети күчөй турганын саясат талдоочулар терең анализге таянып, байма-бай белгилеп келишет. (https://www.ng.ru/ng_religii/2021-05-31/9_508_spring.html).

Борбордук Азия мамлекеттери, коомчулугу терең ойлонуп, дин, билим-тарбия берүү, идеология жаатында саясатын эски жана жаңы коркунучтарга жараша жүргүзүп, улуттук аң-сезимди, жарандык иденттүүлүктү бекемдөөгө арналган стратегиялык иштерди активдештириши абзел. Антпесек ыйык Куранды колунан келишинче бурмалап, шариятты өз кызыкчылыгы үчүн каалагандай калчаган, уюшкан кылмыш менен коюн-колтук алышкан, алар менен түп максаты бир күчтөр жана коомго, саясатка, экономикага таасири артып, колдоочуларынын катары улам арбып бараткан «исламчылар», «динаятчылар» түйшүгү арбын, багытын таппай кыйналган калктын, башын айландырып, жаштарыбызды халифатка сүйрөп кирип, кырмызы кызыл туунун ордуна «ислам» байрагын желбиретүү үчүн туташ үгүт ишинен реалдуу ишке өтпөйт, куралдуу жихадга чыкпайт деген кепилдик жок. Бул нерсени бекем ойлонуп, жакшылап аракеттенишибиз керек. Керек жана зарыл. Эрнест Хемингуэй айткандай, баарыбызга коңгуроо кагылып туру.

Сыргак ЭСЕНБЕК

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар