29-январда Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду. Анда Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарына киргизилген өзгөрүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
ТИМдин берген маалыматына ылайык, 2024-жылдын 1-октябрына карата Россия Федерациясында 376 907 кыргызстандык жаран миграциялык каттоодон өткөн. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондугу жана тил тоскоолдугунун жоктугу кыргыз жарандарынын Орусияга миграцияга көп баруусуна шарт түзүп келет. Ал жактагы кыргыз жарандарынын эң негизги көйгөйлөрү боюнча ТИМдин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров буларга токтолду:
“Россия жергесинде жүргөн биздин жарандарыбыздын негизги көйгөйлөрүнүн бири бул – жашап жаткан жери боюнча миграциялык каттоого тура албагандыгы жана эмгек же жарандык-укуктук келишим түзбөстөн мыйзамсыз жашап, иштөөсү. Бул боюнча элчиликтер биздин жарандарга кеңири маалымат таратып, сөзсүз түрдө иштеген жеринде эмгек же укуктук келишим түзүүлөрү керектигин түшүндүрүп келе жатабыз. Ошондой эле акыркы мезгилдерде кыргызстандык мигранттардын арасында кылмыштуулуктун саны өскөн. Алардын ичинен өзгөчө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар арбын”.
Буга чейин Орусиянын миграциялык саясатында саясий жана коомдук талаптар күчөтүлгөнү маалым. Орусияда чет элдиктердин жүрүүсүн көзөмөлдөө механизмдерин кеңейтүүгө жана күчөтүүгө багытталган ар кандай мыйзам долбоорлору демилгеленип келген. Натыйжада, 30дан ашык миграция чөйрөсүндө мыйзамдар кабыл алынган. Муну Бакыт Кадыров Орусия өзүнүн коопсуздугу жана антитеррордук коргонуу багытында көргөн чаралары экендигин билдирип, миграция чөйрөсүндөгү 4 негизги өзгөрүүгө токтолду.
- 2024-жылдын 30-декабрында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдарды Россия Федерациясынан чыгаруу режимин колдонулушу жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынган. Бул жарлык 1-январдан тартып күчүнө кирген. Ага ылайык, мыйзамсыз жүргөн жарандарга өз алдынча Орусиядан чыгып кетүүсүнө же 2025-жылдын 30-апрелине чейин укуктук статусун жөнгө салуу укугу берилген. “Чет өлкөлүк жарандар Орусиядан чыкпастан, өздөрү жашап жүргөн жериндеги аймактык Ички иштер министрлигине же Москва шаа-рындагы көп функционалдуу “Сахарово” миграциялык борборуна кайрылса болот. Мындан сырткары чет өлкөлүк жарандар өздөрүн легалдаштыруу үчүн биометрикалык идентификациядан жана медициналык кароодон өтүүсү керек жана карыздары болбоого тийиш”,- деди ТИМдин өкүлү.
Убактылуу туруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен кайрылган чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылбайт, бирок, административдик айып төлөйт. Ал эми укуктук статусун жөнгө салуу үчүн атайын органдарга кайрылбаган чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясынан чыгарылгандан кийин кайра кирүүгө тыюу салынат. Кара тизмеде тургандар аталган жарлыкка ылайык, өлкөдө укуктук статусун жөнгө сала албайт.
- 2024-жылдын ноябрында Орусияга кирип-чыгуу эрежелеринин жаңы шарттарын сыноо үчүн эксперимент жүргүзүү боюнча токтом кабыл алынган. Эксперименттин 1-этабы былтыркы жылдын декабрынан тартып, үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна чейин уланат. “1-этапта Орусиянын чек арасы аркылуу келген жарандардын биометрикалык жеке маалыматтары чогултулат. Бул азыркы учурда иштеп жатат. 2-этап 2025-жылдын 30-июнунан 2026-жылдын 30-июнуна чейин болот. Мында Орусияга кирүүдөн 72 саат мурун мамлекеттик кызматтардын мобилдик тиркемеси аркылуу катталып, эмне максат менен бара жатканын билдирүүгө тийиш. Экинчи этап боюнча биз Россия тарап менен тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз” – деди Кадыров.
- 2024-жылдын 28-декабрында Россия Федерациясындагы билим берүү жөнүндөгү федералдык мыйзамдын 67-78-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилген. Бул мыйзам ушул жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Анда чет өлкөлүк жарандарды билим берүү программаларына окууга кабыл алуу-да орус тилин билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн шартта гана ишке ашырылаары белгиленген. Аны менен катар чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагында болушунун мыйзамдуулугун ырасташы керек. “Чет өлкөлүк жарандын орус тилин билүү деңгээлин Россия федерация-сынын Агартуу министрлиги аныктайт. Орус тилин билүү боюнча баалоо критерийлерин жана тестирлөөдөн өткөндүгүн тастыктаган упайлардын минималдуу санын аныктоо Билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызмат тарабынан ишке ашырылат”-деп билдирди Консулдук департаменттин директорунун орун басары.
- 2024-жылдын август айында Орусия мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү өлкөдөн чыгаруу боюнча укуктук режимин белгилеген. Тийиштүү уруксат документтери жок чет элдиктер бир жылдын ичинде Орусия аймагында жүрүү мөөнөтү 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылган. Бул туруктуу же убактылуу жашоого уруксаты жок, эмгек же жарандык укуктук келишими жок чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулат. Андан сырткары мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу режими да киргизилди. Миграциялык каттоону жаңыртуу үчүн өлкөдөн чыгып-кирүү да жараксыз болот.
“Бул маселелер боюнча, Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз жарандарынын Орусияда жүрүү шарттарын жеңилдетүү маселесин көтөрүп, талкуулап келебиз. Эң негизги миграция чөйрөсүндөгү жаңы мыйзамдарды чыгаруу демилгелери ЕАЭБ жөнүндө келишимдин нормаларына карама-каршы келбеши керектигин айтып жатабыз”, – деп билдирди Бакыт Кадыров.
Айгерим Качкынбекова, “Кыргыз Туусу”